Драма

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Драма (грекче drama аракет) - 1) адабияттын үч түрүнүн (эпос жана лирика менен катар) бири драма бир эле убакта театрга да, адабиятка да орток жанр. Драманын өзгөчөлүгү сюжеттүүлүк, окуянын курч карама-каршылыктуулугу, анын сахна оюндарына бөлүнүшү, каармандардын диалогдорунун туташтыгы, баяндоонун жоктугу же көмөкчү абалда болушу. Анын түпкү негизин социалдык-тарыхый же «түбөлүктүү» жалпы адамзат карама-каршылыктарына дуушар болгон кишилердин ой-пикири, кагылышы, сөз таймашы түзөт. Драматизм искусствонун бардык түрүндө жолукса да, драмада мыйзам ченемдүү түрдө басымдуулук кылат. Драма өз ичине көп жанрды камтыйт. Трагедия менен комедия драмада жашап келген түбөлүктүү жанрлар. Орто кылымда мистерия, моралите, көчө драмалары, ошондой эле мелодрама, фарс, водевилъ кеңири тараган, азыр драмада трагикомедия маанилүү орунда. Европа драмасынын башатында байыркы грек драматургдары Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан турат. Байыркы Рим драмасынын өкүлдөрү Плавт, Теренций. Чыгышта драма кийинчерээк өнүккөн. Индияда драма жанрынын гүлдөгөн доору б. з. 1-миң жылдыгына (Калидаса, 4-5-кылымда, Шудрака, 5-кылымда ж. б.) туура келсе, Кытайда 13-14-кылымда атуулдук драма адабий жанры калыптанган. Европа драмасынын «алтын доорун» Англиядагы жана Испаниядагы Кайра жаралуу доору менен барокко мезгилиндеги драма түзөт. Шекспирдин драмаларында трагедиялуулук жана комедиялуулук, реалдуулук жана фантастика чыныгы элдик драмалык формада сүрөттөлгөн. 19-кылымдагы орус драматургиясы дүйнөлүк драманын тарыхына зор салым кошкон. А. С. Грибоедов, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, A.Н. Островский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов чыныгы реалисттик драманы жараткан. М. Горький, В. Вишневский, Н. Погодин, К. Тренёв, B.Маяковский, Л. Леонов, А. Корнейчук, А. Арбузов сыяктуу драматургдардын чыгармалары драматургиянын алтын казынасына кирди. Кыргыз адабиятында драмалык чыгармалар 1920-жылдардын аягында пайда боло баштаган. 1926-жылы Ысык-Көл облусунун айыл чарба техникумунда драма ийрими уюшулган. Кийин борбордогу педтехникумдун алдындагы драмалык ийримдерде, театр студияларында орус драматургдарынын пьесалары (мисалы, Н. В. Гоголдун «Текшерүүчүсү» жана башка) коюла баштаган. Кыргыз адабиятында алгачкы драмалык чыгарманы М. Токобаев жазып, С. Карачев, К. Жантөшев, Ш. Көкөнов кыргыз драматургиясын түптөшкөн. Башында Касым Тыныстанов турган авторлордун «Академия кечелери» деп аталган драмалык циклин кыргыз драма жанрынын калыптанышынын, өркүндөшүнүн айрыкча бир этабы катары эсептөөгө болот. Драма жанрынын өнүгүшүнө Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, А. Токомбаев, А. Осмонов, Т. Абдумомунов зор салымдарын кошту. Б. Жакиев, Ж. Садыков, М. Тойбаев, Б. Өмүралиев, М. Гапаров, C. Раев жана башка драматургдар жаңы бийиктикке көтөрүштү. Ч. Айтматовдун кыргыз драматургиясында ээлеген орду өзгөчө. Жазуучунун чыгармалары боюнча спектаклдер кыргыз театрларында эле эмес, чет өлкөлөрдө да байма-бай коюлууда; 2) драматургиянын трагедия жана комедия менен катар негизги жанрларынын бири. Драма комедия сыяктуу адамдардын жекече турмушун сүрөттөйт, бирок анын максаты адамдардын мүнөзүн жана кылык-жоругун шылдыңдоо эмес, алардын коом менен болгон оош-кыйыш мамилесин ачуу. Драма трагедия сыяктуу эле каармандардын рухий калыптануу баскычын же адеп-ахлактык өзгөрүүлөрүн сүрөттөйт, бирок анда көрсөтүлгөн мүнөздөрдө трагедиялык каармандарга таандык бөтөнчөлүк жок. Драма курч карама-каршылыктарды жана алардын кагылышын түзүүгө умтулат. Драманын белгилери антикалык (мисалы, Европада) жана айрыкча Кайра жаралуу доорундагы драматургияда эле болгон. Бирок өзүнчө жанр катары драма 18-кылымда гана калыптанган. Азыркы учурдагы драматургиянын кеңири тараган түрү реалисттик психология Д. Т. Абдумомунов («Абийир кечирбейт»), Б. Жакиев («Атанын тагдыры»), Ж. Садыков («Айкөл Манас»), М. Байжиев («Төрт адам»), Ш. Садыбакасов («Ак боз ат») жана башка кыргыз драматургдары психологиялык драмага кайрылышты.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5