Асанкан Жумакматов

Википедия дан
Асанкан Жумакматов (1923 - 2008)

Асанкан Жумакматов (16.06.1923 Ысык-Ата, Чүй району - 21.07.2008, Бишкек) - Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги.

Дирижер Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50 чукул опера жана балеттин музыкасын оркестирлештирген.

1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп келген.

1995-жылдан бери Улуттук консерваторияда профессор.

Бир катар профессионалдык музыканттарды тарбиялаган.

Асанкан Жумакматов Улуу Ата мекендик согушка катышып “1-даражадагы Ата мекендик согуш”, “Кызыл жылдыз” ордендери, “Германияны жеңгендиги”, “Сталинградты коргоо” медалдары менен сыйланган.

  • Атасы - Жумакмат Чалов (1888 ж. т.), апасы - Артык Чалова (1893 ж. т.).
  • Жубайы - Гүлкан Сатаева (1933 ж. т.).
  • Уулдары - Эрмек Жумакматов (1959 ж. т.), Эрик Жумакматов (1963 ж. т.).

Айрым Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]