Улуттук кардиология жана терапия борбору

Википедия дан

Улуттук кардиология жана терапия борбору M. М. Миррахимов атындагы (УКТБ) - КРдин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу кардиология, терапия жана тоо медицинасы боюнча жогорку илимий, дарылоо, окуу-өндүрүштүк медициналык мекеме. 1977-ж. Кыргыз ССР кардиология ИИИ катары уюшулуп, аны акад. M. М. Миррахимов жетектеген (2007-ж-га чейин).

1997-ж. УКТБ болуп уюшулган. Борбордун негизги максаты - илимий, изилдөө, билим берүү, дарылоо, ооруну аныктоо, уюштуруу-методикалык ж. б. иштердин сапатын жогорулатуу. Анын курамында кардиол., терапиялык, шашылыш жардам бөлүмдөрүн камтыган көп профилдүү стационардык бөлүм; алдын алуу жана калыбына келтирүү бөлүмдөрү, илимий изилдөө, ооруну аныктоо лабораториясы жана бийик тоолуу стационары (деңиз деңгээлинен 3200 м бийиктиги жайгашкан), тоо медициналык лабор-сы, консультация ж. б. бөлүмдөр бар. УКТБде респ-нын бардык аймактарынан келген оорулуулар кардиологиялык жана терапиялык - өпкө, бөйрөк, тамак сиңирүү органдары, эндокрин бездери, муундары ж. б. органдары жабыркаганда жардам алышат. Борбордун иш-аракетинде ооруну туура аныктоо жана дарылоо багытында жүрөк-кан тамыр, боор, ж. б. ички органдары жабыркаган адамдардын оорусун дарылоодо уникалдуу хирург. технология колдонулат. Бул жаңы технология бычаксыз аткарылат. Мындан тышкары борбордо эл аралык деңгээлдеги лабораториялык, аспаптык жана молекула-биологиялык методдор кеңири колдонулууда. Борбордо КР УИАнын 1 корр. мүчөсү, 9 проф, 4 илимге эмгеги сиңирген ишмер, 10 СССР жана КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаттары ж. б. эмгектенет (2014). 2007-жылдан борбордун директору - A. С. Жумагулова.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4