Кожомкул атындагы спорт сарайы

Википедия дан

Кожомкул атындагы спорт сарайы (дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40).

Кыргыз ССРинин мамлекеттик спорт комитетинин демилгеси менен Москва шаарындагы «Союзспортпроект» уюму тарабынан 1967-ж. долбоорлоо ишине киришип, 1969-ж. долбоорлоо сметалык документтери бүтүрүлгөн. 1971-ж. курулуш иштери башталып, 1974-ж. октябрда ишке киргизилген, бирок курулуш иштери толугу менен бүткөрүлгөн эмес. 1978-жылга чейин бүтүрүү кабыл алынган. Архитектурасы кооз, монументтүү курулуш (архитекторлору А. Костин, В. Маруков, Е. Юрченсон, инженери К. Ильенко). Ээлеген аянты 2,57 га.

Имараты 5 корпустан турат. 1. Көрүү залы (42x60 м). Бул залда спорттун бардык түрү боюнча мелдештер, концерттик программалар жана ар кандай коомдук иш чаралар өтөт. Зал 3 мин, орундуу.

2. Вестибюль жана чакан залдар. Бул жерде көргөзмөлөр, ярмаркалар өткөрүлүп турат.

3. Машыгуу зонасы (54x18 м). Спорттун бардык түрү боюнча машыгуулар (а. и. оор атлетика боюнча машыгуу залы (36x12 м аянтты ээлейт). Эки аянты бар.

4. Сууда сүзүү бассейни. Анын узундугу 50 м, туурасы 25 м, бассейндеги суунун көлөмү 2750 м’\ Эки трибунасы бар. 800 орундуу, 3 миңге жакын сууда сүзүүчүнү тейлей алат. КМШ өлкөлөрүндөгү эң чоң бассейн.

5. Администрация корпусу. Бул жерде сарайдын жетекчилеринин, машыктыРУУчулардын, спорт боюнча кесипкөйлөрдүн жумушчу кабинеттери жайгашкан. Оор атлетика кол топ, волейбол, баскетбол, теннис, бокс, күрөш, фехтование, спорттук жана көркөм гимнатиска ж. б. спорттун түрлөрү боюнча республикалык жана эл аралык мелдештер өтүп турат. Анын жанында Кожомкулдин эстелиги орнотулган (2004).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9