Даниел Таго
| Жалпы маалымат | ||
| Төрөлгөн датасы | 3 -март 1986 (39 жаш) Аккра, Гана | |
| Жарандыгы | ||
| Бою | 178 см | |
| Позициясы | Коргоочу | |
| Клуб тууралуу маалымат | ||
| Клубу | ||
| Номуру | 17 | |
| Карьерасы | ||
| Жаштар клубдары | ||
| Клубдук карьерасы* | ||
| 2003—2005 | ||
| 2007 | ЛФЛ | |
| 2007—2016 | 135 (7) | |
| 2016 | ||
| 2016—2018 | 39 (5) | |
| 2018—2019 | 23 (2) | |
| 2020 | 11 (1) | |
| 2020 | 3 (0) | |
| 2021—а. у | 8 (1) | |
| Улуттук курамасы** | ||
| 2014—2019 | 21 (0) | |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 19-сентябрь 2023-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 11-октябрь 2019-жылдагы | ||
Даниел Таго (англ. Daniel Nii Armah Tagoe; 3-март 1986, Аккра, Гана) —Ганалык жана Кыргызстандык футболчу, Тажикстандын "Душанбе-83" футболдук клубунун оюнчусу[1]. "Дордой" клубунун коргоочусу (2007—2018). Кыргызстан улуттук футбол курамасынын оюнчусу (2014—2019)[2].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ганалык "Га Тайбе" уруусунун ханзаадасы [3] 12 жашынан бери Eleven Stoppers жана Dansoman Unite командаларында ойногон. Биринчи профессионалдык клуб - «Берекум Арсенал» (2003-2005). Тагонун айтымында, анын агенти Орусиядан чакыруу алып, ал КАМАЗ клубуна өткөн. [4] Москвадагы КАМАЗ ышкыбоздор клубун машыктырган Сергей Дворянковдун айтымында, Таго жана анын досу Дэвид Тетте РУДН университетинин жатаканасында жашап, анын командасын көрүү үчүн келишкен. [5] Ошол эле учурда, бир катар маалымат булактарында алардын Набережные Челны шаарынан КАМАЗда ойногону көрсөтүлгөн. 2007-жылы Таго, Дворянковдун артынан, Кыргызстандын " Дордой " клубуна келген. 2016-жылы 30-августта Бахрейндин «Аль-Хала» клубуна өткөн, 2016-жылы декабрда "Дордой" менен эки жылдык келишим түзгөн. [6]
Ал Кыргызстандын жарандыгын алып, 2014-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстан улуттук футбол курамында ойногон. 2019-жылдагы Азия Кубогунун катышуучусу, турнирде 2 беттеш өткөргөн. 2019-жылы 11-октябрда Бишкектеги Кыргызстан-Мьянма беттеши алдында Даниел Таго менен Павел Сидоренко күйөрмандарынын алдында улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктаганын айтып коштошкон[2].
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элнура Орозбаева жубайы (2015-жылдын октябрь айынан бери), [7] кызы Данелия (2016-жылдын апрелинде туулган). [8]
Жетишкендиктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын чемпиону (6): 2007, 2008, 2009, 2011, 2012, 2014.
- Кыргызстан Кубогунун ээси (4): 2008, 2010, 2012, 2014.
- АФК Президентинин Кубогунун ээси (1): 2007-жыл.
- АФК Президентинин Кубогунун вице-чемпиону (3): 2008, 2009, 2010.
- Кыргызстандын мыкты футболчусу (2009)
Эскертмелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Daniel Tagoe soccerway profile. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2021.
- 1 2 Оюнуңар үчүн рахмат! Эки футболчу Кыргыз улуттук курама командадагы карьерасын жыйынтыкташты. Super.kg. Текшерилген күнү 15 -июнь (кулжа) 2021.
- ↑ Дэниэл Тэго: «Дордой» — очень большая команда в Кыргызстане!". Текшерилген күнү 14 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2017.
- ↑ Socceroos World Cup qualifier: meet Daniel Tagoe, Ghanaian tribal prince playing for Kyrgyzstan
- ↑ «Я как Гус Хиддинк»
- ↑ Добро пожаловать, Дэн!
- ↑ Ганский защитник сборной КР по футболу женится на кыргызской девушке
- ↑ Дочь наследного принца Ганы и кыргызстанки назвали Данэлией
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Кыргызстандын мыкты футболчусу | ||
|---|---|---|
|
1992 В.Кобзарь • 1993 А.Момунов • 1994 Ш.Абдурахманов • 1995 В.Сало • 1996 И.Зайлабетдинов • 1997 Ф.Хаитбаев • 1998 С.Иванов • 1999 Кудренко • 2000 В.Березовский • 2001 Р.Жамшидов • 2002 З.Жумагулов • 2003 Е.Болдыгин • 2004 Э.Кенжисариев • 2005 Р.Сыдыков • 2006 Р.Сыдыков • 2007 Харченко • 2008 Р.Сыдыков • 2009 Д.Таго • 2010 А.Байматов • 2011 Андерсон • 2012 Байматов • 2013 В.Харченко • 2014 Х.Калимулла • 2015 А.Землянухин • 2016 В.Кичин • 2017 Тандалган эмес • 2018 К.Жыргалбек уулу • 2018 Г.Алыкулов • 2019 Г.Алыкулов • 2020 | ||
