Чатыркөл ойдуңу

Википедия дан

Чатыркөл ойдуңу - Ички Теңир-Тоодо, Түндүгү Атбашы, түштүгү Торугарт тоолору менен чектелет. Түзбел ашуусунан Кең-суу менен Көкайгырдын суу бөлгүчүнө чейин 48 кмге созулуп жатат. Туурасы 18 км, жалпы аянты 1050 км2. Деңиз деңгээли Бийикте 3500–3600 м; айланасындагы тоолордун ойдуңдун таманынан салыштырмалуу бийиктиги 300–900 м. Чатыркөл грабен-синклиналь жана Атбашы, Торугарт горст-антиклиналь түзүлүштөгү герцинде пайда болгон. Неоген-төртүнчүлүк мезгилде соңку тектоникалык кыймылдын натыйжасында Атбашы жана Торугарт тоолору көтөрүлгөндө, Чатыркөл ойдуңу мезозой-кайнозой тектеринин астында калган. Ойдуңдун эң төмөн ийилген бөлүгүн Чатыркөл ээлейт. Төртүнчүлүк мезгилдин башында жана аягында ойдуңду муз каптаган. Ойдуңдун таманы көл чөкмөлөрүнөн, убактылуу жаан-чачындын агындыларынан жана мөңгү мореналарынан туруп, көлдүү түздүктү түзөт. Термокарсттык оёңдор, дөбө-чуңкурлар кездешет. Термокарсттык көлдөр Кичикөлдүн айланасында. Составында көмүр кычкыл газы бар нарзан тибиндеги суунун чыгышы андагы көп жылдык тоңдун жер бетине жакын жатышына байланыштуу. Ойдуңдун чыгыш бөлүгүндө диаметри 50–400 мге жеткен көлдүү чуңкурлар көп жылдык тоңдун үстүнкү бетинин эришинен пайда болгон. Тоо капталдары өрөөн, капчыгайлуу келип, тик капталдуу төрлөрдөн, аскадан турат. Тоо этегиндеги шиленди конустар агын суулардын терең (1–2 м) нуктары менен тилмеленген. Чатыркөлдүн жээгинде төртүнчүлүк мезгилдин аралыгында жана аягында пайда болгон тектирлер жээктен 5–15 км. аралыкка чейин созулат. Климаты катаал. Январдын орточо температурасы –22,2°С, июлдуку 7,1°Сге чейин. Кышында —кээде 50°Сге чейин суук болот. Жылдык жаан-чачыны 205–269 мм. Ойдуңдун көп бөлүгүн Чатыркөл ээлеп, ага 17 суу куят. Кыртышы бийик тоолуу такыр тибиндеги шор топурактан, тоо капталдары кумдуу шагылдардан турат. 3500 м. бийиктикте түркстан арпасы, бетеге жана башка өсөт. Атбашы тоосунун түштүк-чыгыш капталына (3600–3700 мден 3900–4000 мге чейин) альп шалбаасы, андан жогору нивалдык гляциалдык зоналар мүнөздүү. Минералдуу сууларынын мааниси зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]