Александр Крестинин

Википедия дан
Портал:Футбол
Портал:Футбол
Александр Крестинин
Жалпы маалымат
Толук аты-жөнү Крестинин Александр Сергеевич
Төрөлгөн датасы 19 -сентябрь 1978(1978-09-19) (45 жаш)
Краснодар, РСФСР, СССР
Жарандыгы  Орусия
Бою 182 см
Позициясы коргоочу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Кыргызстан Кыргызстан
Кызматы Башкы машыктыруучу
Карьерасы
Жаштар клубдары
Орусия СДЮСШОР-5 (Краснодар)
Клубдук карьерасы*
1995—1996 Орусия Колос (Краснодар) 18 (0)
1997 Орусия Ростсельмаш-2 0 (0)
1999 Орусия Кубань 23 (2)
2000 Орусия Краснознаменск 36 (0)
2001 Орусия Газовик 20 (1)
2002 Казакстан Каспий 5 (0)
2003 Орусия Реутов 12 (1)
2003 Орусия Спартак (Тамбов) 18 (0)
2004 Орусия Дон 8 (1)
2004 Казакстан Яссы-Сайрам 8 (0)
2005 Орусия Нара-Десна 7 (0)
2005—2006 Орусия Спартак (Щёлково) 39 (0)
2007 Орусия Смена 26 (1)
2008 Орусия Металлург (Красноярск) 26 (2)
2009 Орусия Автодор (Тимашёвск) ЛФЛ
2010 Кыргызстан Нефтчи (Кочкор-Ата) ? (1)
2012 Орусия Легион (Краснодар) ЛФЛ
Улуттук курамасы**
Орусия Орусия (19 жашка чейин) ? (?)
Машыктыруучулук карьерасы
2010—2011 Кыргызстан Нефтчи (Кочкор-Ата)
2014—а.у. Кыргызстан Кыргызстан

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Александр Крестинин (19 сентябрь 1978 жылы; Краснодар, РСФСР, СССР) — Орусиянын футболчусу жана футбол машыктыруучусу. Футболдо коргоочунун милдетин аткарган.2014 жылдан тарта Кыргызстандын курамасында башкы машыктыруучу болуп эмгектенет.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Александр Крестинин Орусиянын Краснодар шаарында чоңойгон. Жаштайынан жергиликтүү футболдук клубда тарбияланган. Футбол талаасында коргоочунун милдетин аркалаган. 1999-жылы "Кубань" командасы менен 23 оюнда 2 гол киргизген. Андан соң Орусиянын чемпиондугунун 1-2-дивизиондорунда ойноп келсе, 2010-жылы Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасына кошулат.

Ошол жылы алган жаракатымдан улам көп убакыт бою талаага чыкпай калдым. Башка командалар менен келишим түзүүгө болбой жатканда "Нефтчи" клубу байланышты. Алгач бул командага кошулам деген ой да жок болчу. Ал кезде мен 32 жашта элем

Александр Крестинин "Нефтчиге" келгенде талапка жооп берерлик шарт болгон эмес. "Кайра кетем" деп жатканда клубдун жетекчилери "жок дегенде машыктыруучулук милдетти аткарып бер" деп суранышкан.

Ошентип 2010-жылы Александр Крестининдин машыктыруучулук карьерасы башталган.

–Бир жыл жаракатымдан улам футболдон четтеп калган кезде машыктыруучулукту окуп баштагам. Кочкор-Атага келгенде "С" категориясындагы машыктыруучулук лицензиям бар болчу. Клубдун жетекчилиги менен сүйлөшүп, футболчу катары да, машыктыруучу катары да милдет аркалоого мүмкүнчүлүк болду. Алгач футболчулар үчүн шарттарды түзүү менен баштадык. Бардык иш-кагаздарды териштирүү, стадиондун чөбүнө чейин карап жаттык. Жыйынтыгында ошол жылы өлкөнүн чемпиону болдук. Улуттук кураманы 2014-жылдан тарта машыктыра баштадым.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. Уул жана кызы бар[1].

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]