Мазмунга өтүү

Суусамыр өрөөнү

Википедия — ачык энциклопедия

Суусамыр өрөөнү ― өзүнчө физико-географиялык аймак. Өрөөн Кыргыз Ала-Тоосу менен Суусамыр, Жумгал тоолорунун аралыгында, деңиз– деңгээлинен 2000—3200 м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 150 кмге жакын, туурасы кеңири жеринде 45 км. Батышы Өтмөктүн Суусамыр суусуна куйган жеринен чыгыштагы Сокулук суусунун чатына чейин кенен жайык келет. Сырткы көрүнүшү үч бурчтук сымал, майда адырлуу, дөңсөлүү түздүк. Чыгыштагы Батыш Каракол өрөөнү улам кууштап, абсолюттук бийиктиги да жогорулайт. Суусамыр суусу, Батыш Каракол суусу менен кошулуп Көкөмерен суусун түзөт. Топурагы жана өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемдүүлүккө баш ийип тараган. Суусамыр өрөөнү негизинен жайкы жайыт. Чуй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн келген мал жайлайт. Казакстандын Мерке районунун малы да чыгат. Борбордук бөлүгүндө тоют өсүмдүктөрү айдалат.

4000 км²ден ашык аянтты ээлеген өрөөндүн узундугу болжол менен 100 км, туурасы 40 кмге чейин деңиз деңгээлинен 2000-2500 м бийиктикте жана жалпы батыштан чыгышты көздөй Суусамыр дарыясы аркылуу өтөт. Арамза суусу Суусамырга куят. Өрөөндүн чыгыш бөлүгүндө Каракол суусу («Батыш Каракол» деп да аталат) түштүк капталын бойлой 30 кмдей агып, Кожомкулда Суусамырга куюп, түштүктө өрөөндөн чыгып кеткен Көкөмерен дарыясын түзөт[1].

Өрөөн Чүй облусунун түштүк-батышында; чыгышындагы бир аз бөлүгү администрациялык жактан Нарын облусуна карайт. Өрөөндөгү эң маанилүү жана эң чоң айыл Суусамыр. Ошондой эле айдоочуларга белгилуу Париж деп аталган бир нече ашкана,мейманкалары,кафелери бар 1990 жылдардан кийин жургунчулорду тейлоо артында пайда болгон айыл бар

  1. Определение "Сусамырская долина" в Большой Советской Энциклопедии