Тоголок Молдо көчөсү

Википедия дан

Тоголок Молдо көчөсү Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан.

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көчө түштүктөн (башталышы) түндүккө чейин созулган. Көчө түндүктү карай акырындык менен төмөндөйт.
Москва көчөсүнөн башталып Манасчи Сагымбай, Токтогул, Сыдыков, Киев, Чүй, Рыскулов, Абдымомунов, Фрунзе, Жибек Жолу борбордук көчөлөрдү кесип өтөт. Жибек Жолдон тартып түндүктү карай жеке турак-жай сектору башталат. Чоң Чүй каналын өткөндөн кийин, көчө ийилип баштайт. Саадаев көчөсүнө жетип бүтөт. Саадаев көчөсүндө Бишкек шаардын административтик чеги өтөт (Аламүдүн райондун Төмөнкү Ала-Арча айылы башталат).
Көчөнүн узундугу 4,7 км.

Аталыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1936 жылга чейин көчөнүн аты Казарменная болчу. Казармалар Токтогул көчөсүнүн кесилишинде турчу. Андан кийин көчө Ворошилов атынан коюлган. 1957 жылы көчөнүнү аты Спортивная деп өзгөртүлгөн. 1960 жылы белгилүү акын Тоголок Молдонун ысымынан коюлган.

Имараттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

үй №3 — Академик Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борбору

үй №10 — КР ТИМ алдындагы Консулдук кызматынын департаменти

үй №17 — Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикти

үй №17А — Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадиону

үй №21а — Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

үй №40 — Кожомкул атындагы спорт сарайы

үй №50 — Т. Садыков атындагы улуттук көркөм академиянын музеи

үй №54А — "Кыргызстан" коммерциялык банкы

үй №58 — М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети

үй №73 — №33 мектеп-гимназия

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]