Волейбол

Википедия дан
Волейбол оюну

Волейбол — топ менен ойнолуучу командалык спорт оюну. Волейбол менен машыгуу тез жана так реакция жасоону, шамдагайлыкты, көз менен болжолдоону өөрчүтөт, кыймыл координацияларын жакшыртат. Оюнда дененин жалпы өөрчүшүнө, келбетти жакшыртууга түрткү берүүчү ар кандай кыймылдар (топту ар кандай абалда берүү жана УРУУ, секирүү, эңкейүү, чалкалоо, денени алга, артка буруу) көп жасалат. Спорттук валейбол менен машыгууну балдар 9 жашынан баштаса болот, мелдештерге катышууга 11—12 жаштан уруксат берилет. Волейбол менен машыгууда колдун манжаларынын травмасы, урунуу, байламталардын чоюлушу жана башка болушу мүмкүн. Травмалардын алдын алууда туура ойноо техникасына ээ болуу, оюн аянты текши жана спорттук бут кийимдин ыңгайлуу болушу чоң мааниге ээ. Волейбол ойноо анча татаал эмес, аны залда жана ачык абада ойноого болот. Ошондуктан ал активдүү эс алуунун жана ден соолукту чыңдоонун мыкты каражаты болуп эсептелет. Аны ден соолугунда олуттуу өзгөрүүлөр болбогон ар кандай курактагы адамдар ойной алышат. Улгайган адамдар волейбол менен такай машыгуудан мурда врач менен кеңешүүсү зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8