Акматов Таштанбек

Википедия дан
Акматов, Таштанбек Акматович‎»‎ барагынан багытталды)
Акматов Таштанбек Акматович
Портрет
Туулган датасы:

сентябрь 1938

Туулган жери:

Ысык-Көл облусу, Тон району, Көк-Сай айылы

Жарандыгы:

 ССРС

Балдары:

10 балалуу

Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Баатыры
Кыргыз Республикасынын Баатыры

Акматов Таштанбек (1938-ж. т., Тоң району, Көк-Сай айылы) — мал чарба өндүрүшүнүн новатору, мамлекеттик ишмер. Кыргыз ССРнин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты (1974). Эки жолку Социалистик Эмгек Баатыры (1976, 1986).экономист

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1977-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун сырттан окуп бүтүргөн.
1955-жылдан Тоң районундагы 22-партсъезд атындагы колхоздун баш чабаны болуп иштеген.
1976—82-ж. койдон тел жана жүн алууда эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен.
Акматов бригадалык көтөрүп алып иштөө ыгын колдонгон.
1982-ж. республикада 1-болуп ирилештирилген 9 кишиден турган чабан бригадасын түзүп, ал бригада 4 короо койду (2014 баш, анын ичинде 1505 тубар кой) баккан.
1983— 85-ж. анын бригадасы ар жүз тубар койдон 143 козу, 5,1 кг жүн алган.
1987— 90-ж. Кыргыз ССР ЖогоркуКенешинин Президиумунун төрагасы.
1991-жылдан Тоң районундагы «Ак-Булун» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кой чарбасын ургаалдаштыруу проблемалары боюнча бир нече эмгектин автору: «Ийгилик эмнеден башталат» (1979), «Чабан жана сакмалчы» (1982), «Кой чарбасындагы коллективдик подряддын экономикалык натыйжалуулугу» (1984).
1974-жылдан СССР Жогорку Кенешинин депутаты, 1989—91-ж. СССР эл депутаты, 1987—90-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1982).
Акматов Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Акматовдун бюсту Тоң районунун Ак-Сай айылына 1988-ж. тургузулган (айкелчиси Т. Садыков, архитектору Б. Изаева).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]