Режеп Тайип Эрдоган

Википедия дан
Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган
Желек
Желек
12-чи Түркиянын Президенти
 28-август 2014-жылы
Андан мурунку: Абдуллах Гүл
Түркиянын Премьер-министри
14-март 2003-жылы — 28-август 2014-жылы
Андан мурунку: Абдуллах Гүл
Андан кийинки: Ахмет Давутоглу
Стамбул шаарынын мэри
27-март 1994-жылы — 6-ноябрь 1998-жылы
Андан мурунку: Нуреттин Сөзен
Андан кийинки: Али Мүфит Гүртуна
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 26 -февраль 1954(1954-02-26) (70 жаш)
Туулган жери: Стамбул
Атасы: Ахмет Эрдоган
Апасы: Тензиле Эрдоган
Жубайы: Эмине Эрдоган
Балдары: уулдары: Ахмет Бурак жана Нежмеддин Билал
кыздары: Эсра жана Сумейе
Партиясы: АК партия
Билими: Мармара университети
Кесиби: Экономист
 
Автограф: Кол тамгасы
Режеп Тайип Эрдоган

Режеп Тайип Эрдоган (түрк. Recep Tayyip Erdoğan) – Түркия Республикасынын президенти, Адилет жана Өнүгүү партиясынын төрагасы.

Илими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Режеп Тайип Эрдоган 1954 жылы 26 февралда Стамбулда туулган. 1965 жылы Касымпаша Пиале башталгыч мектебин, 1973 жылы Стамбул Имам Хатип Лицейин бүтүргөн. Сабактардын айырмасын тапшыруу үчүн экзаменден өтүп Эүп Лицейинин дипломун алган. Мармара университетинин Экономика жана соода илимдер факультетинде окуп, бул окуу жайын 1982 жылы бүтүргөн.

Саясатка чейинки кызматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1969-1982 жылдары профессионал эмес футболист болуп ойногон. Ошол эле мезгилде жаш идеалист катары мамлекеттин ишине жана коомдук маселелерине кызыгып Режеп Тайип Эрдоган саясат менен алектене баштаган. Лицей жана университетте окуган мезгилинде Улуттук Түркия окуучуларынын биримдигинин студенттер бөлүмдөрүндө иштиктүү түрдө милдет аткарган Режеп Тайип Эрдоган, 1976 жылы Улуттук Саламат партиясынын Бейоглу жаштар бөлүмүнүн төрагалыгына жана ошол эле жылы Улуттук Саламат Партиясынын Стамбул жаштар бөлүмдөрүнүн төрагалыгына шайланды. 1980 жылына чейин бул кызматтарды аткарган Эрдоган, “12 сентябрь” учурунда саясий партиялардын жабылышы менен менчик сектордо кеңешчи жана жогорку деңгээлдеги башкарма болуп иштеди.

Саясатка келиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1983 жылы түзүлгөн Берекет партиясы менен чыныгы саясатка кайтып келген Режеп Тайип Эрдоган 1984 жылы Берекет Партиясынын Бейоглу райондук жетечиси, 1985 жылы Берекет Партиясынын Стамбул областтык жетекчиси жана Берекет Партиясынын Чечим кабыл алуу жана башкаруу борбордук уюмунун мүчөсү болду.

Стамбул областтык жетекчилик кызматында башка партиялар үчүн да үлгү болгон жаңы бир уюмдук түзүлүштү өнүктүргөн Эрдоган, бул мезгилде, айрыкча аялдар жана жаштардын саясатка катышуусун арттырууга багытталган иштерди жасады. Саясаттын негизин кеңейтип, калың элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуу, кадырга жетүү жолунда маанилүү кадамдарды жасады. Бул түзүлүш, Берекет Партиясынын өкүлү болуп 1989 жылы Бейоглу жергиликтүү шайлоодо чоң ийгиликке жетишкенде, жалпы журтка жана партиялык иштер үчүн да үлгү жаратты.

1994 жылы 27 марттагы жергиликтүү шайлоодо Стамбул шаардык бийлигинин төрагасы болуп шайланган Режеп Тайип Эрдоган саясий жөндөмдүүлүгү, командалык ишке маани берүү, адам ресурстары жана каржы тармагын ийгиликтүү башкаруусу менен, дүйнөнүн эң маанилүү метрополдорунун бири болгон, Cтамбулдун маселелерин аныктап туура чечим чыгарды. Суу маселеси, жүздөгөн километрдик жаңы түтүктөрдү төшөө менен, таштанды маселеси болсо заманбап иштеп чыгаруучу ишкананы куруу менен чечилди. Аба булгануу маселеси Эрдоган заманында табигый газды жүргүзүү долбоору менен соңуна чыкты, шаардын жол кыймылы жана транспорттун чарасыз абалына каршы 50дөн ашык көпүрө, өтмөк жана айлана жолдор салынды. Муниципалитеттин булактарын туура колдонуу жана паракорчулукту алдын алууга багытталган чукул чара көргөн Эрдоган, 2 миллиард доллар карызга малынган Стамбул муниципалитетинин карыздарын төлөдү жана 4 миллиард доллар инвестицияны ишке жумшады. Түркиянын муниципалитет ишинин тарыхында жаңы жол ачкан Эрдоган, бир тараптан башка муниципалитеттерге үлгү болду, экинчи тараптан калктын ишенимине ээ болду.

Режеп Тайип Эрдоган 1997 жылы 12 декабрда Сииртте элге кайрылуу учурунда бир китептеги (Улуттук билим берүү министрилиги тарабынан окутуучуларга сунуш кылынган жана мамлекет уюму тарабынын чыгарылган) ыр окугандыгы үчүн түрмө жазасына тартылган жана Стамбул шаардык бийлигинин төрага кызматынан алынды.

Режеп Тайип Эрдоган түрмөдөн чыкканда коомдук пикирдин талабы менен жана өнүккөн демократиялык процессинин бир жыйынтыгы катары 2001 жылы 14 августта жолдоштору менен Адилет жана Өнүгүү Партиясын (АК Парттиясын) түздү жана уюштуруучу кеңеши тарабынан АК Партиянын Төрагасы болуп шайланды.

Премьер министриликке келиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АК Партияны түзүлгөн жылынан баштап эле Түркия элинин колдоосуна ээ болгон саясий кыймылга айлантты жана 2001 жылы жалпы шайлоолордо парламенттин үчтөн эки бөлүгүн түзгөн көпчүлүк менен бийликке жеткирди.

Тийиштүү соттун чечими болгондуктан 2002 жылы 3 ноябрдагы шайлоолордо депутатыкка талапкер боло албаган Эрдоган, мыйзамга түзөтүү киргизилгенден кийин, депутатка талапкер болууга мыйзамдык тоскоол жоюлушу менен, 2003 жылы 9 мартта Сиирт аймагынан шайлоого катышты. Бул шайлоодо добуштардын 85% алган Эрдоган, 22-чи мөөнөттөгү Сиирттин депутаты болуп парламентке кирди. 2003 жылы 15 мартта Премьер-министр ишине киришкен Режеп Тайып Эрдоган, бир канча реформалардын пакетин кыска мөөнөттө ишке ашырды.

Ошону менен бирге өлкөнүн экономикасы жана коомдук психологиясына жагымсыз таасир тийгизген жана ондогон жылдар бою чечилбеген инфляция маселеси көзөмөлгө алынды, жаңыдан баркка ээ болгон Түрк Лирасынан 6 нөлү жоюлду. Мамлекеттик карызынын пайызы азайтылды, киши башына төп келген улуттук киреше абдан өстү. Өлкөнүн тарыхында мурун болбогондой ылдамдык менен көптөгөн суу сактагычтар, турак жай, мектеп, жол, оорукана жана электростанциялар ишке киргизилди. Бул оң илгерилөөлөр, кээ бир чет өлкөлүк байкоочулар жана батыш лидерлери тарабынан, “Үнсүз ыңкылап” деп аталды. Режеп Тайип Эрдоган, Европа Биримдигине кирүү процессинде өлкөнүн ийгиликтүү ишкердүүлүгүнө кошумча катары рационалдуу тышкы саясат жана жыш катышуу менен Кипр маселеси боюнча туруктуу чечимге келүү жана дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрү менен натыйжалуу байланыштарды өнүктүрүү багытында маанилүү кадамдарды жасады. Түркиянын соода көлөмү жана саясий күчү, жайгашкан географиялык чөлкөмдө гана эмес, эл аралык чөйрөдө да көзгө урунаарлык деңгээлге артты.

Режеп Тайип Эрдоган 2007 жылы 22 июлда жылпы шайлоолордо 46,6% добуш менен чоң жеңишке ээ болуп АК Партиянын Төрагасы катары Түркия Республикасынын 60-чы өкмөтүн түздү жана кайра ишеним вотумуна ээ болду.

Президенттке келиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын 10-августунда Эрдоган өлкөдөгү алгачкы түз президенттик шайлоодо жеңишке жетип, 2014-жылдын 28-августунда президенттик кызматка киришкен. Эрдоган кеткенден кийин жаңы премьер-министр 21-августта бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери болуп шайланган Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу болду. Президент катары биринчи чет элдик сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасады.

Профессор Дэвид Грабер 2016-жылдын январында белгилегендей, “акыркы 3-4 жылдын ичинде өлкө авторитаризмге карай кескин бурулушту башынан өткөрдү... Кыязы, Эрдоган башкаруу формасын президенттик башкарууга өзгөртүүнү көздөп жаткандай. де-факто диктатор болот жана өз бийлигин бекем чыңдай алат. Түркияда бул тууралуу көп адамдар айтышат».

2018-жылдын 18-августунда Анкарада өткөн башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 6-курултайында 1380 делегаттын колдоосу менен кайрадан партиянын башчысы болуп шайланган.

Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (2016)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2016-жылдын 15-июлунан 16-июлуна чейин түрк аскерлеринин бир бөлүгү Түркияда төңкөрүш жасоо аракетин жасап, ал ийгиликсиз аяктаган. Эрдоган төңкөрүштү уюштурууга АКШда жашаган дааватчы Гүленди айыптады. Төңкөрүш маалында Эрдоган Мармаристе путчисттердин колунан өлүмдөн араң кутулуп, ал жерден Стамбулга учуп барууга үлгүрүп, мейманканага кол салууга аз калганда анын эки сакчысы набыт болгон. Жалпысынан козголоң учурунда 238 адам өлүп, дагы 3000 адам жарадар болгон. Козголоңдон жарым ай өткөндөн кийин анын Түркияда катыштыгы бар деген айып менен камалгандардын жалпы саны 26 миң адамга жеткен, 2839 аскер кызматкери абакта, 29 полковник кызматтан четтетилген, анын ичинде 5 генерал. 75 миң адамдын паспорту жокко чыгарылды.[1] Төңкөрүш басылгандан кийин Эрдоган Түркияда Евробиримдик менен конфликтке алып келген өлүм жазасын калыбына келтирүүнү, Евробиримдикке мүчө болуу перспективаларын жоготууну, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимди жокко чыгарууну талап кыла баштады. ЕБ жана Түркия.[2]

Ички саясат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күрт чатагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылы Эрдоган 1980-жылдардан бери уланып келе жаткан жана он миңдеген адамдардын өмүрүн алган түрк-күрт жаңжалын токтотуу пландары бар экенин жарыялаган. Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынган бул пландын алкагында күрт тилинин колдонуу чөйрөсү кеңейтилет. Мисалы, массалык маалымат каражаттарында жана саясий өнөктүк учурунда колдонсо болот. Күрт аттары да мурда өзгөртүлгөн шаарларга түркчө түрдө кайтарылат. Эрдоган 2011-жылдын 23-ноябрында сыналгы аркылуу сүйлөп жатып, 1930-жылдары жасалган, он миңдеген зазалар жана алевиттер түрк аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн Дерсим кыргыны үчүн кечирим сураган.

Армян тукумкуруту боюнча көз караштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрдоган түрк-армян биргелешкен комиссиясы иликтөө жүргүзгөндөн кийин гана Түркия бир жарым миллион армяндын өлтүрүлүшүн геноцид деп тааный турганын, анын курамына тарыхчылар, археологдор, саясат таануучулар жана башка эксперттер кириши керек деп көп жолу билдирген.

2008-жылдын декабрында Эрдоган түрк интеллигенциясынын «Бизди кечир» кампаниясын айыптап, анын максаты Түркияда тымызын болуп жаткан армян тукумкуруту маселесине көңүл бурууну көздөгөн. Эрдоган мындай деди:

«Мен бул акцияны түшүнбөйм жана колдобойм. Биз кылмыш кылган жокпуз, андыктан кечирим сурай турган эч нерсебиз жок.»

Эрдоган понтиялык гректердин тукумкуруту боюнча да ушундай позицияны карманууда. 2006-жылдын май айында ал Салоникиде бул кылмыштын курмандыгы болгон жүз миңдеген адамдарга арналган жаңы эстеликтин ачылышын айыптаган.

Экономика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2002-жылы Эрдоган Кемал Дервиштин реформасынан кийинки рецессиядан жаңы чыга баштаган түрк экономикасын мурастап алды. Эрдоган каржы министри Али Бабажанды макроэкономикалык саясаттарды камсыздоодо колдоду. Эрдоган өлкөгө көптөгөн чет элдик инвесторлорду тартууга аракеттенди. 2002-2012-жылдар аралыгында түрк экономикасына салынган инвестиция реалдуу ИДПда 64%, киши башына ИДПда 43% өсүш жаратты. 2002-жылдан 2012-жылга чейинки АКШ долларынын инфляциясын эске албаган кыйла жогору көрсөткүчтөр ачык жарыяланды.

Билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрдоган Билим берүү министрлигинин бюджетин 2002-жылы 7,5 миллиард лирадан 2011-жылы 34 миллиард лирага көтөрдү, бул улуттук бюджеттин эң чоң бөлүгү бир министрликке берилген. Милдеттүү билим берүү сегиз жылдан он экиге чейин узартылды. 2003-жылы Түркия өкмөтү ЮНИСЕФ менен биргеликте «Келгиле кыздар мектепке!» (түрк. Haydi Kızlar Okula!). Бул кампаниянын максаты, өзгөчө Түркиянын түштүк-чыгышында бардык кыздарга сапаттуу негизги билим берүү аркылуу башталгыч мектепке кабыл алуудагы гендердик ажырымды жоюу болгон.

Конституциялык реформа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылдын 16-апрелинде Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анда Түркиянын Конституциясына 18 өзгөртүүнү бекитүү маселеси көтөрүлгөн. Түзөтүүлөр президенттик республикага өтүүнү жана ошого жараша президенттик бийликти күчөтүүнү, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын көбөйтүүнү, Соттор менен Прокурорлордун Жогорку Кеңешин реформалоону карайт. Референдумдун жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 51%дан ашыгы түзөтүүлөрдү колдоп добуш берди.

Түзөтүүлөр 2019-жылдын 3-ноябрына белгиленген жаңы президенттик жана парламенттик шайлоолордон кийин күчүнө кириши керек болчу, бирок 2018-жылдын 18-апрелине Эрдоган өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоону 2018-жылдын 24-июнуна белгилеген. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Эрдоган 52%дан ашык добушка ээ болуп, ал жетектеген АКП парламентте көпчүлүккө ээ болду.

Тышкы саясат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

НАТОнун Ньюпорттогу саммити, 2014-ж

Эрдоган Цивилизациялар альянсынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Аны түзүү демилгесин 2005-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун 59-Башкы Ассамблеясында Испаниянын премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро сунуштаган. Демилгенин максаты - этностор аралык, маданияттар аралык жана диндер аралык диалогду жана өз ара аракеттенүүнү орнотуу аркылуу экстремизмге каршы эл аралык аракеттерди активдештирүү. Альянс Батыш менен Ислам дүйнөсүнүн ортосундагы тирешүүнү азайтууга өзгөчө көңүл бурат.

Европа Биримдиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрдоган премьер-министр катары барган өлкөлөр.

“European Voice” гезити Эрдоганды өлкөсүндө жүргүзүлгөн реформалар үчүн “2004-жылдын европачысы” деп атады.[3] 2005-жылдын 3-октябрында Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча расмий сүйлөшүүлөр башталган.[4] 2009 жана 2010-жылдары Түркиянын порттору Кипр кемелери үчүн жабылгандан кийин Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулган. Мындан тышкары, негизги укук жана эркиндиктердин сакталышы Түркия үчүн ЕБге кирүүгө тоскоол болгон көйгөй бойдон калууда[5].

Орусия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түркиянын президенти Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин Бакуда, 13-июнь, 2015-жыл

Кылымдар бою Түркия менен Орусия аймактагы үстөмдүк үчүн атаандаш болуп келген. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн мамилесинде атаандаштык эмес, кызматташуу принциби үстөмдүк кылууда. 2002-жылы Түркия менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 5 миллиард АКШ долларынан ашкан. 2011-жылдын акырына карата бул көрсөткүчтөр 32 миллиард АКШ долларына чейин көбөйгөн.

2004-жылы декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Түркияга иш сапары менен барган. Бул заманбап орус-түрк мамилелеринин тарыхындагы биринчи президенттик иш сапары болду. Мурдагы визит 1972-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели Николай Подгорный тарабынан болгон.

2005-жылы ноябрда Путин Түркияда биргелешип курулган «Көгүлтүр агым» газ куурунун салтанаттуу ачылышына катышкан.[6]

Жогорку деңгээлдеги ырааттуу сапарлардан кийин эки тараптуу кээ бир маанилүү маселелер алдыңкы планга чыкты. Эки өлкө тең негизги максат катары «көп өлчөмдүү кызматташтыкка» жетишүүнү, өзгөчө энергетика, транспорт жана армия тармагында көрүшөт.

2010-жылдын 12-майында Анкара менен Москва энергетика жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча 17 келишимге кол коюшкан, анын ичинде Түркиянын биринчи атомдук электр станциясын куруу жана Кара деңизден Жер Ортолук деңизине өткөн мунай кууру үчүн жооптуу ишканаларды колдоо боюнча келишимдер. .

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери туристтер үчүн визасыз режим боюнча келишимге кол коюшту. Туристтер өлкөдө 60 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Кырылып түшкөн Су-24 учагынын тегерегиндеги окуя[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылдын 24-ноябрында түрк истребители Орусиянын Су-24 учагын Сириянын асманында атып түшүрүп, учкуч Олег Пешков учуруу учурунда каза болгон. Андан кийин Орусия Түркияга каршы санкцияларды киргизип, визасыз режимди жокко чыгарган[7]. Эрдоган 2016-жылдын 27-июнунда президент Путинге жолдогон кайрылуусунда учкучтун өлүмүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын үй-бүлөсүнөн кечирим сураган. Айрым маалымат каражаттары бул эпизодду учактын кулашы үчүн расмий кечирим суроо катары жаңылыш чечмелеп жатышат.[8] Эрдоган менен Путиндин телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин орус лидери Түркияга келген туристтерге административдик чектөөлөрдү алып салуу жана соода-экономикалык тармакта кызматташууну жандандырууну буйруду.

Белгилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Росбизнесконсалтинг, 4 августа 2016. Число задержанных после мятежа в Турции увеличилось до 26 тыс. человек
  2. Вести, 19 июля 2016. Эрдоган в интервью CNN рассказал, как едва не погиб во время переворота
  3. Tümü, Haberin Erdoğan named European of the Year. NTV-MSNBC (1 -декабрь (бештин айы) 2004). Текшерилген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  4. EU enlargement past, present and future, BBC News (6 -ноябрь (жетинин айы) 2008). Текшерилген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  5. Turkey 2012 Progress report. European Commission (10 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  6. Turkey-Russia relations, euractiv.com (17 -ноябрь (жетинин айы) 2005). Архивировано из первоисточника 15 -июль (теке) 2017. Текшерилген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  7. Россия ответила Турции за сбитый самолёт экономическими мерами
  8. Эрдоган извинился перед Путиным за сбитый Су-24. Росбизнесконсалтинг (27 -июнь (кулжа) 2016).