Ромео жана Жулетта

Википедия дан
"Ромео жана Жулетта" (1597).

"Ромео жана Жулетта" (англ. Romeo and Juliet) — Уилям Шекспир өз карьерасынын башталышында жазган трагедиялык чыгармасы[1]. Анда бирин-бири сүйгөн жаштардын өлүмү алардын айыгышкан үй-бүлөлөрүн бириктиргени жөнүндө баяндалат. Бул Шекспирдин көзү тирүү кезинде Гамлет менен катар эң таанымал жана эң көп коюлган спектаклдеринин бири болгон. Бүгүнкү күндө башкы каармандар жаш сүйүшкөн түгөйлөрдүн баштапкы үлгүсү катары каралат.

"Ромео жана Жулетта" тамыры байыркы доорго чейин жайылган сүйүү трагедиясы жөнүндөгү салттык чыгармаларга таандык. Мазмуну 1562-жылы Артур Брук тарабынан которулган "Ромеус менен Жулеттанын кайгылуу окуясы" аттуу италян жомогуна жана 1567-жылы Уилям Пэйнтердин "Ырахат сарайы" аттуу прозасына негизделген. Шекспир жогорудагы эки эмгектен көп нерсе алган болсо да чыгарманын мазмунун өз алдынча Меркуцио жана Парис сыяктуу кошумча образдарды кийирүү менен өнүктүргөн. 1591 жана 1595-жылдардын ортосунда жазылган деп айтылып келген спектакль биринчи жолу кварто түрүндө 1597-жылы басылып чыгарылган. Биринчи кварто версиясынын сапаты начар болгону менен кийинки басылыштары Шекспирдин чыгармаларынын түп нускасына жакындаштырылып оңдолгон.

Шекспирдин поэтикалык көркөм түзүлүштү колдонгону (мисалы, чыңалууну көбөйтүш үчүн комедиядан трагедияга өтүп кетиши, кичинекей каармандарды чоңойтушу жана окуяны кооздош үчүн окуянын ичиндеги окуяларды пайдаланышы) анын алгачкы драмалык чеберчилиги катары мактоого алынган. Спектакль ар кандай поэтикалык формаларды ар түрдүү каармандарга айлантып, кээде каармандын өнүгүшү менен формалар да өзгөрүп турат. Мисалы, Ромео спектаклдин ар сонетинде бара-бара билгич болуп өсөт.

"Ромео жана Жулетта" сахнага, тасмага, музыкалык жана опералык чыгармаларга көп жолу ылайыкташылган. Англиядагы реставрация учурунда чыгарма Уилям Давенант тарабынан жандандырылып, кайра каралып чыккан. Дэвид Гарриктин 18-кылымдагы версиясы да анын бир нече сахнасын өзгөртүп, ошол убакта адепсиз деп табылган бөлүктөрү алынып салынган. Ал эми Георг Бенданын "Ромео жана Жулеттасында" көптөгөн окуялар кошулган эмес жана аягын бактылуу кылып бүтүргөн. 19-кылымдагы аткаруулар, анын ичинде Шарлотта Кушмандын эмгеги баштапкы текстти кайра калыбына келтирип, көбүрөөк чындыкка басым жасалган. Жон Гилгуддун 1935-жылдагы версиясы Шекспирдин текстине абдан жакын болгон жана драманы байытыш үчүн Элизавета костюмдары менен сахнага бөлүү колдонулган. 20 жана 21-кылымда да спектакль ар кандай версияларга ылайыкташтырылган. Алардын ичинде Жорж Кукордун 1935-жылдагы "Ромео жана Жулетта" тасмасы, Франко Зеффиреллинин 1968-жылдагы "Ромео жана Жулетта" версиясы жана Баз Лурмандын 1996-жылы MTVден эргүү алып тарткан "Ромео + Жулетта" тасмасы бар.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Halio, Jay (1998). Romeo and Juliet: A Guide to the Play. Westport: Greenwood Press. ISBN 0-313-30089-5.