Килограмм

Википедия дан

Килограмм (кг, kg) – массанын Эл аралык бирдиктер системасындагы негизги бирдиги. Белгилениши – кг. Килограмм чен жана салмактын Эл аралык бюросунда сакталуучу (Париждин жанындагы Севр шаары) Эл аралык үлгүнүн массасына барабар. Килограммдын үлгүсү платина (90%) жана иридий (10%) куймасынан жасалган, цилиндр формасындагы тараза ташы (бийиктиги жана диаметри 39 мм). Килограммдын үлүштүк бирдиги грамм (г), 1 кг= 1000 г. Эталон – көчүрмөлөрдүн үлгүгө салыштыруудагы ката 2·10–9дан ашпайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]