Мазмунга өтүү

Кыргызстан улуттук футбол курамасы

Википедия — ачык энциклопедия
Кыргызстан
Эн белгиси
Лакап аттары Ак шумкарлар
Ала-Тоо жоокерлери
Тоо уулдары
Конфедерациясы АФК (Азия)
ФедерациясыКыргыз футбол биримдиги
Башкы
машыктыруучусу
Хорватия Роберт Просинечки
Капитаны Кыргызстан Валерий Кичин
Эң көп
оюн саны
Кыргызстан Кайрат Жыргалбек уулу (84)
Мыкты
бомбардири
Кыргызстан Мирлан Мурзаев (16)
Үй стадиону Дөлөн Өмүрзаков стадиону
ФИФА рейтинги 103 1 (19- январь 2026)[1]
ФИФА коду KGZ
Форма
Форма
Негизги
формасы
Форма
Форма
Резервдик
формасы
Биринчи оюну
Өзбекстан Өзбекстан 3:0 Кыргызстан Кыргызстан
(Ташкент, Өзбекстан; 23-август 1992)
Эң ири жеңиши
Кыргызстан Кыргызстан 6:0 Малдивидер Мальдивдер
(Тегеран, Иран; 13-июнь 1997)
Эң ири жеңилүүсү
Иран Иран 7:0 Кыргызстан Кыргызстан
(Дамаск, Сирия; 4-июнь 1997)
Азия кубогу
Катышуусу 2 (биринчи жолу 2019-жылы)
Жетишкендиктери 1/8 финал (2019)

Кыргызстандын улуттук футбол курамасы — футбол боюнча эл аралык мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу команда. Өлкөнүн башкы башкаруучу футбол органы болгон Кыргыз футбол биримдиги тарабынан башкарылат жана көзөмөлдөнөт. Үйдөгү оюндарын Бишкек шаарында жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрөт.

Кураманын башкы машыктыруучусу — хорватиялык адис Роберт Просинечки, капитаны — «Барс» футбол клубунун коргоочусу Валерий Кичин.

ФИФА рейтингинин 2026-жылдын 19-январындагы көрсөткүчү боюнча команда 103-орунда турат[1]. Эң жогорку көрсөткүчүнө 2018-жылдын апрель айында жетип, 75-орунду ээлеген, ал эми эң төмөнкү көрсөткүчү 2013-жылдын март айында катталып, анда 201-орунда турган.

Кыргызстан курамасы Дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына чыгып көрө элек, ал эми АФК тарабынан уюштурулган Азия Кубогуна биринчи жолу 2019-жылы катышып, 1/8 финал тайпасына чейин жеткен. Ошондон кийин катары менен үч Азия Кубогуна катышкан.

Алгачкы жылдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1991-жылы Кеңештер Бирлиги кулаганга чейин кыргыз футболчулары КСРБнин улуттук командасынын курамында ойношкон. Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендүүлүк алгандан кийин улуттук курама команда түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы (азыр Кыргыз футбол биримдиги деп кайра аталган) 1992-жылы түзүлүп, 1994-жылы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) толук кандуу мүчөсү болгон. Кыргызстандын улуттук курама командасы алгачкы оюнун 1992-жылдын 23-августунда Ташкент шаарында Өзбекстанга каршы Борбор Азия Кубогу алкагында өткөргөн. Бул беттеш 3:0 эсеби менен Өзбекстандын жеңиши менен аяктап, Кыргызстан бул мелдешти төртүнчү орунда жыйынтыктаган.

1994-жылы команда Өзбекстандын Эгемендүүлүк кубогуна катышып, акыркы орунду ээлеген. 1995-жылы улуттук курама бир да оюн өткөргөн эмес. 1996-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарында алгачкы жолу катышып, экинчи орунду ээлеп, кийинки баскычка чыга алган эмес. 1997-жылы Кыргызстан 1998 Дүйнө чемпионатынын тандоо мелдешине катышып, тайпасында экинчи орунду ээлегенине карабастан, биринчи айлампада эле мелдештен чыгып калган.

Кризис мезгили

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1999-жылы Кыргызстан 2000 Азия Кубогунун тандоо оюндарында тайпасында акыркы орунду ээлеген. Ошол эле жылы команда 2000-жылкы Түштүк-Батыш Азия футбол федерациясынын (WAFF) чемпионатына катышып, анда да акыркы орун менен чектелген. 2001-жылы Кыргызстан 2002 Дүйнө чемпионатынын тандоо мелдештерине катышып, тайпасында үчүнчү орунду ээлеп, биринчи айлампада мелдештен четтетилген.

2002-жылы улуттук курама бир да оюн өткөргөн эмес. 2003-жылы 2004 Азия Кубогунун тандоо оюндарында тайпасында экинчи орунду ээлеп, финалдык баскычка чыга алган эмес. Ошол эле жылы 2006 Дүйнө чемпионатынын тандоо мелдешинин биринчи айлампасына катышып, Пакистан курама командасын эки беттеште тең утуп, кийинки баскычка жолдомо алган. 2004-жылы тандоонун экинчи баскычына катышып, тайпасында төртүнчү орунду ээлеген.

2005-жылы улуттук курама команда бир да беттеш өткөргөн эмес.

2006-жылы курама Азиядагы рейтинги эң аз командалар үчүн АФК тарабынан уюштурулган жаңы мелдеш — АФК Чакырык Кубогуна катышкан. Мелдеш Бангладеште өткөн. Кыргызстан өз тайпасында биринчи орунду ээлеп, кийинки баскычка чыккан (тайпада Тажикстан, Пакистан жана Макао курама командалары болгон). Чейрек финалда Палестина курама командасын 1:0 эсеби менен жеңип, ал эми жарым финалда Тажикстан курама командасына 0:2 эсеби менен утулган. 2006-жылы жалпысынан 6 беттеш өткөрүлүп, алардын жарымында жеңишке жетип, жарымында утулган.

Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФА рейтингинин өтө төмөн болушуна байланыштуу Азиядагы дагы 15 алсыз курама команда менен бирге 2007-жылкы Азия Кубогунун тандоо турниринде катышкан эмес. 2007-жылдын январь айында улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп кайрадан Нематжан Закиров дайындалган. 2007-жылы курама Казакстанда өткөн АлмаТВ Кубогунда катышып, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан курама командаларына каршы болгон үч беттештин баарында тең утулган. Ошол эле жылы команда Индияда өткөн 2007 Неру Кубогунда катышып, тайпадан чыга албай, беш команданын ичинен үчүнчү орунду ээлеген. Тайпадагы атаандаштар Сирия, Индия, Бангладеш жана Камбоджа курама командалары болгон. Ошол жылы Кыргызстан 2010-жылкы Түштүк-Африка Республикасында өткөн Дүйнө чемпионатынын тандоо мелдештерине да катышып, алдын ала биринчи айлампада Иордания курама командасына утулуп, мелдештен чыгып калган. Жалпысынан 2007-жылы улуттук курама 9 беттеш өткөрүп, 3 жеңишке жетип, 6 жолу утулган.

2008-жылы улуттук курама 2008 АФК Чакырык Кубогунун тандоо турниринде катышкан. Бирок Кыргызстан бул мелдешке жолдомо ала албай, Афганистан жана Бангладеш курама командалары менен болгон тайпада экинчи орунду ээлеген. 2008-жылы улуттук курама болгону 3 беттеш өткөрүп, бирөөндө жеңишке жетип, калган экөөсүндө утулган. Ошол жылдын декабрь айында Нематжан Закиров башкы машыктыруучу кызматынан бошотулган.

2009-жылдын январь айында улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп Анарбек Омромбеков дайындалып, ал бул кызматты 2011-жылдын май айына чейин аркалаган. Кыргызстан экинчи ирет Индияда өткөн 2009 Неру Кубогунда катышып, мурункудай эле тайпадан чыга албай, беш команданын ичинен үчүнчү орунду ээлеген. Тайпадагы атаандаштар Сирия, Индия, Ливан жана Шри-Ланка курама командалары болгон. Ошол эле жылы Кыргызстан 2019 АФК Чакырык Кубогунун тандоо турниринде катышып, бул жолу финалдык баскычка жолдомо алууга жетишкен. Жалпысынан 2009-жылы улуттук курама 7 беттеш өткөрүп, 1 жеңишке жетип, 3 жолу тең чыгып, 3 жолу утулган.

2010-жылы Кыргызстан курама командасы Шри-Ланкада өткөн 2010 АФК Чакырык Кубогунда катышып, В тайпасына Түндүк Корея, Түркмөнстан жана Индия курама командалары менен бирге түшүп, үчүнчү орунду ээлеген. ФИФА рейтингинин өтө төмөн болушуна байланыштуу Кыргызстандын улуттук курама командасы 2011 Азия Кубогунун тандоо турниринде катышкан эмес.

2011-жылы курама 2012 АФК Чакырык Кубогунун тандоо турниринде катышкан. Мальдив, Тажикстан жана Камбоджа курама командалары менен бир тайпага түшүп, мелдештин финалдык баскычына жолдомо ала алган эмес. 2011-жылдын май айында башкы машыктыруучу болуп Анарбек Омромбековдун ордуна Мурат Жумакеев дайындалган. Ошол эле жылы Кыргызстан 2014-жылкы Бразилияда өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо мелдештерине да катышкан. Команда экинчи айлампада Өзбекстан курама командасына утулуп, мелдештен чыккан. 2011-жылы улуттук курама болгону 5 беттеш өткөрүп, алардын 4өөндө утулуп, 1 оюнда жеңишке жеткен.

2012-жылы Кыргызстандын улуттук курама командасы болгону бир гана беттеш өткөргөн — Казакстан курама командасына каршы жолдоштук оюнда 2:5 эсеби менен утулган. Ошол эле жылдын сентябрь айында Мурат Жумакеев башкы машыктыруучу кызматынан бошотулуп, анын ордуна Кыргызстандын курама командасына тарыхта алгач ирет чет өлкөлүк адис — орусиялык машыктыруучу Сергей Дворянков дайындалган.

2013-жылы Кыргызстан 2014 АФК Чакырык Кубогунун кезектеги тандоо турниринде катышкан. Тажикстан, Пакистан жана Макао курама командалары менен бир тайпага түшүп, өз тайпасында биринчи орунду ээлеп, турнирдин финалдык баскычына жолдомо алган. Ошол эле жылы улуттук курама Эстония, Беларусь, Молдова, Азербайжан жана Индонезия курама командаларына каршы беш жолдоштук беттеш өткөргөн. Жалпысынан 2013-жылы курама 8 оюн өткөрүп, 3 жеңишке жетип, 2 жолу тең чыгып, 3 жолу утулган. ФИФА рейтингинин төмөндүгүнө байланыштуу Кыргызстан 2015 Азия Кубогунун тандоо турниринде да катышкан эмес.

2014-жылы Кыргызстан Мальдив аралдарында өткөн 2014 АФК Чакырык Кубогунда А тайпасына түшкөн Палестина, Мальдив жана Мьянма курама командалары менен атаандашып, өз тайпасында үчүнчү орунду ээлеген. Ошол жылы улуттук курама жалпысынан 9 беттеш өткөрүп, 1 жеңишке жетип, 2 жолу тең чыгып, 6 жолу утулган. 2014-жылдын май айында Сергей Дворянков башкы машыктыруучу кызматынан бошотулуп, анын ордуна убактылуу Мирлан Эшенов дайындалган. Ошол эле жылдын октябрь айында башкы машыктыруучу болуп орусиялык адис Александр Крестинин дайындалып, 2023-жылына чейин иштеген.

Өнүгүүнүн башталышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылы Кыргызстандын улуттук курама командасы Александр Крестининдин жетекчилиги алдында Россияда өтө турган 2018 Дүйнө чемпионатынын тандоо турниринде катышкан. Курама экинчи айлампада токтоп, өз тайпасында беш команданын ичинен үчүнчү орунду ээлеген. Тайпадагы атаандаштар Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курама командалары болгон. Тайпада үчүнчү орунду ээлегенинин аркасында Кыргызстан БАЭде өтө турган 2019 Азия Кубогунун тандоо турниринин финалдык айлампасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

2016-жылы улуттук курама Филиппиндер (эки беттеш), Ливан, Түркмөнстан жана Бахрейн курама командаларына каршы 5 жолдоштук оюн өткөргөн. Жалпысынан 2016-жылы 5 беттеш өткөрүлүп, 1 жеңишке жетип, 2 жолу тең чыгып, 2 жолу утулган.

2017-жылдын март айынан 2018-жылдын март айына чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы 2019-жылкы Азия Кубогунун тандоо турниринин финалдык айлампасына катышкан. 2018-жылдын март айында Кыргызстан өз тайпасында биринчи орунду ээлеп, өз тарыхында биринчи жолу Азия Кубогуна жолдомо алган. Тандоо тайпасындагы атаандаштар Индия, Мьянма жана Макао курама командалары болгон. 2017-жылдын аягында Кыргызстан Индонезияда өткөн эл аралык 2017 Цунами Солидардуулугу Кубогунда катышып, мелдештин жеңүүчүсү болгон.

2018-жылы улуттук курама 2019 Азия Кубогуна даярдык көрүү максатында бир катар жолдоштук беттештерди өткөргөн. Чучукулак тартуунун жыйынтыгында Кыргызстан С тайпасына түшүп, анда Корея Республикасы, Кытай жана Филиппиндер курама командалары менен атаандаш болгон.

Азия Кубогундагы дебют

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2019 Азия Кубогундагы Кыргызстандын Филиппиндерге каршы старттык курамы

2019-жылы январь айында Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн Азия Кубогунда катышуусун баштады. Алгачкы оюнунда Кытай менен беттешкен. Азия Кубокторундагы Кыргызстандын биринчи голун Ахлетдин Исраилов киргизген, бирок «Ак шумкар» 1:2 эсеби менен жеңилип калган. Экинчи оюнун Корея Республикасынын курамасы менен ойноп, жакшы оюн көрсөткөн. Жалгыз голду азыркы Бавария Мүнхендин коргоочусу Ким Мин Жэден өткөрүп жиберген дагы, 0:1 эсеп менен утулган. Акыркы турдун алкагында Кыргызстан менен Филиппиндер бирдей нөл упай менен келе жаткан. Бетме-бет оюнда кыргызстандык чабуулчу Виталий Люкс хет-трик (үч гол) жасап, Кыргыз курамасы 3:1 эсеби менен жеңген. Үчүнчү орунду ээлеген курамалардын рейтингинде Кыргызстан экинчи орунду ээлеп, дебюттук мелдешинде плей-офф баскычына чыккан. 1/8 финалда мелдештин уюштуруучусу БАЭ курамасына чыккан. Кыргызстандык оюнчулар татыктуу оюн көрсөтүшүп, 2:2 эсеби менен оюнду кошумча убакытка которушкан. 103-минутада кытайлык калыс Фу Минг «Ак шумкардын» дарбазасына талаш пенальти белгилеген дагы, БАЭ үчүнчү голун киргизген. Калган убакытта Кыргызстан гол киргизгенге жетишпей, 2:3 эсеби менен утулуп, мелдештен четтетилген. Кыргызстандын күйөрмандары ушул жетишкендикке сыймыктанышып, соцтармактарда[2] жана Бишкектеги Ала-Тоо аянтында футболчуларга ыраазычылык билдиришти[3].

Кийинки жылдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол эле жылдын күзүндө 2022 Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары башталган. Кыргызстан F тайпасына Жапония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия курамалары менен түшкөн. 10-октябрь Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Мьянма менен беттеште «Ак шумкар» 7:0 эсеби менен тарыхындагы эң ири жеңишке жеткен. Жарым коргоочу Эдгар Бернхардт хет-трик жасаган.

2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу курама бир дагы оюн өткөргөн эмес.

2021-жылдын 11-июнунда кайрадан Мьянма менен оюнда Кыргызстан эң ири жеңишин кайталаган — 8:1 эсеби менен жеңген. Кыргызстан курамасы өзүнүн тайпасында 10 упай менен үчүнчү орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатына чыкпай калган, бирок 2023 Азия кубогунун тандоо оюндарынын үчүнчү раундуна жолдомо алган. Ошол эле жылы Кыргызстан 2021 Үч улут кубогун Бишкек шаарында кабыл алган. Палестина жана Бангладеш курамаларын жеңип, мелдештин жеңүүчүсү болуп чыккан.

2022-жылы Азия Кубогунун тандоо баскычынын үчүнчү раундунда Сингапур жана Мьянма курамаларын жеңип жана Тажикстан курамасы менен тең чыгып, F тайпасында экинчи орунду ээлеп, Кыргызстан курамасы 2023 Азия Кубогуна экинчи жолу жолдомо алган.

2023-жылдын башында Индиянын Импхал шаарында өткөн Үч улут кубогунда катышып, Индияга жеңилип жана Мьянма менен тең чыгып, акыркы орунду ээлеген. Ошол эле жылдын жайында алгачкы жолу өткөн БАФФ Улуттар Кубогунда Кыргызстан B тайпасында экинчи орунду ээлеп, үчүнчү орунду аныктаган оюнда Оманга 0:1 эсеби менен утулуп, мелдеште төртүнчү орун менен жыйынтыктаган. Жылдын аягында башталып жана 2025-жылдын июнь айына чейин 2026 Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары өткөн. Тандоонун экинчи раундунда Кыргызстан D тайпасында Оман, Малайзия жана Кытай Тайбэйи менен ойноп, 11 упай менен экинчи орунду ээлеп, үчүнчү раундка өткөн жана 2027 Азия Кубогуна жолдомо алган.

2024-жылдын январь айында Катарда 2023 Азия Кубогу өткөрүлдү. Кыргызстан F тайпасына Сауд Арабия, Таиланд жана Оман курамалары менен чогу түшкөн. Таиланд менен Сауд Арабиясына «Ак шумкар» бирдей 0:2 менен утулуп, Оман менен тең чыккан. Үч оюнда бир гол киргизип, курама бир упай менен акыркы орунда жайгашып, мелдештеги катышуусун жыйынтыктаган.

2026 Дүйнө чемпионатынын тандоо баскычынын үчүнчү раундунда Кыргызстан A тайпасында Иран, Өзбекстан, Катар, БАЭ жана Түндүк Корея курамалары менен беттешкен. 2025-жылдын март айында Бишкекте өткөн Катар менен оюнда Кыргызстан 3:1 эсеби менен Азия чемпионун жеңген. Акырында «Ак шумкар» өз тайпасында 8 упай менен бешинчи орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатына чыкпай калган.

Эл аралык мелдештерде катышуусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнө чемпионаты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Уругвай 1930 — Италия 1990Катышкан эмес: Кеңештер Бирлигинин курамында болгон
Америка Кошмо Штаттары 1994ФИФА мүчөсү эмес
Франция 1998Тандоодон өткөн эмес: Биринчи раунд, 2-тайпасында 2-орун
Корея РеспубликасыЖапония 2002Тандоодон өткөн эмес: Биринчи раунд, 4-тайпасында 3-орун
Германия 2006Тандоодон өткөн эмес: Экинчи раунд, 6-тайпасында 4-орун
Түштүк-Африка Республикасы 2010Тандоодон өткөн эмес: Биринчи раундда жеңилүү
Бразилия 2014Тандоодон өткөн эмес: Экинчи раундда жеңилүү
Орусия 2018Тандоодон өткөн эмес: Экинчи раунд, B тайпасында 3-орун
Катар 2022Тандоодон өткөн эмес: Экинчи раунд, F тайпасында 3-орун
Америка Кошмо ШтаттарыКанадаМексика 2026Тандоодон өткөн эмес: Үчүнчү раунд, A тайпасында 5-орун
Гонконг 1956 — Катар 1988Катышкан эмес: Кеңештер Бирлигинин курамында болгон
Жапония 1992АФК мүчөсү эмес
Бириккен Араб Эмирликтери 1996Тандоодон өткөн эмес: 9-тайпада 2-орун
Ливан 2000Тандоодон өткөн эмес: 1-тайпада 4-орун
Кытай 2004Тандоодон өткөн эмес: Биринчи раунд, C тайпасында 2-орун
ИндонезияМалайзияТаиландВьетнам 2007Тандоого катышкан эмес
Катар 2011Тандоого катышкан эмес
Австралия 2015Тандоого катышкан эмес
Бириккен Араб Эмирликтери 20191/8 финал
Катар 2023Тайпалык баскыч: F тайпасында 4-орун
Сауд Арабиясы 2027Жолдомо алды

Чакырык Кубогу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бангладеш 20063-орун Үчүнчү орун
Индия 2008Тандоодон өткөн эмес: С тайпасында 2-орун
Шри-Ланка 2010Тайпалык баскыч: B тайпасында 3-орун
Непал 2012Тандоодон өткөн эмес: C тайпасында 3-орун
Мальдив 2014Тайпалык баскыч: A тайпасында 3-орун

Акыркы көрсөткүчтөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
20-март ДЧ-2026 тандоосу 3Р Өзбекстан  1:0  Кыргызстан Ташкент, Өзбекстан
22:00 UTC+6
  • Алиджанов Goal 40'
(отчёт) Стадион: «Бунёдкор»
Көрүүчүлөр: 32 458
Калыс: Жапония Юсукэ Араки
25-март ДЧ-2026 тандоосу 3Р Кыргызстан  3:1  Катар Бишкек, Кыргызстан
19:45 UTC+6 (отчёт)
  • Мендис Goal 52'
Стадион: Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиону
Көрүүчүлөр: 12 325
Калыс: Малайзия Назми Насаруддин
5-июнь ДЧ-2026 тандоосу 3Р КЭДР  2:2  Кыргызстан Эр-Рияд, Сауд Арабиясы
00:15 UTC+6
  • Пак Goal 44'
  • Ри Goal 52'
(отчёт)
Стадион: «Принц Фейсал ибн Фахд»
Көрүүчүлөр: 100
Калыс: Иордания Адхам Махадмех
Эскертүү: КЭДР курамасы бардык оюндарын нейтралдуу стадиондо кабыл алат. 2025-жылдын 17-апрелинде КЭДР футбол ассоциациясы Кыргызстан менен оюну Эр-Рияд шаарында өтөрүн билдирди[4].
10-июнь ДЧ-2026 тандоосу 3Р Кыргызстан  1:1  БАЭ Бишкек, Кыргызстан
19:45 UTC+6 (отчёт)
  • Абдалла Goal 30'
Стадион: Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиону
Көрүүчүлөр: 12 258
Калыс: Кувейт Ахмад Аль-Али
30-август БАФФ улуттар кубогу Кыргызстан  1:1  Түркмөнстан Ташкент, Өзбекстан
18:00 UTC+6
(отчёт)
  • Жумаев Goal 44'
Стадион: «Жар»
Калыс: Тажикстан Саижон Зайниддинов
2-сентябрь БАФФ улуттар кубогу Оман  2:1  Кыргызстан Ташкент, Өзбекстан
18:00 UTC+6
  • Ас-Сабхи Goal 90+1', 90+5'
(отчёт) Стадион: «Жар»
Калыс: Иран Хассан Акрами
5-сентябрь БАФФ улуттар кубогу Өзбекстан  4:0  Кыргызстан Ташкент, Өзбекстан
20:30 UTC+6
  • Мозговой Goal 20'
  • Шукуров Goal 67' (пен)
  • Сергеев Goal 82'
  • Тургунбоев Goal 90+3'
(отчёт) Стадион: Олимпиялык
Калыс: Тажикстан Садулло Гулмуроди

Башкы машыктыруучулар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Машыктыруучу -баштап -чейин
Кыргызстан Меклис Кошалиев Август 1992 Февраль 1996
Кыргызстан Евгений Новиков Июнь 1997 Февраль 2001
Кыргызстан Нематжан Закиров Март 2003 Март 2006
Кыргызстан Борис Подкорытов Март 2006 Декабрь 2006
Кыргызстан Нематжан Закиров Январь 2007 Декабрь 2008
Кыргызстан Анарбек Ормомбеков Январь 2009 Май 2011
Кыргызстан Мурат Жумакеев Май 2011 Сентябрь 2012
Орусия Сергей Дворянков Сентябрь 2012 Май 2014
Кыргызстан Мирлан Эшенов Май 2014 Октябрь 2014
Орусия Александр Крестинин Октябрь 2014 Апрель 2023
Словакия Штефан Таркович Апрель 2023 Июнь 2024
Орусия Максим Лисицын Июнь 2024 Июль 2025
Кыргызстан Урмат Абдукаимов (м.а.) Июль 2025 Декабрь 2025
Хорватия Роберт Просинечки Декабрь 2025 а.у.