Сабира Күмүшалиева

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Сабира Күмүшалиева
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

Театр жана кино актрисасы

Туулган датасы:

17 -март 1917(1917-03-17)

Туулган жери:

Төкөлдөш айылы

Жарандыгы:

Flag of the Soviet Union.svg ССРС
Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Өлгөн датасы:

15.09.2007 (90 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек шаары, Кыргызстан

Күйөөсү:

Күмүшалиев, Муратбек Рыскулов

Балдары:

Нуржамал, Искен Рыскулов

Сыйлыктары:

Hero of the Kirghiz Republic.png

Кыргызстандын почта маркасы, 2008 жыл
Болот Шамшиев жана Кыргыз Республиикасынын баатыры Сабира Күмүшалиева
Кызыл алма (1975) Сүймөнкул Чокморов менен
Ак кеме кинотасмасы

Сабира Күмүшалиева (1917-2007)- кыргыз жана советтик театр жана кино артискасы. Кыргыз театр искусстосун профессионалдуу деңгээлге жеткирген инсандардын бири болуп саналат.

Кыргыз маданиятына ат көтөргүс кызмат өтөгөн Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева 90 жаштык өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган. Кыргыз театрынын Умай энеси атыккан актриса атайын актерлук билим албаса да табигый жөндөмү, тубаса таланты менен кичинекей эпизоддук образдарды жаркыратып ачып бергендиктен “кичинекей ролдордун чоң актрисасы” деген ары жөнөкөй, ары таамай баага татыган.

Биография[оңдоо | булагын оңдоо]

Борбордогу мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн соң, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Ушундан кийин Сабира Күмүшалиеванын өнөрү өркүндөп, актрисалык чеберчилиги артып, театрга болгон кызыгуусу күч алып бүтүндөй жан дүйнөсү менен искусствого сүңгүп кирип, өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, элдин эсинен кеткис не бир сонун спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жаратып, өзүнө түбөлүк урагыс эстелик тургуза алды.

Ал өзүнүн өмүрүнүн акырына чейин кыргыз искусствосунун өсүп-өркүндөшүнө салым кошуп, не бир кайталангыс образдарды жаратып кетти. Бирок адам өмүрү чектелүү экен. «Дүйнөгө устун болгон адам жок» - деп элибиз айткандай, 2007-жылы 14-сентябрда ач ажал Сабира Күмүшалиеваны биздин арабыздан алып кетти. Эң негизгиси Сабира апа бул жалган жашоодо татыктуу, таза өмүр сүрүп, артында ат көтөргүс эмгек, эл арасында жакшы пикир калтырып кете алды. Адамдын жашоодогу максатынын маңызы ушул эмеспи. Мындан артык байлыктын, атактын, даңктын кереги барбы?..

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Сабира апа эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгондугун замандаштары көп кеп кылышат. Ал кичинекей эле эпизоддон чоң роль жаратып койчу экен. Муну айтылуу режиссер Болот Шамшиевдин «Ак кеме» тасмасындагы Керез аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен улам билсек болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.
Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрга кабыл алынып, алгачкы жолу Касымаалы Жантөшевдин «Карачач» пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон.
1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева «СССРдин эмгек сиңирген артисти» андан кийин «Кыргыз Эл артисти» наамын алган.
Ал «Даңк» медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык жана Казак Республикасынын «Алтын Көпүрө», Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомол сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында «Кыргыз Эл Баатыры» наамынын ээси болгон.
Ал ар бир алган сыйлыгына татыктуу болгон. Анткени анын таланты баалангыс эле…

Тасмалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Сабира Күмүшалиева театрдабы, кинотасмадабы, ар кыл мүнөздөгү образдарды кайталангыс деңгээлде жараткан.
Казак боордоштордун «Адам-бугу», Боордошум», «Уул тууган», «Согуш учурундагы балдар» ж.б. тасмаларында да ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугунда да данакер болгон болсо, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында роль жараткан.

Тасма Режиссер Жылы Сценарий Ролу Өлкө
Эрте жаздагы турналар - - - - Кыргыз ССР
Кызыл алма Төлөмүш Океев 1975 Ч. Айтматов, Т, Океев, Э. Лындина - Кыргыз ССР
Тайлактын энеси Болот Шамшиев - - - Кыргыз ССР
Караш-караш окуясы - 1968 - - Кыргыз ССР
Уркуянын энеси Төлөмүш Океев 1972 - - Кыргыз ССР
Отко таазим - - - - Кыргыз ССР
Ак кеме Болот Шамшиев 1975 - - Кыргыз ССР
Ак куулар конгон айдың көл Кадыркул Өмүркулов 1973 - - Кыргыз ССР
Айша апа - - - - Кыргыз ССР
Фудзиямада кадыр түн Болот Шамшиев 1990 - - Кыргыз ССР
Эне - - - - Кыргыз ССР
Эл арасында Болот Шамшиев 1978 - - Кыргыз ССР
Адам-бугу - - - - Казак ССР
Боордошум - - - - Казак ССР
Согуш учурундагы балдар - - - - Казак ССР
Уул тууган - - - - Казак ССР

ж. б. кинодогу образдарына юморлуу маанай, ачык-айрым мүнөз, ичкериден психологиялык чыңалуу абалы мүнөздүү.
Мындан сырткары «Уркуя» тасмасында, «Курманжан датка» спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калды. ж.б. чыгармаларында кайталангыс образдарды түзүп кете алды.

Театрга калтырган эмгеги[оңдоо | булагын оңдоо]

Күмүшалиева көптөгөн сахналык ролдорду жаратып, таланттуу театр артисти катары таанылган. Күмүшалиеванын артисттик амплуасы комедиялык жана катаал мүнөздүү образдардан көрүнгөн.
Аларга: Фан-и (Цао Юй «Тайфун»), Мастан (А.Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Майсалбүбү (Т. Абдымомунов, «Тар капчыгай»), Оңолкан (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Шербет (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу») ж.б. кирет

Сабира апа 85 жашка чыгып, эл катары торколуу тоюн белгилейт.
Ал киши жашоодо да, театрда да күтүүсүздөн эле бир нерселерди ойлоп таба койчу экен. Ошол кечеде да Сабира апа сахнага чыгып, апанын талантына таазим кылып келген элдин баарын бир сыйра сыдыра карап күтүүсүздөн «Бул жерде менин элим отурат, күйөрмандарым отурасыңар, силерге бир эркелеп алсам болобу?», - деп калат. Эл эмнени айтат деп сахнада турган Сабира апаны карап калышат. «Өзүмдөн жаш кесиптештерим, сиздин сөзүңүздү угат, сиз айтсаңыз» - дешип мени сахнага чыгарышты. «Муратбек Рыскулов сыяктуу залкар адамдар иштеген театрдын атынан, театрдын жамаатынын, өзүмдүн атымдан, ушул кыргыз драма театрына «улуттук» деген наам ыйгарып берүүңүздөрдү сурансам болобу, менимче «улуттук» деген атка татыктуу эле болсок керек», - деп суранганда, элдин баары туруп кол чаап жиберишкен экен. Залда ошол кездеги бийликтин өкүлдөрү Апас Жумагулов, Күлипа Кондучалова ж.б. дагы бир топ адамдар отурган экен. Ошондон 10 күн өткөндөн кийин Аскар Акаев «Кыргыз драма театрына «улуттук» деген статус берилсин» деген буйрукка кол коюп берген экен.

Жакшы көргөн майрамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Эң сүйүктүү майрамы – 8-март эл аралык аялдардын майрамы болгон. Негизи эле Сабира апа үчүн март айы майрамдардын айы болгон дешет жакындары. Себеби ал жазды, гүлдөрдү аябай жакшы көрчү экен. Үйүндө кышы-жайы дебей дайыма жыпар жыты аңкыган жаңы гүлдөр турчу дешет көргөндөр.

Апанын чыдамсыздык менен күткөн майрамдары: 1-март - жаздын келиши, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү, 19-март - өзүнүн туулган күнү, 21-март - Нооруз, 27-март - Театр күнү. Мына ушул даталуу күндөрдү Сабира апа чыдамсыздык менен күтүп, жаздын узак болушун самачу экен.

Өмүрлүк жолдоштору[оңдоо | булагын оңдоо]

Сабира апанын биринчи жолдошу жазуучу Күмүшалиев болгон.
Ал киши согушка кетип, ошону менен көп жыл дайынсыз болуп кетет.
Ошол убакта Сабира апа белгилүү актер Муратбек Рыскуловго жолугуп, Кудайдын буйругу менен экөө баш кошот.
Кийин бир канча убакыт өткөндө биринчи жолдошу Күмүшалиев аман-эсен согуштан кайтып келет. Сабира апа биринчи жолдошу менен жолугуп, бирок ортолорунда эмне сөз болгонун экөөнөн башка киши билген эмес. Муратбек атанын: «Ал кишиде күнөө жок, ошон үчүн Күмүшалиева бойдон кала бер», - деген сөзүнөн кийин Сабира апа биринчи жолдошунун фамилиясында Күмүшалиева бойдон калган экен. Бул жерден Муратбек атанын айкөлдүгүн, түшүнүктүүлүгүн да баса белгилегим келет.
Экинчи жолдошу Муратбек Рыскулов далай тасмалардагы кейипкерлердин образын мыкты аткарган чыгаан, тубаса актер болгон. «Эки корифей бирин-бири урматтап, сыйлап, барктап, колдоп турушчу. Муратбек агайдын сырдуу касиети - терс каарманды жаратып жатканда да, анын адамдык жан дүйнөсүнүн жакшы жагын да жарата билчү. Анын Ата Журт үчүн болгон сый-урматы, сүйүүсү өзгөчө эле. Жерин, элин эч нерсеге теўечү эмес», - дешет жакындары. Анан да үй-бүлөгө камкор, күйүмдүү жолдош, мээримдүү ата болгон деп Сабира апа да өз эскерүүлөрүндө кеп кылып калган. Муратбек атанын адамдын талантын, эмгегин сыйлай, баалай билгендигин мындан билиңиз, «Бечара Сакиш, мен деп жүрүп, менин көлөкөмдө калдыңго…» - деп кейигени азырга чейин эл арасында айтылып келет.

Жөнөкөй жашоодо[оңдоо | булагын оңдоо]

Апам ооруп үйдө отуруп калганда да сымбатынан жазбай, кийимди тандап кийип, бутунан такалуу туфлисин түшүрбөй койкойуп гана отурчу. Кара, кичинекей сумкасы дайым жанында, ичинде сандыктын ачкычы, француз атыры, бет аарчы, анан 100 сом акча дайым болор эле. Ал киши өзү кичинекей болсо дагы, үнү ушунчалык өктөм, катуу чыкчу. үйдө отуруп алып бизге буйрук менен сүйлөчү. Анын ар бир айткан сөзү биз үчүн закон эле. Урушчу эмес, кыйкырчу эмес. Үйгө бата алабыз деп тааныган, тааныбагандар деле келе берчү. «Өзү ооруп атса» - деп биз келген кишилер менен сүйлөшүп жатканыбызды угуп, «Киргизгиле, мен элдик кишимин» - деп буйрук бере сүйлөчү. Дагы бир баса белгилей кете турган нерсе, апам эч качан өзүн атамдан өйдө койчу эмес. Ал өмүрүнүн акырына чейин атамды биринчи орунга коюп келди» - дейт кызы Нуржамал өз эскерүүлөрүндө.

Акыркы кол тамгасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сабира апа ооруп, карылыкка моюн сунуп үйдө отуруп калган кезде ал кишиден бата, кол тамга алганы же жөн эле ал-абалын суроо үчүн барган элдин аягы тынчу эмес экен. Ошондой күндөрдүн биринде Сабира ападан бир журналист кол тамга сураганда көп жаза албайм деп кызы Нуржамалга

«Кагылайын кыргыз элим, мен силер менен! Аман-эсен болгула!»
—деп жаздырып, аягына Сабира апаңар деп кол койгон экен

Ошондон көп өтпөй эле 2007-жылы 14-сентябрда 92 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Көрсө, чыгаан талант ошондо эле эли менен коштошуп койгон тура…

Эскерүү[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 2008 жылы Сабира Күмүшалиевага арналган, Кыргызстан почта маркасы чыгарылган.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]