Бөбөтөй баатыр

Википедия дан

Бөөбөтөй (же Бөбөтай) баатыр - XIX к. белгилүү кыргыз баатыры Тайлактын оң колу аталып, анын жан жөкөрү болгон баатыр. Бөөбөтөй Тайлак өлгөнгө чейин анын ишеничтүү жолдошу катары кызмат кылып, Тайлак өлгөндөн кийин да Тайлактын уулу Осмондун жанында бирге болгон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бөбөтөй тууралуу маалыматтарды санжырадан гана жолуктура алабыз. Анын ысымын сактап келе жаткан Тогуз-Торо аймагындагы богожой уруусунун санжырасына карап Бөбөтөйдүн басыз уруусунун ичиндеги кылычтамга уруусунан чыккандыгын айта алабыз. Анын туулган жери белгисиз. Бөбөтөйдүн өсүп жетилиши жана анын Тайлакка кошулушу тууралуу маалымат жок, бирок, ал Тайлакка кошулганында анын оң колу болгонго жетишкен. Саяк кыргыздарынан чыккан Тайлакка Бөбөтөйдөн башка Чыбылдый, Кемпир баатыр, Акбалбан, Эраалы сыяктуу кыргыздын көп урууларынын баатырлары кошулган. Алардын басымдуу бөлүгү саяктан жана басыздардан болот. Тайлактын айланасына чогулган бул баатырлар, анын ичинде Бөбөтай баатыр дагы тарыхтагы болгон окуяларга; Жаңгыр кожо менен бирге Кашкарга кол салганда, кийинчерээк Коконго каршы көтөрүлүштөрдү кылганда жигердүү катышышкан. Кокон хандыгы айла амал менен Тайлакты ууландырганы, кийинчерээк Тайлактын уулу Осмонго даткалыкты бергени белгилүү. Бөбөтай баатыр болсо Осмон датка менен бириккенин Тоголок Молдонун санжырасынан жолуктурсак болот.