Достук (Нарын району)
(Достук, Нарын району барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Достук
|
Достук — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Достук айыл аймагына кирет.
1968-жылы Ат-Башы ГЭСинин курулушуна байланыштуу негизделип, анда иштеген көп улуттун өкүлдөрүнүн достугунун символу катары аталган. Орто Нарын өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Байбиче-Тоонун түндүк этегинде, Ат-Башы суусу менен Нарын дарыясынын кошулган жеринде, деңиз деңгээлинен 1910 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 212 км. Облустун борбору Нарын шаарынан 32 км батышта. Калкы 777 (2007); негизинен Ат-Башы ГЭСинде эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, ФАП, клуб, китепкана жана башкалар бар. Тегирмен, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо иштейт.[1]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.