Советтик Кыргызстан
Jump to navigation
Jump to search
«Советтик Кыргызстан» – танк колоннасы. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941–45) СССРди коргоо жана Кызыл Армия фонду үчүн кыргызстандыктар топтогон каражатка курулган. Патриоттук жөрөлгөнүн демилгечилери Кочкор районундагы Көкжар айылынан Ч. Жаңыбаев, Өзгөн районунун Куршабынан ошондой эле Кулматов Советтик Кыргызстан танк колоннасы үчүн 50 миң сомдон каражат беришкен. Алардын демилгесин жалпы эл кубаттап, чогултулган каражатка курулган танкаларды Кыргызстандын партиялык-өкмөттүк делегациясы 1942-жылы ноябрда танкисттерге тапшырган, алар Сталинград салгылашына жөнөтүлгөн.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”