Кыргызстан улуттук жаштар футбол курамасы

Википедия дан
Кыргызстан улуттук жаштар футбол курамасы
[[Файл:|150px|Эн белгиси]]
Лакап аттары Ак Илбирстер
Конфедерациясы АФК (Азия)
Федерациясы КР футбол федерациясы
Башкы
машыктыруучусу
Кыргызстан Мирлан Эшенов
Тариз
Негизги
формасы
Тариз
Резервдик
формасы
Биринчи оюну
Эң ири жеңиши
Эң ири жеңилүүсү

Кыргызстан улуттук жаштар футбол курамасы 1991-жылы түзүлгөн. Башкы машыктыруучусу — Мирлан Эшенов.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериктештик Кубокторундагы катышуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы Кыргызстан жаштар курамасы биринчи жолу Шериктештик Кубогуна катышып, Латвия (2:3), Украина (0:4) жана Молдова жаштар курамаларынан утулуп, өз тайпасында  акыркы, төртүнчү орунду ээлеген. 9-12-орундар үчүн болгон турнирде кыргыз командасы Түркмөнстан (3:1), Тажикстан (3:1) жана Эстония (2:0) курамаларын жеңген жана тогузунчу орунга ээ болгон. Ошол курамдын маанилүү оюнчулары болуп  Мирлан Мурзаев жана Турсунали Рустамов табылган.

Шериктештик Кубогу 2013тө Кыргызстан жаштар курамасы Казакстандан утулуп (1:3), Орусия (0:0) жана Өзбекстан (2:2) менен ийгиликтүү ойноп тең чыгып, кайрадан эле өз тайпасынан чыга албай калган. Ошентип Кыргызстандын командасы өз тайпасынан чыкпай калды. 9-12-орундар үчүн болгон оюндарда Кыргызстан жаштар курамасы Латвияны матчтан кийинки пенальтилер сериясынан жеңген (6:4), андан соң тогузунчу орун үчүн болгон оюнда Эстонияны да пенальтиден жеңген (4:3). 

2014-жылы турнирде Кыргызстандын командасы тогузунчу орунду ээлеген. 

Кыргызстан курамасы эң ири ийгиликке 2015-жылы өткөн мелдеште жетишкен. Тайпалык мелдеште Орусия жаштар курамасын жеңип (2:1), чейрек финалга өтүп Финляндиядан жеңилип калган (0:1). 5-6-орунда үчүн болгон оюндарда  кайрадан Орусияга атаандаш чыгып, бирок бул жолкусунда утулуп калган. Жыйынтыгында Кыргызстан алтынчы орунду ээлеген.

Акыркы көрсөткүчтөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күн Мелдеш Орун Атаандашы Эсеп
25-январь 2015 Шериктештик Кубогу Санкт-Петербург Орусия Жеңилүү 3:1
23-январь 2015 Шериктештик Кубогу Санкт-Петербург Тажикстан Жеңиш 1:3
21-январь 2015 Шериктештик Кубогу Санкт-Петербург Финляндия Жеңилүү 0:1
19-январь 2015 Шериктештик Кубогу Санкт-Петербург Орусия Жеңиш 1:2
18-январь 2015 Шериктештик Кубогу Санкт-Петербург Латвия Тең 1:1
16-январь 2015 Шериктештик Кубогу Санкт-Петербург Молдова Тең 1:1

Машыктыруучулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ормонбеков Анарбек Дарданович (2014)
  • Эшенов, Мирлан Байышбекович (2014-учур)