Крестинин Александр Сергеевич
Александр Крестинин | ||
Жалпы маалымат | ||
Толук аты-жөнү | Крестинин Александр Сергеевич | |
Төрөлгөн датасы | 19 -сентябрь 1978 (46 жаш) Краснодар, РСФСР, СССР | |
Жарандыгы | Орусия | |
Бою | 182 см | |
Позициясы | коргоочу | |
Клуб тууралуу маалымат | ||
Клубу | Кыргызстан | |
Кызматы | Башкы машыктыруучу | |
Карьерасы | ||
Жаштар клубдары | ||
СДЮСШОР-5 (Краснодар) | ||
Клубдук карьерасы* | ||
1995—1996 | Колос (Краснодар) | 18 (0) |
1997 | Ростсельмаш-2 | 0 (0) |
1999 | Кубань | 23 (2) |
2000 | Краснознаменск | 36 (0) |
2001 | Газовик | 20 (1) |
2002 | Каспий | 5 (0) |
2003 | Реутов | 12 (1) |
2003 | Спартак (Тамбов) | 18 (0) |
2004 | Дон | 8 (1) |
2004 | Яссы-Сайрам | 8 (0) |
2005 | Нара-Десна | 7 (0) |
2005—2006 | Спартак (Щёлково) | 39 (0) |
2007 | Смена | 26 (1) |
2008 | Металлург (Красноярск) | 26 (2) |
2009 | Автодор (Тимашёвск) | ЛФЛ |
2010 | Нефтчи (Кочкор-Ата) | ? (1) |
2012 | Легион (Краснодар) | ЛФЛ |
Улуттук курамасы** | ||
Орусия (19 жашка чейин) | ? (?) | |
Машыктыруучулук карьерасы | ||
2010—2011 | Нефтчи (Кочкор-Ата) | |
2014—а.у. | Кыргызстан | |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны-жылдагы |
Крестинин Александр Сергеевич (19-сентябрь 1978-жылы; Краснодар, ОСФСР, СССР) — Орусиянын футболчусу жана футбол машыктыруучусу. Футболдо коргоочунун милдетин аткарган. 2014-2023-жылдары Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучу болгон.
Карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Александр Крестинин Орусиянын Краснодар шаарында чоңойгон. Жаштайынан жергиликтүү футболдук клубда тарбияланган. Футбол талаасында коргоочунун милдетин аркалаган. 1999-жылы "Кубань" командасы менен 23 оюнда 2 гол киргизген. Андан соң Орусиянын чемпиондугунун 1-2-дивизиондорунда ойноп келсе, 2010-жылы Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасына кошулат.
Ошол жылы алган жаракатымдан улам көп убакыт бою талаага чыкпай калдым. Башка командалар менен келишим түзүүгө болбой жатканда "Нефтчи" клубу байланышты. Алгач бул командага кошулам деген ой да жок болчу. Ал кезде мен 32 жашта элем
Александр Крестинин "Нефтчиге" келгенде талапка жооп берерлик шарт болгон эмес. "Кайра кетем" деп жатканда клубдун жетекчилери "жок дегенде машыктыруучулук милдетти аткарып бер" деп суранышкан.
Ошентип 2010-жылы Александр Крестининдин машыктыруучулук карьерасы башталган.
–Бир жыл жаракатымдан улам футболдон четтеп калган кезде машыктыруучулукту окуп баштагам. Кочкор-Атага келгенде "С" категориясындагы машыктыруучулук лицензиям бар болчу. Клубдун жетекчилиги менен сүйлөшүп, футболчу катары да, машыктыруучу катары да милдет аркалоого мүмкүнчүлүк болду. Алгач футболчулар үчүн шарттарды түзүү менен баштадык. Бардык иш-кагаздарды териштирүү, стадиондун чөбүнө чейин карап жаттык. Жыйынтыгында ошол жылы өлкөнүн чемпиону болдук. Улуттук кураманы 2014-жылдан тарта машыктыра баштадым.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү. Уул жана кызы бар[1].