Ислам Каримов

Википедия дан
Ислам Каримов
өзб. Islom Karimov
Ислам Каримов
Желек
Желек
Өзбекстандын президенти
желек
желек
24 март 1990 — 2 сентябрь 2016
Андан мурунку: Шайланган
Андан кийинки: Нигматилла Юлдашев (у.м.а)
Шавкат Мирзиёев
 
Дини: ислам
Туулган жылы: 30 -январь 1938(1938-01-30)
Туулган жери: Самаркан, Өзбек ССРи, СССР
Каза болгон жылы: 2 сентябрь 2016
Каза болгон жери: Ташкен Өзбекстан
Атасы: Абдугани Каримов
Жубайы: Татьяна Каримова
Балдары: Гүлнара Каримова
Лола Каримова
Партиясы: ӨЛДП
Кесиби: инженер-механик, экономист

Ислам Абдугани уулу Каримов (өзб. Islom Abdug'ani ug'lu Ka'rimov; Ислом Абдуғаниевич Каримов; 30-январь 1938, Самаркан, ССРС2-октябрь 2016, Ташкен, Өзбекстан) — советтик жана өзбекстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Өзбекстан Республикасынын туңгуч Президенти, Өзбекстан Илимдер Академиясынын академиги (1994), Өзбекстан Баатыры (1994).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ислам Абдуганиевич Каримов байыркы Самарканд шаарында 1938-жылы 30-январда туулган. Атасы Абдугани - өзбек, энеси Санобар - тажик болгон.

Совет доорунда экономикалык билим алган.

1989-жылы, "Кайра куруулар" доорунда, Өзбекстан Компартиясынын Биринчи катчысы болуп шайланган.

1990-жылы 24-мартта Жогорку Кеңеште эч кандай альтернативасыз өткөн шайлоодо Өзбекстан президенти болуп шайланган Ислам Каримов пост-советтик өзбек мамлекетинин авторитардык башкаруу принциптерин жакынкы он жылдарга чейин аныктап койгон.

1991-жылы 31-августта ал Өзбекстандын эгемендик алганын жарыялап, өлкөдө 1991-жылы 29-декабрда биринчи жолу өткөн тикелей президенттик шайлоодо жеңип алган.

Каримов 25 жыл аралыгында 90 пайыз добуш менен утуп, шайланып келди. Бирок аларды Батыш эркин жана адилет өттү деп тааныган эмес. Анын үстүнө Өзбекстандын Баш мыйзамы эки мөөнөттөн ашык шайланууга жол бербейт.

Каримов бийлигин мандемдүү референдумдар менен бекемдеп, саясий каршылаштарын жана сын айткан массалык маалымат каражаттарын күч менен басып келди.

Өзбекстанды 25 жылдан ашуун темир муштум менен мыкчыган президент Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салды.

Ислам Каримов 2016-жылы 2-сентябрда саат 20:15те дүйнө салганы тууралуу Өзбекстандын улуттук телеканалынан 2016-жылы 2-сентябрда кечкурун обого чыккан расмий билдирүүдө айтылды.

Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу ишемби, 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Маркумдун сөөгү 3-сентябрда Самаркандда жерге берилет.

Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын башында премьер-министр Шавкат Мирзиёев (Мирзияев) турары да кабарланды.

Кыскача жылнаамалык тизмек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Орто Азия политехникалык институтун жана Ташкен эл чарбачылык институтун бүтүргөн;
  • 1960 – 61 жылдары “Ташсельмаш” заводунда көмекчү чебер, ага уста, технолог;
  • 1961 – 66 жылдары Ташкен авиация өндүрүштүк бирикмесинде инженер, жетекчи инженер, конструктор;
  • 1966 – 83 жылдары Өзбекстан Мамлекет пландаштыруу комитетинин башкы адиси, бөлүм башчысы, төраганын 1-орунбасары кызматтарын аткарган;
  • 1983 – 86 жылдары Өзбекстан каржы министри:
  • 1986 жылы Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, Мамлекет пландаштыруу комитетинин төрагасы болду;
  • 1986 жылы Бештин айында (декабрь айында) Өзбекстан Компартиясы Кашкадарыя облусун комитетинин 1-катчысы;
  • 1989 жылы Өзбекстан Компартиясы Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп шайланды;
  • 1990 жылы Жалган куран айынын 24 (март) Өзбекстан Жогорку Кеңешинин сессиясында Өзбекстан Президенти болуп шайланып, конституцияга ылайык Министрлер Кабинетинин төрагасы кызматын кошо аткарды;
  • 1991 жылы Теке айында (июль) Өзбекстан өзүнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин, элдин саясий моделине жетүү ишине түз башкаруу ишин жүргүздү;
  • 1995 жылы Жалган куран айынын 26 (март) Жалпы элдик референдумдун чечими менен президенттик мөөнөтү 2000 жылга чейин узартылды;
  • 2000 жылы өткөн жалпы элдик шайлоодо Өзбекстан Республикасынын Президенти болуп кайра шайланды;

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каримовдун үй-бүлөсүндө үч бала бар:

Каримовдун кыздары Лола менен Гүлнара бийликтен эгебейсиз пайда көрүштү. 2011-жылы “Билан” журналы экөөнү тең Швейцариядагы эң бай 300 адамдын катарына кошкон.

Президенттин тун кызы Гүлнара – бизнес менен алектенип, шаан-шөкөттү жакшы көрчү. Мындан улам аны ата ордун басчу мураскер деп ойлошчу. Бирок 2014-жылдан бери ал эл алдына чыга элек. Айрым маалыматтар боюнча азыр үй камагында.

Өзбек өкмөтү Каримовдун ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөнүн күтүүсүз билдиргендин эртеси, 29-августта кенже кызы Лола Каримова-Тилляева атасынын абалы тууралуу дүйнөгө кайрылды.

Инстаграммдагы баракчасы аркылуу "Учурда атамдын ден соолугу тууралуу кандайдыр бир прогноз жасоо эрте”, - деген Лола Каримова “кызыл кулактыктан алыс болуп” анын үй-бүлөсүнүн жеке жашоосун урматтоону өтүнгөн.

Лола Каримова-Тилляева жүрөк оорусунан жабыркаган балдарга жардам берүүчү “Сен жалгыз эмессиң” аттуу кайрымдуулук фондун жетектейт.

Жарык көргөн эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ўзбекистон мустакилликка эришиш остонасида. 2011.
  • Гармонично развитое поколение — основа прогресса Узбекистана. 1998.
  • Узбекистан на пороге XXI века. Угрозы безопасности, условия и гарантии прогресса. 1997.
  • Узбекистан: свой путь обновления и прогресса. 1992.

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]



  • Военно-исторический архив, Выпуски 109-112. — Издательский дом "Грааль", 2009. — С. 20. КАРИМОВ ИСЛАМ АБДУГАНИЕВИЧ (р. 1938 г.), государственный деятель Узбекистана, президент страны с 1991 г. Родился 30 января 1938 г. в Самарканде (Узбекистан). Отец Абдугани, узбек по национальности (по другим данным — иранец), работал служащим; мать Санобар, таджичка, была домохозяйкой.
  • David Seddon. A political and economic dictionary of the Middle East. — Taylor & Francis, 2004. — С. 363. — ISBN 1857432126, 9781857432121.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]