Умай эне

Википедия дан
Умай эне
Бөлүгү Түрк мифологиясы
Жынысы Аял
Атасы Теңир
Бир туугандары Куяш, Эрлик Кан, Өлген, Ай-Ата

Умай эне (байыркы. түрк. ‏𐰆𐰢𐰖‎; каз. Ұмай ана, түрк. Umay Ana) — Балдардын төрөлүшүн жана алардын төрөлгөндөн кийинки убактарындагы ден соолугун сактаган мифтик эне. У. э. Манас төрөлгөндө жардам берет:

Умай эне — бериште
Урду келип баланы.
Урганына чыдабай
Ужутту көздөй барганы
«Ак амири, чык — деди,
Айтканымды ук» — деди,
Анда бала муну айтат:
«Ыгы менен айда — деп, —
Ырызгым менин кайда?» — деп.
Уруп кирди Умайың,
Ур деген улук кудайым.(«Манас», М., 1984, 1. 45—46).

У. э. Борбор Азияда жаралган, Азыркы Түштүк Сибирдеги Саян-Алтайдагы түрк жана моңгол тилинде сүйлөгөн элдердин диний түшүнүктөрүндө бүгүнкү күнгө чейин сакталып түндүктө якуттарга (сахаларга) чейин белгилүү. Орто Азияда У. э. кыргыздар менен өзбектердин диндик түшүнүктөрүндө мусулман дининин элементтери менен аралашып кеткен. У. э. 7 — 13-кылымдарда түрк рунн жазуу эстеликтеринде теңир, жер-суу менен катарлаш кудай катары аталган. У. э. байыркы түрк тарыхында зор роль ойногон. Байыркы түрк тилинде Умай деп курсактагы бала жаткан жайды, жатынды айтышчу. Тибет тилинде «ума» деп энени айтышат. Моңгол тилинде Умай жатынды билгизет. Кыскасын айтканда У. э. бул элдерде жаш балдарды коргоочу ыйык эне. Кыргыздарда У. э. да байыркыдан бери келе жаткан түшүнүк экенин, алардын оймо-чийме өнөрүндөгү «Умай» аттуу кештенин бизге келип жеткени. Мына ушундан улам байыркы түрктөр менен азыркы кыргыз эпосунун тыгыз байланышта болгонун да билүүгө болот. У. э-нин образы «Манас» эпосуна кыргыздардын исламга чейинки Борбор Азияда турган мезгилиндеги диний түшүнүктөрдүн негизинде кирген. Анткени У. э. жөнүндөгү маалымат жалаң гана «Манаста» эмес, фольклордун башка жанрларында жана эл оозунда сакталып келген.

Умай эне жөнүндө уламыш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Качандыр бир заманда Датка аттуу момун адам жашаптыр. Анын жети кызы болуптур. Эң кичүү кызынын атын Умай деп, чоң атасы Түкүбай акылман өзү койгон экен.
Жылдар өтө берет, Датканын кыздары бой тартып чоңоюшат. Турмуш деген турмуш эмеспи кыздар да биринин артынан бири турмуш сапарына аттанышып орун алып кетишине Датка бир жагынан кубанса, экинчи жагынан өкүнөт, капаланат. Үйү бөлөктүн түйшүгү бөлөк дегендей, кыздары да анда-санда көрүнүп, аларды ойлогон Датка түнү бою күңгүрөнүп чыгат.
Атасынын муңканып, кайгы тартканын эстүү кыз Умай сезип калат. Ал өзүнүн жаштыгына карабастан чоң кишилерден артыгыраак ойлонуучу. Бардык нерсеге күчү жетпесе да, акылы жетчү. Көпкө ойлонуп отуруп Умай бир чечимге келет. «Алты жаш деген оңойбу эгерде жамандыгым болбосо, жаштыгым калган жок. Сөзсүз атамдын көңүлүн көтөрүп, дартына дабаа табышым керек. Бул өз колумдан оңой менен келбейт. Келген күндө да, убакыттан уттуруп коюшум мүмкүн. Ошондуктан чоң атам тапшырып кеткен китебин тезинен окуп чыгышым керек. Мунсуз, дартка дабаа болчударыны көпкө издеп калам. Китепти толук окуп чыксам, жалаң гана ата-энеме жардамым тийбестен, элге да тийиши мүмкүн»,— деген ойго келет.
Убакыт аз өттүбү, көп өттүбү ким билсин, өзүнүн тырышчаак мүнөзүнүн аркасында Умай укмуштуудай дарыгер болуп чыга келет. Ал жөнүндө эл арасында кептер тарайт. Сыркоолуу адамдар келип андан жардам ала баштайт. Калк айтса, калп айтпайт деген эмеспи. Элге тараган имиш кептер чындыкка айланып, Умайдан дарыланып кеткендер куландан соо сакайып кетип жатышты. Ал жадагалса айбанаттарды да аяп, дарылай турган болду. Айыккандар бир эсе кубанса, аныдарылаган Умай, миң эсе кубанат. Ата-энесин сакайтып, алардын алкышына ээ болду. Умай үчүн келген кеселдердин баары бирдей боло турган. Аларды байлыгына, же мансабына карап мамиле жасоочу эмес.
Канча акылдуу болсо да, баланын балалык мүнөзү калат тура. Умай деле бала сыяктуу ата-энесине эркелегенди жакшы көрөт. Датка менен байбичеси кызынын кылык-жоругуна, боорукердигине жетине алышпайт. Бирөөнүн көзү тийбесин деп, тумар чийдирип мойнуна тагат. Умай ар дайым сыркоолуута чоң атам Түкүбайдын эми тийди деп айтып, эч качан мен дарыладым, мен сакайттым деп айтчу эмес экен.
Күндөр өтүп, жылдар жылып, Умай эне болду. Күн санап эненин аты ааламга угулуп, дүйнөгө тарады. Эми ал анын көлөкөсүнө сыйынчу болду. Ал гана эмес менменсинген дарыгерлер сыркоолууну көрөр алдында, оболу Умайга сыйынып: «Менин колум эмес, Умай эненин колу», деп туруп, андан ары өз иштерин жасашкан.
Ошентип, алты жашар кыз өз тырышчаактыгынан, акылдуулугунан, ак эмгегинен жамы журттун оозуна алынып, «Умай эне» атка конуптур. Көптүн батасын алган Умай эне түбөлүккө өлбөс болуп калыптыр. Кимдин үйүндө сыркоолуу бала-бакыра болсо, ал ошол жерде болот дейт. Табы айныганга эм-домун салып, тезирээк айыгып кетишин тилейт дейт. Эл арасында азыр да Умай эне өтө жакшы көргөн кишисине гана жолутат деген ишеним сакталып калган.
Ооба, ылайым Умай эненин, колу тийсин, дарт жолобосун, кырсык алыс кетсин!

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Серия: «Окуучунун китеп текчесине». АЛА-ТОО УЛАМЫШТАРЫ. Түзгөн: Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул. (Тестиер жана өспүрүм курактагы мектеп окуучулары үчүн)