Игорь Моисеев

Википедия дан

Моисеев Игорь Александрович [8 (21). 1. 1906, Киев – 2. 11. 2007, Москва] – советтик балетмейстер, СССР эл артисти (1953), Кыргыз ССР эл артисти (1975). Социалисттик Эмгеги Баатыры (1976). 1924-жылы Москва хореография окуу жайын бүткөн. 1939-жылга чейин Чоң театрдын балет труппасынын солисти. 1930-жылы Оранскийдин «Футболчу» (Л. Лащилин менен бирге), 1932-жылы Арендстин «Саламбо», 1958-жылы Хачатуряндын «Спартак» ж. б. балеттерди койгон. Моисеев – советтик элдик сахна бийин негиздегендердин бири. 1937-жылдан СССР элдик бий ансамблин түзүп, аны 50 жылдан ашык жетектеген. Ал ар элдин бий өнөрүнүн өзгөчөлүгүн сактап, аларды өзгөчө образдуулук менен каныктырган. Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына карата койгон «Ала-Тоодогу майрам» бий композициясы – буга далил. Элдик бий менен хореографиялык искусство жөнүндө теориялык макалаларды жазган. Лениндик сыйыктын (1967), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1942, 1947, 1952) лауреаты. Үч Ленин I, II даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]