Мазмунга өтүү

Максим Лисицын

Википедия дан
Портал:Футбол
Портал:Футбол
Максим Лисицын
Жалпы маалымат
Толук аты-жөнү Лисицын Максим Павлович
Төрөлгөн датасы 11 -январь 1978(1978-01-11) (46 жаш)
Норильск, Краснояр крайы, РСФСР, СССР
Жарандыгы  Орусия
Бою 182 см
Позициясы коргоочу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Кыргызстан Кыргызстан
Кыргызстан Дордой
Кызматы Башкы машыктыруучу
Карьерасы
Жаштар клубдары
1995 Орусия Черноморец
Клубдук карьерасы*
1995—1996 Орусия Кубань 0 (0)
1995—1996  Орусия Кубань-2 2 (0)
1997—1998 Орусия Экспо-Центр ышк.
2001—2002 Орусия Русь (Кореновск) ышк.
Машыктыруучулук карьерасы
2001—2016 Орусия Краснодар ФА
2015—2016 Орусия Сочи-2
2016—2018 Орусия Кубань
2018—2019 Орусия Урожай
2019 Орусия Биолог-Новокубанск
2020—2023 Кыргызстан Илбирс
2022—2023 Кыргызстан Кыргызстан U-20
2023—а.у Кыргызстан Дордой
2023—а.у Кыргызстан Кыргызстан U-23
2024—а.у Кыргызстан Кыргызстан

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.


 

Максим ЛисицынОрусиялык машыктыруучу, Кыргызстандын курама командасынын жана Бишкектин Дордой клубунун башкы машыктыруучусу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кубань-2» резервдик командасында футболчу катары ойногон. Аскердик кызматты өтөгөндөн кийин машыктыруучулук карьерасын баштаган.15 жыл Краснодар крайынын Футбол академиясында иштеген[1]. «Кубани-2» машыктыруучулар штабынын мүчөсү болгон, андан кийин Краснодар клубунун тандоо бөлүмүндө, кийинчерээк ал «Урожай» клубун жетектеген[2] .

2020-жылы Кыргызстандын Премьер-Лигасынын “Илбирс” клубун жетектеген [3][4].

2022-жылдан бери Кыргызстандын жаштар курамасын жетектеп келет. Максим Лисицындын жетекчилиги астында 2022-жылы команда квалификациядан ийгиликтүү өтүп, Азиянын эң мыкты 16 командасынын катарына кирген, ал эми 2023-жылы бул команда Азия Кубогунун финалдык оюндарына катышып, тайпадагы атаандаштары Сауд Арабия, Жапония жана Кытай командалары болгон.

2022-жылдан бери Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын жетектеп келет. 2023-жылдын декабрында ал «Дордой» клубун жетектеген. Адис курама командадагы жана клубдагы кызматтарды бириктирет. [5] 2024-жылдын 13-июнунда Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. [6]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]