Сокулук

Википедия дан

Сокулук суусу - Чүй өрөөнүндөгү суу, Аксуунун сол куймасы. Узундугу 87 км, алабынын аянты 476 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталган Чоң Төр жана Кичи Төр сууларынын кошулушунан пайда болуп, түндүк тарапка агат. Аксууга жетпей сугат системасына таралат. Башында тепши, төмөнүндө V сымал өрөөн менен агып, тоодон чыга бериште өрөөнү кеңеет. Алабында жалпы аянты 57,9 км2ге жеткен 48 мөңгү бар. Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 5,14 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Боюнда Таш-булак, Конуш, Саз, Сокулук, Арал кыштагы орун алган .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]