Байматов Азамат
Азамат Байматов | ||
Жалпы маалымат | ||
Лакап аты | KG Ron (CR7) | |
Төрөлгөн күнү | 3 -декабрь 1988 Ош Кыргызстан | |
Жарандыгы | ![]() | |
Жетектөөчү буту | Он | |
Бою | 190 см | |
Салмагы | 82 кг | |
Позициясы | коргоочу | |
Клуб тууралуу маалымат | ||
Клубу | ![]() | |
Номуру | 7 | |
Карьерасы | ||
Клубдук карьерасы* | ||
2007 | ![]() |
? (6) |
2008 | ![]() |
? (6) |
2009 | ![]() |
14 (0) |
2009 | ![]() |
5 (0) |
2010—2011 | ![]() |
12 (2) |
2012 | ![]() |
8 (0) |
2012—а.у. | ![]() |
46 (21) |
2015—а.у. | ![]() | |
Улуттук курамасы** | ||
2011—а.у. | ![]() |
19 (3) |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 4 ноябрь 2015-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 4 ноябрь 2015-жылдагы |
Азамат Байматов (1988-жылы 3 декабрда Ош шаарында төрөлгөн).Кыргызстандын футболчусу, Дордой клубунун коргоочусу.Кыргызстан улуттук футбол курамасынын капитаны.
Карьерасы[оңдоо | булагын оңдоо]
“Дордой-Динамонун” курамында Кыргызстандын Көз карандысыздык кубогунун (2008) ээси, Кыргызстандын чемпиону (2008, 2014), АФКнын президентинин кубогунун (2008) күмүш медалынын ээси,“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча "2009-жылдын мыкты спортчусу" аталган. 2011-жылы 22-декабрда КРнын Футбол федерациясынын версиясы боюнча "Жылдын мыкты футболчусу" наамына ээ болгон. Футболчу 2012-жылкы сезонду казакстандык "Окжетпес" клубунун катарында өткөргөн. 2013-жылдын март айында дарыгерлердин чукул эскертүүсүнөн улам 6 айдан ашык убакыт футбол ойногон эмес, жеңил машыгууларды гана өткөрүп келген. Анын улуттук курама командага кайтып келүүсү ушул эле жылдын октябрь айына дал келген. Учурда (2014) футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны, бишкектик "Дордой" футболдук клубунун коргоочусу. Клубдун курамында бул жылы Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганы, Көз карандысыздык кубогун жана Суперкубокту утуп алган. 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында 23 жашка чейинки курамдын капитаны болуп, улуттук кураманын өз тайпасынан чыгуусуна олуттуу салым кошкон
Жетишкендиктери[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстан чемпиону (3): 2008, 2011, 2012.
Кыргызстан кубогунун ээси. (2): 2008, 2012
Кыргызстан чемпиондугунун күмүш байгечиси (2): 2013
Латвия чемпиондугунун күмүш байгечиси (1): 2009
АФК президент кубогунун финалчысы (2): 2008, 2010
Эскертүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]
Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
Калып:Кыргызстандын мыкты футболчусу
Бул, макаланын даярдамы Кыргызстандын футболчусу жөнүндө. Сиз, аны оңдоп жана толуктап, долбоорго жардам бере аласыз. |
- Арип боюнча инсандар
- 3 Декабрь (Бештин айы)
- 1988-жылы
- Персоналии, чья дата рождения не установлена
- Уикипедия:Сүрөтү жок футболчулар тууралуу макалалар
- Футболчулар арип боюнча
- Кыргызстандын футболчусу жөнүндөгү бүтүрүлбөгөн макалалар
- Кыргызстан футболчулары
- Футбол боюнча Кыргызстан курамынын оюнчулары
- «Дордой» ФК оюнчулары
- «Транзит» ФК оюнчулары
- «Вентспилс» ФК оюнчулары
- «Сибирь» ФК оюнчулары