Сегизинчи Март
| Отурукташкан жай
Сегизинчи Март
| |||||||||||||||||||
Сегизинчи Март — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Ак-Кудук айыл аймагына кирет.
Сегизинчи Март аймагында, 1958-жылы ага Ала-Кулун, Кара-Суу, Ак-Бешим, Кара-Булак, Аянты, Үч-Булак кыштактары бириккен. Нарын дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 63 км түндүк батышта. Рыбачье темир жол станциясынан 186 км. 1930-жылы негизделген. Калкы 1706 (1986); негизинен мал чарбачылык менен эмгектенишет. Орто мектеп, балдар бакчасы, маданият үйү, китепкана,оорукана, турмуш-тиричилик комбинаты, спорт комплекси бар. 8-март айылы жайгашкан коктуда коллективдештирүү жана советтештирүүгө чейин айыл болбой эле камыш жана бадал-тал баскан саздуу жер болгон, тарыхый аталышы Ала-Кулун. Ата-бабаларыбыз өз уруусуна карап Кара-Суу, Кайнар, Таш-Булак, Терек-Суу, Ак-Бешим, Өзгөрүш жана Кара-Булакта деген аталыштагы жерлерге отурукташып келген. 1930-жылы совет доорунун алкагында баарын чогултуп 8-Март колхозу деп уюштурулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 2145 киши[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.