Данакер ордени

Википедия дан

«Данакер» ордениКыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы. 1999-жылы 12-ноябрьда Кыргызстандын Президентинин буйругу менен бекитилген.

«Данакер» ордени
Order Danaker.jpg
Өлкө

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Тип

Орден

Кимге ыйгарылат

жарандарга

Статус

ыйгарылат

Статистика
Түзүлгөн күн

1999-жыл 24-ноябрь

Биринчи ыйгарылган

2000-жыл 26-август

Ордендин статуту[оңдоо | булагын оңдоо]

«Данакер» ордени менен элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон ири салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкө илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча жигердүү ишмердиги үчүн сыйланышат.

«Данакер» ордени төштүн сол тарабына, «Курманжан Датка» орденинен кийин тагылат.

Ордендин сүрөттөлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

«Данакер» ордени күмүштөн жасалат жана диаметри 42 мм болгон, бирдей чыгып турган кырк шоолалуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын шоолаларына алтын жалатылган.

Ордендин алдыңкы бетинде көк тегерек элементтери менен кыргыздын улуттук оюмунун рельефтик сүрөтү бар, ал ысык эмаль методу менен жасалат. Айлананын диаметри 30 мм. Айлананын периметринде жылдыздын шоолалары менен айкалышкан 40 жарым сфера бар.

Айлананын ортосуна диаметри 16 мм болгон каптама жайгашкан, ал ысык эмаль методу менен жасалган көк эмаль менен капталган, анда жер шаарынын меридиандарынын символун билдирген жарым айлана түрүндө ичке тосмо сызыктар бар. Каптаманын борборунда рельефтик «Данакер» жазуусу жайгашкан. Жазуунун үстү жана асты жагында айлананын вертикаль огу боюнча рельефтик түрдөгү жылдыздар жайгашкан. Каптама күмүштөн жасалат. Каптаманын кырларына, ичке тосмо сызыктарга жана жылдыздарга алтын жалатылган.

«Данакер» ордени көзөнөк жана звено аркылуу өлчөмү 28 мм х 42 мм болгон тик бурчтуу металл колодкага бириктирилет. Ал өлчөмү 33 мм жана 23 мм болгон көк муар тасмасын керүү үчүн негиз болот.

Орден менен сыйланган инсандар[оңдоо | булагын оңдоо]

«Данакер» ордени менен төмөнкү инсандар сыйланган