Жумагулов Апас Жумагулович

Википедия дан
Апас Жумагулов

Жумагулов Апас Жумагулович (1934-жылы, Арашан айылы) — мамлекеттик жана коомдук ишмер.

1986-91-ж. Кыргыз Респ-нын Министрлер Советинин төрагасы, 1993-98-ж. Премьер-министри. 1999-ж. геол.-минералогия ил-нин доктору.
1992-ж. Кыргызстан инженерлик академиясынын академиги. Москвадагы И. М. Губкин атн. мунай-химия ж-а газ өнөр жайы ин-тун (1958), КПСС БКга караштуу Коомдук ИАны бүтүргөн. СССР ИАнын комплекстүү Түштүк геол. экспедициясынын лаборанты, Ош облусундагы «Кыргыз мунай» башкармасынын башкы геологу, башкы инженери (1958-73). 1973-85-ж. партиялык ишмери - Кыргызстан КП БКнын өнөр жай, транспорт бөлүмүнүн башчысы, КП БКнын катчысы, Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы. 1991- 92-ж. Чүй облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасы, 1992-жылдан Чүй облустук мамл. админ-нын башчысы, 1986-91-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты. 1999-жылдан Кыргызстандын Германиядагы элчиси. Кыргыз Респ-нын Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1978). Манас, Ак-Шумкар,Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.Кыргыз Республикасынын Баатыры (2022).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.