Ак кеме (тасма 1976)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ак кеме
The-white-ship(Ak-keme).jpg
Жанры

Драма

Режиссёру

Болотбек Шамшиев

Сценарийдин
автору

Чыңгыз Айтматов Болотбек Шамшиев

Башкы ролдордо

Нургазы Сыдыгалиев, Сабира Күмүшалиева, Орозбек Кутманалиев, Асанкул Куттубаев, Айтурган Темирова, Назира Мабетова

Оператору

Манасбек Мусаев

Композитору

Альфред Шнитке

Кинокомпания

Кыргызфильм

Узактыгы

95 мүнөт

Өлкө

СССР желеги СССР

Тили

Кыргызча
Орусча

Жылы

1976

IMDb

ID 0169601

«Ак кеме» — Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган советтик көркөм тасма.

Мазмуну[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөдөн алыс жайгашкан тоо арасындагы токой чарбасында - жети жаштагы бала жана улуу алты адам жашайт. Бала жалгыз. Балага көзөмөл салып жана ата-энелик вазыйпаны, элдик уламыштарды мыкты билген таятасы Момун алмаштырып турат. Жомоктор жана кызыктуу уламыштар дүйнөсүнөн терең таасир алган баланын дүйнөсү, улуу адамдардын реалдууу ачуу дүйнөсүнө карама каршы кабылат.

Каармандарда[оңдоо | булагын оңдоо]

Тартуучу топ[оңдоо | булагын оңдоо]

Тасманын жаралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов "Ак кемеси" менен СССР адабиятына - тили, курулушу, чечилиши жагынан чоң жаңылык алып келген. Идеология менен жаап-жашырылган совет жашоосунун чыныгы жүзүн көрсөтүп, эрдик жасаган менен, орустун көп жазуучулары "Ак кемени" төө бастыга алышкан. Демек, кол учунан жазылган, жөнөкөй чыгарма болсо, көз кырында калмак беле, мыкты болгондуктан, көрө албастык, ич күйдүлүк баарыбир биринчи орунга чыккан.

Жакшы чыгарманы кино аркылуу элге жеткиргенге ар бир режиссер умтулат. 1974-жылы отуз үчкө жаңы чыккан Болот Шамшиев "Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү жаңырыгы" деген үч көркөм фильмди тартып, "урунарга тоо, урушарга жоо таппай" турган мезгили болчу. "Ак кемени" эч буйдалбай, чечкиндүүлүк менен мойнуна алды. "Ак кемени" кино тилине которуу көп убакытты талап кылып, сценарийди Айтматов, Шамшиев экөө биргелешип жазып чыккан. Кино мазмуну - Момун - жөнөкөй эл, Орозкул - тоталитардык бийлик, Бала - чындык. Демек, чындыкты кандай гана бийлик болбосун өстүрбөй, баш көтөрүп келатса кыя чаап турушат. Сценарий жазылганда чыгармага көп өзгөрүүлөр, жаңы образдар киргизилип, 1974-жылы жай айларында "Ак кемеге" 600 миң рубль бөлүнүп, Көлдүн Чоң-жаргылчак деген жеринде тартыла башталган.

Кызыктуу маалыматтар[оңдоо | булагын оңдоо]

Ак-Кеме кинотасмасынан кадр. Момун жана Нургазы.

Эл баатыры Сабира Күмүшалиева Карыз кемпирдин образына дароо бекилген. Чукчуңдаган, куучуңдаган кемпир өмүрүндө бир жакшылык көрбөгөн, бир тыйындын кадыр-баркын түшүнгөн образ. Чыгармада анчалык орду болбосо да, сценарийге образын жана биографиясын берип, өзүнчө чоң роль болуп калган. Орозкулду - Орозбек Кутманалиев ойнору эбак эле чечилип, режиссер Болот Шамшиев менен экинчи режиссер Темир Дүйшекеев Орозбек агага "Орозкул үчүн кичине арыгыраак болуп атасың, дагы семиргиниң" деп тапшырма беришкен. Ал эми Момун чалдын образына көптөгөн артисттер пробага келишип, эч кимиси режиссердун көңүлүнө жакпай коет. Акыры Болот Шамшиев театрда жалаң комикалык ролдордо ойногон Асанкул Куттубаевди ылайык көрсө, көркөм кеңеш каршы чыгат. "Өзү комик болсо, Момунду кантип ойнойт?" дешип, бирок режиссер беттегенин бербегенде, акыры көнүшөт. Себеби "Караш-караш окуясында" Сүймөнкулду алып келгенде ошол эле көркөм кеңеш чалкасынан кеткен. Кийин кино ийгиликтүү чыкканда режиссердун көрөгөчтүгүнө баа беришкен. Момун чалга келгенде да режиссерду жайына коюшту.

Жазуучу үчүн да, режиссёр үчүн да баланын ролу эң маанилүү эле. Аны аткаруу үчүн өзгөчө актёр керек болчу. Актриса Сабира Кү­мү­шалиева эскерет:

Баланын ролуна тандоо жарыяланганда миңдеген балдарды жетелеп келишкен. Алардын арасынан бизге он чактысы жакса да режиссер бирөөнү да жаратпай койгон. Бир күнү режиссёр мага көздөрү бакырайган балакайды көрсөтүп, “жарайбы? деп сурады. Ал өтө эле тентек, шок болгондуктан, аркасынан жете албай калабыз деп корктук. Болот “кана, бизге сууда сүзүп бараткан баланы көрсөт­чү” десе, тиги ойлонбой туруп жерге жата калды да чын эле сууда сүзүп бараткандай кыймылдап көрсөтүп берди. Ошол күнү дароо тандоо токтотулду”.

Сабира Күмүшалиеванын эсинде дагы бир кызык окуя калган экен. Бир сюжетти тартууда режиссёр анын ыйлоосун талап кылган. Көзүнөн эч жаш чыгара албай кыйналган актрисаны режиссёр урушуп коёт. Ошондо катуу сөзгө ызаланган Сабира апабыз кетем деп терс басып баратып, ызасына чыдабай ыйлап баштаган экен. Анан бир кезде тык токтоп, артка кайрылып “ыйлап жатам, мени тезирээк тарткыла” деп режиссерду шаштырыптыр.

Тасмадагы санжыраны чагылдырган эпизоддогу Бугу эненин мүйүзүндөгү бешиктеги ымыркай актриса Айтурган Темированын баласы. Актриса өзү кичине баласынын киного тартылуусун каалаган эмес. Анда Болот Шамшиев куулук кылып Айтурган Темированы дүкөнгө жиберип ийет да, апасы жокто наристени тасмага тартууга уурдап кеткен экен.

Эң кызыгы, кино тартылып монтаждалып бүткөндө, Москвадан "Совет бийлиги чагылдырылган эмес. Кайра тарткыла" деп кабыл албай коюшат. Биздикилер "андай болсо акча бергиле" дейт да, 50 миң рубль бөлдүрүп алышат. Москвадан келишсе, пионерлер чогулуп пионер лагерлерине кетип атыптыр, аларды, анан театрдын алдында турган эки милийсаны тартышып, кайра Москвага жөнөтүшөт. Баягы эле кинону баштан аяк көргөндөр "кана совет бийлиги?" деп суроо узатса, "эмне, пионерлер, милициялар силерге совет бийлиги эмеспи" деп көшөрүп атып өткөрүп келишкен.

  • Зөөкүр Орозкул - Орозбек Кутманалиев кинонун кызыгына батып кетип Момун чал - Асанкул Куттубаевди катуу сабап салган экен. Съемкадан кийин Асанкул аксакал Орозбекке таарынып такыр сүйлөбөй койгондо, ортомчуларды ортого салып, алдына түшүп атып, араң кечирим сураган.
  • "Ак кеме" алты ай ичинде тартылып бүтүп, 1975-жылы ноябрь айында Бишкектеги спорт сарайында премьерасы өткөн.
  • Премьерада тасманы көрүп отуруп ыйлабаган киши калган эмес.
  • Бүткүл союздук кинофестивалда Гран-прини жеңген. Ч.Айтматов, Б.Шамшиев, оператор М.Мусаев - "Ак кеме" үчүн бүткүл союздук мамлекеттик сыйлык алышкан.
  • Режиссер Б.Шамшиевдин гонорары - тогуз миң рубль, 2-режиссер Темир Дүйшекеевдики - эки миң рубль болгон.
  • Баланын ролу Нургазы Сыдыгалиев үчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал "Птицы наших надежд" тасмасында Тимурдун ролун ойнойт.
СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, Карыз таененин образында.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • СССР мамлекеттик сыйлыгы (1977 жыл, сценарийчи жана режиссёр Болотбек Шамшиев, сценарийчи Чыңгыз Айтматов, оператор М. Мусаев)
  • Чыгармачыл топко чоң байге — 9 Жалпы союздук кинофестиваль (1976, Фрунзе)
  • «Алтын эдельвейс» Гран-при сыйлыгы Тренто—77 (Италия);
  • «Күмүш лачена» байгеси МКФ Авеллино—77 (Италия)
2009 - жылы чыккан маркада.

Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]