Карачев, Сыдык

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Сыдык Карачев.

Сыдык Карачев (Сыдык Карач уулу, 1900 - 1937) - Кыргызстандагы 1918-37-жылдардагы чыгаан айдыңдардын бири, журналист, жазуучу, адабиятчы, драматург, басма ишине редактор катары кызмат өтөгөн адис.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Улуттук жазма адабияттын, журналистика жана котормо өнөрүнүн жерпайын түптөшүүдө кадыресе орду бар туңгуч калемгер Сыдык Карач уулу чейрек кылымдан ашык убакыттан бери жамы журтчулугубуз гана эмес, адабият күйөрмандарынын арасында да дарексиз, кабарсыз болуп келди. Арадан отуз жыл убакыт өтүп, Сыдык жалган жалаадан, саясий айыптан толук арылгандан кийин гана ал жөнүндөгү алгачкы маалыматтар басыла баштады. Айрыкча эгемен Кыргызстандагы демократия менен айкындуулуктан кийин бул белгилүү инсандын чыгармачылык жолун иликтөөгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.

С.Карач уулу Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1900-жылы туулган.
1918-жылы Мамбет Сүйүнбаевдин жетекчилиги астында кызыл гвардиянын отрядына кирип, Ак-Суу, Лепси, Черкесск жерлеринде ак гвардиячылар менен күрөшүүгө, 1920-жылы Кызыл Армиянын курамында Бухара эмиратын кулатууга активдүү катышкан.

1921–1923-жж. Ташкент шаарындагы В.И.Ленин атындагы аскер окуу жайында окуган.
1923-жылы «Кошчу» кыргыз кедей жана дыйкандар союзунда иштеген.
1924-ж. алгачкы кыргыз тилиндеги «Эркин-Тоо» гезитине биринчи жооптуу катчы, кийин «Кызыл Кыргызстан» гезитинде, «Кыргызмамбаста» адабий кызматкер, редактор болуп иштеген.
1928-жылы Бишкекте ара-чолодо "Кызыл учкун" адабий ийримин жетектөөгө катышкан.
1930-жылы Оштогу "Кызыл пахтачы" газетасына жооптуу катчы болуп которулду.
С.Карачев 1937-жылы негизсиз репрессияланган жана өлгөндөн кийин акталган.

Чыгармачыл ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

С.Карачев татар тилинде ырларды, аңгемелерди жазып, 1918-ж. «Шура» татар гезитинде Ленин жөнүндө жарыялаган.

1919-жылдан «Көмөк», «Тилши», Жети-Суу ревкомунун басма органдарында, Түркстан КП органдарында – «Ак жол» гезитинде, «Чолпон», «Жас кайрат» журналдарында чыгармалары үзгүлтүксүз жарыяланып, көптөгөн ырлары «Эркин-Тоо» гезитинин беттеринде жарыяланып турган.

Ал кыргыз профессионалдык прозасына негиз салуучулардын бири болуп эсептелет.
С.Карачевдин «Теңдик жолунда» аттуу китеби 1928-жылы жарык көргөн.

С.Карачев А.С.Пушкиндин «Дубровский», «Станционный смотритель» повесттерин, Н.А.Островскийдин «Как закалялась сталь» романын, Р.Ролландын «Жан Кристоф» романынан үзүндүнү, Л.Н.Толстойдун, А.П.Чеховдун аңгемелерин, ошондой эле коомдук-саясий адабияттын көптөгөн басылмаларын которгон.

С. Карачев "Шаңдан жүрөк", "Аялдар салтанаты", "Айылдагы курбума", "Досума", "Эл сагынуу", "Күзгү түн", "Эркин-Тоого", "Май", "Жаңы турмуш - жарык күн", "Эл менен бүгүн биргебиз", "Эмгек таңында", "Күрөш учкундары", "Неге алдадың?", "Өткөн өмүр - бир өлүм" деген лирикалык жана махабат ырларын жазган. Акын аталган туундуларында тап душмандарынын айыгышкан күрөшүн сүрөттөөгө, жаңы замандын артыкчылыгы менен жеңиштерин, эркиндик алган элдин көңүл күүсүн, эркин эмгегин даңазалоого аракеттенет.

С.Карачев жөнүндө изилдөөлөрдөн айрым ойлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Адабиятчы З. Мамытбеков Сыдык Карачевдин биринчи ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро" гезитинде жарык көргөнүн, адегенде жалаң татар жана казак тилинде жазганын, 1919-жылы "Көмөк" газетасында "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", ал эми 20-жылдардын башында ар түрдүү темалардагы "Армандуу эки жаш", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" деген аңгемелери басылганын жазат.

Буга С. Жигитов кошула албай С. Карачев бардык алгачкы чыгармаларын дээрлик татар тилинде жазган деген толук бойдон чындыкка дал келбегенин, 1919 - 1924-жылдары Сыдык көркөм аңгемелерин баштан-аяк татарча, ал эми айрым макалаларын жана ырларын кыргызча эле жазганын айтып келип, "Сыдыктын 1924-жылга чейинки поэзиялык туундулары кандайдыр бир идеялык оош-кыйыштардан таза деп болжолдоого негиз жоктугун, ошол кездеги өтө эле өгөйчүл, жаасы катуу идеологиянын ашкан кыраакы, ашкере активдүү жоокери Аалы Токомбаев курулай жокту бар кылып, жөнсүз, жүйөсүз эле С. Карачевдин чыгармаларын айыптабаганын, Сыдыктын татарча жарыяланган бирин-экин ырларында жаңылыш идеялык жаңырыктардын бар экенин" совет доорунда жазган эмгегинде белгилеп көрсөтөт. Бирок С.Жигитов кийин бул сынын "жумшарткан".
С. Жигитов саналган ырлардын көпчүлүгүн мисалга тарта отуруп, Сыдыктын поэзиясындагы жылт эткен жаңылык-табылгаларды, оош-кыйыштарды да таасын көрсөтүптүр. Ырасында да бул ырлардын айрымдарында "...Сыдык башка акындар жылаңач бойдон түз эле айтып таштаган идеяларды санжыргалап, өзгөчөлөп, кайманалап, жаңыча троптук каражаттар, ритмикалык курулуштар, строфалык уюшмалар аркылуу туюндурууга далбас кылган. ...Кыргыз ырын жаңыча ритмикалык алкактарга салып, жаңыча уйкаштыруу ыктарын колдонуп, бир кыйла татаал формада сүйлөтүүгө күч үрөгөнү таасын байкалат. ...Жыйынтыктап айтканда, Сыдык Карачев 20-жылдары акын сыпатында да басма сөздө көрүнүп, улуттук жазма поэзиябыздын түптөлүшүнө аздыр-көптүр кол кабыш кылган. Бирок бул жагынан анын ийгиликтери анча бараандуу да, орошон да эмес" - дейт С.Жигитов.
Убагында Сыдыктын бир дагы чыгармасы калыс иликтенип, өз баасын ала албады. Өлөр-өлгүчө, ал гана эмес көзү өткөндөн кийин да, чейрек кылымдардан ашык убакыттын аралыгында анын атын атоого тыюу салынды. Кыргызстан 1991-жылы эгемендикке жеткен соң гана С.Карачев тууралуу калыс баалар берилип калды.

Жарык көргөн эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

С. Карачев кыргыз, орус, татар, казак тилдеринде жазып, чыгармаларын жарыялаган.

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Теңдик жолунда: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1928. – 40 б.
  • Эрксиз күндөрдө: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1928. – 104 б.
  • Төр ага Зейнеп: 3 көшөгөлүү, 15 сүрөттүү пьеса. – Ф.: Кыргызмамбас, 1929. – 34 б.
  • Эрик таңында: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1929. – 34 б.
  • Эрик таңында: Повесттер, ырлар, котормолор. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 259 б.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • КАРАЧЕВ С. На заре свободы // Лит. Кыргызстан, 1989. - №7. – С. 68-77.

Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]