Шавкат Мирзиёев

Википедия дан
Мирзиёев Шавкат Миромонович
өзб. Mirziyoyev Shavkat Miromonovich
Мирзиёев Шавкат Миромонович
Желек
Желек
Өзбекстандын 2-чи президенти[1]
желек
желек
 2016-жылдын 4-декабрынан тарта
(у.м.а 2016-жылдын 8-сентябрнан - 4-декабрга чейин)
Андан мурунку: Ислам Каримов 
Нигматилла Юлдашев (у. м. а.) 
Желек
Желек
Өзбекстандын
3-чү премьер-министри
желек
желек
12-декабрь 2003 — 14-декабрь 2016
Президент: Ислам Каримов
Андан мурунку: Өткир Султанов
Андан кийинки: Абдулла Арипов
Желек
Желек
Самарканд облусунун Акими
желек
желек
11-сентябрь 1996 — 11-декабрь 2001
Президент: Ислам Каримов
Андан мурунку: ?
Андан кийинки: Убайдулла Яманкулов
 
Дини: ислам
Туулган жылы: 24 -июль 1957(1957-07-24) (66 жаш)
Туулган жери: Заамин району, Жызак облусу, Өзбек ССРи, СССР
Партиясы: Өзбекстан Либераль-Демократиялык Партиясы[2]
Билими: Ташкент ирригация жана мелиорация институту
Кесиби: инженер

Мирзиёев Шавкат Миромонович [3] (өзб. Mirziyoyev Shavkat Miromonovich; — 1957 жылы 24 Июлда[4], Өзбек ССРи, Жызак облусунун, Заамин районунда төрөлгөн).Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбаны механизациялоо институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун башчысы кызматынан баштаган. Андан соң Жызак жана Самаркан облустарын жетектеген. 2003-жылдан тарта Өзбекстандын премьер-министри кызматында иштеген. 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн өкмөт башчылыгына кайра келген.2016 жылдын 8 сентябрынан тарта Өзбекстандын президенттинин милдетинин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылдын октябрында Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп кайра шайланган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шавкат Миромонович Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунун Зааминс районунда туулган. Бирок айрым булактар Мирзиёевдин үй-бүлөсү Өзбекстанга 1960-жылдары барганын, Тажикстандын Уратюбинск облусунун Яхтан кыштагында төрөлгөнүн жазып келишет.

Шавхат Мирзиёев 'дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарган, ал эми апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок апасы кургак учук илдетин жуктуруп алып каза тапкан. Ошентип Шавкат жана анын эки карындашы энесинен эрте ажырап калган. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон.

Илимий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мирзиёев 24 жашында Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң ошол эле институтта кичи илимий кызматкер болуп иштеп, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган.

Саясий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шавкат Мирзиёевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор дагы болгон. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында мурунку президент Ислам Каримовдун сунушу менен Өзбекстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган.

Президенттик шайлоодо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мирзиёев президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. 2016-жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип президенттик кызматына киришкен.

2017-жылдыр 6-7-мартында Өзбекстандын президенти катары алгачкы ирет чет өлкөгө иш сапары менен аттанып, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушкан.

2021-жылдын октябрында Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп кайра шайланган.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкө башчынын жубайы Зироатхон Хошимова да Ирригация жана мелиорация айыл чарба институтунда окуган. Ал кезде Мирзиёев мугалим болуп эмгектенген. Ай чырайлуу сулуунун жүрөгүн багындыруу оңойго турган эмес. Анткени анын атасы Өзбекстандагы көрүнүктүү адамдардын бири, министр болгон. Мирзиёевдин өжөрлүгү акыры сүйүүсүнө жеткирген.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзиёевдин жансакчысы экенин жазып жүрүшөт.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]