Сүймөнкул Чокморов

Википедия дан
Сүймөнкул Чокморов
Туулган датасы:

9 -ноябрь 1939(1939-11-09)

Туулган жери:

Чоң-Таш айылы, Ворошилов району,
Кыргыз ССР, СССР

Өлгөн датасы:

29 -сентябрь 1992(1992-09-29) (52 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Кесиби:

актёр, сүрөтчү

Карьерасы:

1969 — ?1989

Багыты:

Социалисттик Реализм

Сыйлыктары:
Калып:«Урмат белгиси» ордени
СССРдин эл артисти — 1981 Калып:Ленин комсомолунун сыйлыгы
IMDb:

ID 0158924

Сүймөнкул Чокморов (09.11.1939, Чоң-Таш айылы, Аламүдүн - 29.9.1992, Бишкек) — Советтик кыргыз кино актёру жана сүрөтчүсү Ал жыйырманчы кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчү жана кино актёр катары маалым.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган.Үй-бүлөдө 7 бир тууган болгон, ал, үч байкеси жана үч эжеси. Кичинекей чагында катуу ооруган. Ошол үчүн спорт менен машыга баштаган.Кыргызстан жана Ленинград тандалма волейбол тайпасында ойногон. Ошол эле учурда живопиське кызыгып кеттип. Мектептен кийин Ленинград Көркөм Академиясына тапшырган, 1964-жылы бүтүргөн. Окууну бүтүргөндөн кийин Фрунзе Көркөм окуу жайында сабак берген. 1967-жылы КСРСнун Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болуп калган. Киного 1969-жылы келген. Биринчи ролу "Караш ашуудагы атыш"("Выстрел на перевале Караш") тасмасында башкы каармандын ролун аткарган. Актёр тарыхый тасмаларда ("Жетинчи ок"("Седьмая пуля"), "Дерсу Узала") жана бүгүнкү күндөгү маселени көтөргөн тасмаларда ("Кызыл Алма") роль аткарган. Көбүнчө кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм-тасмаларда роль аткарган. 1981-жылы Чокморов КСРСнун эл артисти наамын алган.1992-жылы Бишкек шаарында 53 жаш курагында көпкө созулган оор оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ал 1958-жылы Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаарындагы) көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган.
  • 1964-жылы И.С Репин атындагы Ленинграддагы живопись,скульптура жана архитектура институтун бүткөн.
  • 1964-1968-жылдары Фрунзедеги сүрөт окуу жайынын окутуучусу,кийин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
  • Сүймөнкул Чокморов талантынын көп кырдуулугу менен көпчүлүккө кеңири таанылып,кыргыз көркөм өнөрүнүн казынасына өзүнүн бай үлүшүн кошкон.
  • Ал чыгармачылык ишин сүрөтчүлүктөн баштайт.
  • Көбүнчө живопись ("Тоо кечи","Узатуу" жана башка)жана портрет("Эне","Актриса","Саякбай Каралаев","А.А.Жанкорозова","С.Жумадылов"жана башка)жанрын өрчүтүүдөн баштаган.

Актёрдук ишмердиги жана аткарган ролу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын табият тартуулаган таланты алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Б.Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" тасмасында башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруусунда эле ажайып ачыкка чыккан.
Суймөнкул Чокморов буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан Бактыгулдун ролун такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойногон.
Ал түзгөн образ 1968-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тасмаларынын фестивалында эң мыкты ойногон роль катары таанылган.
"Караш-Караш окуясы" тасмасына удаалаш Данияр ("Жамийла", 1969-жылы), Хожаев ("Атайын комиссар", 1970-жылы)Карабалта("Касиеттүү Ысык-Көл", 1971-жыл) Азат ("Улан", 1977-жыл)жана башка фильмдерге негизги ролду ойногон. Анын экинчи белгилүү ролу өзбек киносундагы "Жетинчи ок" фильминдеги милиция отрядынын командири - Максумовдун образы болду.
Бул фильмде Максумов (Сүймөнкул Чокморов) баштан аяк басмачылар менен кармашат.
Мына ушул окуяларды тартуу учурунда актерго эчен татаалэпизоддорду (атчан жыгылуу,сууга секирүү өңдүү)дублерсуз аткарууга туура келгендиктен анын таң калаарлык чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты журо билиши экранда ишенимдүү мүнөзгө ээ болуучу образды жаратканга көмөкчу болгон.
Ал эми Режиссер-коюучу Төлөмүш Океевдин "Көк-жал" фильминдеги татаалдыгы, терең психологиялуулугуменен өзгөчөлөнгөн Ахангулдун образын табиятынан таланттуу Сүймонкул Чокморов гана терең ачып берген.
Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чеберлеринин бири Япониялык режиссер Акира Куросаванын "Мосфильм" студиясында койгон "Дерсу Узала" кинокартинасындагы токой каракчылары менен күрөшүүчү отрядды баштаган чынчыл, ак пейилдүү адам - Чжан Баонун ролун ойногонго Сүймөнкулду чакырышы анын актерлук талантын баалагандыктан, ага карата болгон зор ишеним болгон.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылдагы 5000 сом

Адам табиятын терең ачып, кулк-мүнөзүн кылдат түзгөн көп кырдуу таланттын эмгеги жогору бааланып ага эркектин мыкты ролун түзгөндүгү үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарында 4 жолу 1-сыйлык ыйгарылган.

  • Кыргыз ССРинин Эл артисти,
  • СССРдин Эл артисти,
  • Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү деген наамдар берилген.
  • Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Ал тууралуу эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Матисаков А.Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй: Очерк. - Ф;Кыргызстан ,1989.-40б;
  • Оторбаев Р.Өчкөн жарык жылдызы //Нуска. - 1996. - №10. - Б.4;
  • Чокмор уулу К. Мурасын муундарга сактайлы //Кыргыз Туусу. - 1994. - 10-нояб.;
  • Казыбаев П.Эмгегине татыктуу эстелик койсок // Кыргыз Туусу. - 1993. - 29-май;
  • Мамбетказиев И. Кылымга бир келген Сүймөнкул // Кыргыз Туусу. - 1993. - 3-июнь.;
  • Борбиев Э. Шык жана адамкерчилик // Экран. - 1989. - №11. - Б. 2-3;
  • АКТЕР, сүрөткер адам // Фрунзе шамы. - 1989. - 1-декабрь.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]