Мамбет Чокмор уулу

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

МАМБЕТ ЧОКМОР УУЛУ 1896-жылы Тоң аймагындагы Корумду деген жерде туулуп, 1973-жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
1. Устаты. Таекеси Дөңүзбайдын "Манасын" кичинесинен көп уккан. Бирок кайсы манасчыдан кандайча таалим алганын айтчы да эмес экен. Сурагандарга "Манасты" бирөөдөн үйрөнбөйт, кудай берет" деп кесе айткан.
2. Түштөгү аян. Мамбет төрт жашар кезинде уктап жаткан жеринен жылаңач тура качып кетет. Ошондо кереметтүү нерсени ээрчип кетип, Манастын жүргөн жолдорун даана көрөт. Кийин жыйырмага карап калган кезинде дагы түшүнө Манастын кошуну кирет. Ошолордун ичинен бирөө буларды тааныбайсыңбы деп опузалап суракка алат. Мамбет аларды тааныбай тургандыгын айтат. Дагы бирөөнүн "Найза менен сайып өлтүрүп ташта" деген дабышы угулат. Дагы бирөө "Коркпогун, "Манасты" айтасың" -дейт, үчүнчүсү "Жүрөгү түшүп калды, кантип айтсын" дегендей болот. Анан бирөө түшө калып Мамбеттин оң түшүнө бечет басат. "Болду эми жыйырмага чыкканда айтат" дешип алар кете беришет. Ошентип Мамбет "Манасты" жалгыздап айта баштайт. Бирок бирөө көрсө, же жолугуп калса, манасчы эсинен танып жыгылып калчу экен. Мына ушундай абалда жүрүп, бир жак ыптасы шал болуп ооруйт. Ошондо жээнинин абалын байкаган Дөңүзбай аны эл арасында айттырып, бетин ачат. Мамбет ошондон тартып эл арасында "Манас" айтып калат.
3. Жазылып алынышы. 1965-1973-жылдардын аралыгында Мамбет Чокморов уулунан "Манас" эпосунун үч бөлүмү тең жазылып алынган.
4. Өзгөчөлүктөрү. Мамбетин вариантында мурдатан айтылып келаткан окуялар бүтүндөй камтылган. Бирок майда айрымачылыктар бар. Алар негизинен төмөнкүлөр. а) "Манас" боюнча: - Манастын түпкү атасы Асан кайгы делет, - чет элге чачылып кетүү тышкы душмандардын баскынчылыгынан эмес, ички душмандардын бийлик үчүн күрөшүнүн натыйжасында болот, Жакыптын бөтөн жерге сүрүлүшүнө Аталык уулу Көзкаман себепчи, - Жакып Алтайга эмес, Арстанбапка сүрүлөт, Манас ошол жерден төрөлөт, - Манас жинди кыял жана тентек болуп чоңоет, ошол себептүү Жакып баласын энесине (Чыйырдыгы) кошуп таятасы Карачакына айдап жиберет, - таятасыныкынан келгенден кийин, чоро болчу кандарды Манас өзү кыдырып табат, - Каныкейдин атасы Караканга жуучулукка Агыш, Үрбү, Жангазы, Элчибай, Бөкөй-бешөө барат, кыз издөөгө Жакып каршы болот. Манас Шайкожо байдын жылкычысы болуп жүрүп, бир жүдөгөн тайды акысына сурап алат, Аккула-ошол, - Алооке тегерегиндеги кандарды бүт каратып, дагы ким калды десе, Эдиге аттуу жигити Манас калды дейт, ошентип, Манаска каршы жортуул башталат, - Көкөтөйдүн ашына Коңурбай келип түшсө, ага сый кылып Бокмурун Карткурөндү, Чалкуйрукту, Мааникерди, Жоодукерди-төрт тулпарды тартуумалакчы болот, муну уккан Кошой Манаска Жаш Айдарды кабарга жиберет, - жети канды Манаска каршы чыгышы боюнча окуя бул вариантта жок, - чалгынга Алманбет өзү менен кошо Чубактын баруусун өнүтөт, бирок буга Кошой болбойт, ошетип, Чубактын ордуна Сыргак кетет; эки баатырдын чатагын Камбар жараштырат, - Бакай көпчүлүк учурда өзүнчө кол менен согушка кирет. б) "Семетей" боюнча. Мында да башка вариаттардагы туруктуу окуялар сакталган. Айрым учурларды гана бөлүп көрсөтүүгө болот. Алар: - Бакай Жакыпка жана Абыке, Көбөшкө моюн бербейт, кандуу кармашка чыгып турат, Каныкейди качырууга жардам берет, - Букардан Каныкей Манаска ачык эле түрдө аш берет, - аягында Күлчоро жарадар Семетейди үңкүргө алып барып жашырат да, өзү Канчоро, Кыяздын колу менен кармашып жатып колго түшөт. "Сейтеке" да башка манасчылардыкынан айрымаланган өзгөрүү жок. Негизи өзөк сакталат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас сабагы, Бектур Исаков, Бишкек-1994