Уильям Шекспир

Википедия дан
Уильям Шекспир
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Уильям Шекспир
Туулган жылы: 23-апрель 1564-жыл
Каза болгон жылы: 1616-жыл
Туулган жери: Эйвонадагы Стратфорт шаарчасы, Англия
Каза болгон жери: Эйвонадагы Стратфорд шаарчасы, Англия
Ишмердүүлүгү: драматург, театр режиссеру, театр актеру

Уильям Шекспир (англ. William Shakespeare; 1564-жыл 26-апрель (чөмүлтүлгөн) — 1616-жыл 23-апрель) — англиялык акын, драматург жана актер болгон. Ал көпчүлүк тарабынан англис тилинде жазган улуу жазуучу жана дүйнөдөгү көрүнүктүү драматург катары кабыл алынган. Ал көп учурда Англиянын улуттук акыны жана "Эйвондун акыны" деп айтылат. Анын биздин күндөргө чейин сакталып калган эмгектерине, анын ичинде биргелешип аткарган иштери менен бирге 38 пьеса, 154 сонет, эки узун баяндоо ырлары жана башка автордугу такталбаган бир нече ыр саптары кирет. Анын пьесалары азыр колдонулган бардык чоң тилдерге которулуп, башка драматургдардын эмгектерине караганда көп жолу аткарылган.

Шекспир Уорикширдеги Стратфорд-апон-Эйвондо туулуп өскөн. 18 жашында Энн Хэтэуэй менен үйлөнүп, үч балалуу болушкан: Сүсанна жана эгиздер Хемнет менен Жудит. 1585-1592-жылдардын ортолорунда ал Лондондо актер, жазуучу жана Lord Chamberlain's Men (кийинчерээк King's Men катары белгилүү болгон) театралдык компаниясынын энчилеши катары ийгиликтүү карьера баштаган. Ал 1613-жылдардын тегерегинде, 49 жашында Стратфорддо ардактуу эс алууга чыгып, ал жерде үч жылдан кийин каза болгон. Шекспирдин жеке турмушунан бир нече жазмалар сакталып калып, алар акындын сырткы көрүнүшү, жыныстык өзгөчөлүгү, диний ишенимдери жана ага таандык делген чыгармалардын башка адамдар тарабынан жазылып-жазылбаганы сыяктуу суроолорго жем таштап, бир топ божомолдорду жараткан.

Шекспир көпчүлүк чыгармаларын 1589-1613-жылдары жараткан. Анын алгачкы пьесалары негизинен комедиялык жана тарыхый болуп, бул жанрларда жазылган эң мыкты эмгектердин айрымдары болуп саналат. Ал болжол менен 1608-жылга чейин негизинен трагедияларды жазган, анын ичинде "Гамлетти" (англ. Hamlet), "Отеллону" (англ. Othello), "Король Лирди" (англ. King Lear) жана "Макбетти" (англ. Macbeth) атоого болот. Алар англис тилинде жарык көргөн эң мыкты чыгармалардын айрымдары болуп эсептелет. Өмүрүнүн акыркы баскычында ал романтика катары белгилүү болгон трагикомедияларды жазып, башка драматургдар менен биргелешип иштеген.

Анын пьесаларынын көпчүлүгү көзү тирүү кезинде ар кандай сапаттагы басылыштар жана тактык менен басылып чыгырылган. Бирок 1623-жылы Шекспирдин эки досу жана актер кесиптеши Жон Хемингес менен Генри Конделл "Биринчи фолио" (англ. First Folio) аттуу бир топ жыйынтыктоочу китеп чыгарышкан. Шекспирдин көзү өтүп кеткенден кийин чыккан жыйнакка алар анын бардык чыгармаларын кошушуп, бир гана азыр Шекспирдики делген эки пьесаны киргизишкен эмес. Анын кириш сөзүндө Бен Жонсондун ыры тарабынан Шекспир "доордун эле эмес, бүткүл убакыттыкы" деп алдын ала билингендей даңазаланат.

20 жана 21-кылымдарда анын эмгектери кайра-кайра ылайыкташтырылып, илимий жана аткаруу чөйрөлөрүндөгү жаңы кыймылдар тарабынан кайрадан ачылып чыгып турган. Анын пьесалары өтө популярдуу бойдон калууда: ар дайым изилденип, аткарылып, дүйнө жүзүндө ар кандай маданий жана саясий контексттерде кайрадан чечмеленип келет.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уильям Шекспир 1564-жылы 26-апрелде Англиянын Стратфорд деген кичинекей шаарчасында кол өнөрчү соодагердин үй-бүлөсүндө туулган. Англиядагы мыкты мектептердин биринен окуп, андан латын жана байыркы грек тилин үйрөнүп, Грек-Рим дүйнөсүнүн тарыхы жана анын адабияты менен таанышкан. Бул алган билими кийинки чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизген.

Жергиликтүү грамматикалык мектепте билим алган соң, Стратфордду таштап, Лондондогу лорд Стрэндждин театр труппасына кирип, адегенде аткана тазалагыч, андан соң театр жумушчусу, кийин ушул театрдын драматургу, режиссеру жана артисти болуп эмгектенген.

Өзү иштеген театрда чыгармаларын өзү сахналаштырган.

Шекспир орто кылымдагы Кайра жаралуу доорунда (Ренессанс доору) жашап, жүздөгөн пьесаларды жазган, бирок ушул кезге чейин сакталып калганы кырктай чыгарма.

Ал 1616-жылы Эйвонадагы Стратфорддо каза болгон.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шекспирдин көзү тирүүсүндө 1601-жылы тартылган портрет.

Шекспир негизинен драматургия жанрында эмгектенген. Анын чыгармачылыгы үч учурга бөлүнөт:

  • пессимисттик;
  • оптимисттик;
  • романтикалык.

Пессимисттик мезгили “Отелло”, “Гамлет”, “Король Лир”, “Макбет”, “Кориолан” ж.б.у.с улуу трагедияларын камтып турат. Оптимисттик мезгилинде комедиялары, “Ромео жана Жулетта” сыяктуу трагедияларынын тартып, Ричарддар, Генрихтер жөнүндө драмалары кирет. Романткалык учуру “Бороон”, “Кышкы жомок”, “Цимбелин” сыяктуу жомокторун камтыйт.

Уильям Шекспир өзүнүн чыгыармачылык өмүрүндө 38 пьеса, 154 сонет жазган. Анын "Жаңылыштык комедиясы" (1592), "Азоого чалма" (1593), "Генрих Vl" (1590-1592), "Ричард III" (1593) пьесаларынын негизги идеясы - мамлекетти бириктирүү зарылдыгы жана феодалдык анархияны жоюу болгон. Шекспир дүйнөлүк драматургияда биринчи болуп пьесаларын миф, легендаларга аралаштырбай күрөшүүнү түздөн-түз реалисттик жол менен чагылдырган.

Экинчи мезгилдеги "Ричард III" (1593), "Ромео жана Джульетта" (1595), "Виндзордогу ойсокелер" (1598), "Он экинчи түн" (1600) драмаларында турмуштун карама-каршылыктарын терең сүрөттөп, алардын гармониялуу чечилишине ишеним көрсөтөт.

Шекспирдин чыгармачылыгынын үчүнчү мезгили (1600-1608) Англиянын коомдук-саясий турмушунун бурулуш жылдарына туш келет. Ушуга байланыштуу трагедиялык кырдаалдагы социалдык - философиялык чыгармалары - "Гамлет" (1601), "Король Лир" (1605), "Отелло" (1604 ), "Макмет" (1606), "Тифон Афинский" (1608) жана башкалары жаралган.

Уильям Шекспир реалист гуманист болгон. Ал өзүнүн чыгармачылыгында зор көркөмдүк күч менен пайдакерчилик, арамдык, жүзүкаралык, адамдын тагдырына зыянкечтик кылуу сыяктуу көрүнүштөрдүн бетин ачкан. Анын чыгармаларындагы айрым образдар аркылуу көрсөтүлгөн. Ак менен каранын, чындык менен жалгандын, адалдык менен арамдыктын ортосундагы күрөш азыркы күндө да социалдык мааниге ээ болуп, өзүнүн күчүн жогото элек.

Драматургдун пьесалары эчактан эле Мекенинин чегинен өтүп, дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен элдеринин түгөнбөгөн кенчи болуп калды. Көптөгөн чыгармаларын кыргыз тилине которуп, сахнага коюу жагы 30-жылдардын ортосунан башталат. Анын гениалдуу чыгармаларын кыргыз элине жеткирүүдө кыргыздын атактуу акыны А. Осмоновдун жана жазуучу К. Эшмамбетовдун эмгеги зор. К. Эшмамбетов Шекспирдин "Гамлет" трагедиясын 1934-жылы которуп, 1937-жылы басмадан өзүнчө китеп кылып чыгарган. 1935-1940-жылдары Москвадагы театр институтунан окуган жаш кыргыз актерлору Москвада даярдалган репертуар менен келишип, 1941-жылы кыргыз драма театрында Шекспирдин "Король Лир" трагедиясын биринчи жолу сахнага алып чыгышкан. 1943-жылы А. Осмоновдун котормосундагы "Он экинчи түн" комедиясын О. Сарбагышев сахнага койгон. 1950-жылдардын башында Кыргыз драма театры атактуу "Отелло" трагедиясын коюуну ийгиликтүү ишке ашырган. Ал эми 1964-жылы ушул эле театрдын сахнасында "Король Лир" трагедиясы коюлган. Бул спектакль 1965-жылы Москвада Кремль театрында көрсөтүлгөн. Режиссеру Жалил Абдыкадыров болгон.

Өмүрүнүн акыркы мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1610-жылдары Шекспир театр ишин таштап, Стратфордго биротоло көчүп кетет да өмүрүнүн акыркы жылдарында үй-бүлөсү менен үйүндө тынч жашап өтөт. Ал 1616-жылы дүйнөдөн кайткан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шекспир В. Гамлет. -Ф. , Кыргызстан, 1983. -22б. ;
  • Ричард III. Трагедия/Которгон:Ж. Иманкулов. -Ф. ;Кыргызстан, 1982. -152 б. ;
  • Сонеттер/Котор. :К. А. Аширов-Ф. :Кыргызстан, -1974. -178 б. ;
  • Король Лир, Виндзордогу шок курбу. Ромео менен Джульетта/Котор:Эшмамбетов, К. Маликов. -Ф. :Кыргызстан, 1969. -315 б. ;
  • Отелло:Ыр менен жазылган трагедия/котор. :А. Осмонов. -Ф. ;Кыргызстан, 1949. -152 б.
  • Тургунов К. Трагедиянын көркөм күнү:Көркөм сабак//Фрунзе шамы. -1990. -2-авг. ;
  • Вильм Шекспир/Өмүр баян/ //Жаш ленинчи. -1989. -№4. -Б. 22. ;Шекспир бизден экинчи родинасын тапты//Сов. Кыргызстан. -1964. -8 апр. ;
  • Гений драматург//Ала-Тоо. -1964. Уильям Шекспир:Библиографиялык эскерткич/Кырг. ССР В. И. Ленин атын. Мамле. к-кана сунуш кылган библиогр. бөлүмү. Түз. :Качегулова Д. -Ф. , 1988. -Б. 5.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]