Мантыш

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Мантыш - Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы кыштак.

Мал киндиктүү Кочкор аймагынын көкүрөк жагында жайгашкан Мантыш кыштагынын аталышы анча бийик эмес бөксө тоонун атынан келип чыккан. Кыштактын жанындагы тоонун Чоң Мантыш, Чолок Мантыш деген чөлкөмдөрү бар.

Мантыш кыштагы Сүйөк суусунун оң жээгинде, Каракол менен Сүйөктүн куюлушунан орун алган.

Кыскача тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыштакташа электе, 1920-жылдарга чейин, Мантыштын эли Сүйөктүн жээктеринде өйүз-бүйүз болуп ар кайсы малга жайлуу, күнөс кыштоолорунда отурукташып келген. 20-кылымдын башында негизинен саяк уруусунун көкмээ, катаган уруктары байырлаган.

Азыр дагы кыштактан жогору сууну бойлоп жүрүп отурсаңыз Сүйөктүн орто жайлоолоруна чейин суунун эки өйүзүнөн тең кыштоолордун уранды калдыктарын көрөсүз.

Жайында болсо эл Сүйөктүн кең жайлоолоруна чыгып кетишчү экен.

"Сүйөк" суусунун аталышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Көпчүлүк бул суунун атын Сөөк деп айтышат. Бирок, туурасы Сүйөк болот. Эмне үчүн Сүйөк?

"Сүйөк" деген сөз "Сөөк" дегендин түшүндүрмөсү.

Бардык жаныбарлардын скелети, б.а. камдашкан сөөктөрү бар. Камдашкан сөөктөр, же болбосо скелет, бүткүл тулку бойду кармап турган сүйөк (тирек). Анын сыңарындай, картадан карасаңар же жөн эле элестетип көрсөңөр, Сүйөк суусу бүткүл Кочкор өрөөнүнүн тулку боюн кармап турган тирек (сүйөк) сыяктуу сезилет.

Сөзгө бай кыргыз эли бул дарыяны ошол себептүү Сүйөк деп атап коюшкан окшойт.

Мантыш тууралуу билги[оңдоо | булагын оңдоо]

Мантыш тууралуу алгачкы маалымат Кең Жумгалдан чыккан айтылуу Тооке уулу Байзак баатырга байланыштуу материалдардан жолугат.

1880-жылдарда Орусия менен Кытайдын чек арасын аныктоо иштерине жергиликтүү элден эксперт катары Байзак баатыр катышканы белгилүү. Ошол кезде аныкталган чек ара азыр Кытай менен Кыргызстандын чек арасы болуп калды.

Ошондо Байзак баатыр бугу-сарыбагыш урушунан кийин жер ооп барып Кытайдын территориясында жашап жаткан бугу элинин мыктыларына кайра кыргыз жерине келүүнү сунуштайт экен. Бугулар "биздин жерибизди сарыбагыштар ээлеп калбадыбы, каякка барабыз" - дегенде, Байзак баатыр: "жерди кайра бөлүштүрүп, баарыңарды батырыштырабыз" - деген экен.

Байзак баатырдын айтканы боюнча орус администрациясы сарыбагыштарды Кемин менен Кочкорго жайгаштырат, Кочкорду ээлеп турган саяктарды Көлдүн эки жээгине, Жумгалга сыйлыгыштырат экен. Мурда өз болуштугу болбогон, ар кайсы жерде, ар кайсы элдин арасында жүргөн азык уруусун Кочкорго чогултуп, Кара-Кужурдун суусунан Кызарттын белине чейин жайгаштырышат. Азыркы Мантыш жайгашкан Сүйөктүн оң жээги да азыктарга өтмөк болот.

Ошондо азык уруусунун мыктылары ошол аймакты Байзак баатырга "кол кесериңиз болсун" деп тартуу кылышкан экен. Ошентип, Мантыш аймагында саяктар кетпей туруп калышыптыр.

Азыркы калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Азыркы күндө Мантыш кыштагында ал жерди мурдатан бери мекендеп келген саяк уруусунун "көк мээ" уругунун жана айтылуу катаган уругунун өкүлдөрү турушат.

1949-жылы Кытайдан кыргыздарга жана уйгурларга СССРге кааласа көчүп кетүүгө уруксат берилет. Ошондо Кытайдан келген черик уруусунун өкүлдөрү Кочкор районунун мал киндиктүү аймактары болгон Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок жана Мантыш кыштактарына жайгаштырылат.

Ошондон бери Мантышта чериктер да жашап калышты. Жергиликтүүлөр менен кыз алып, кыз беришип, жуурулушуп бир тууган болуп туруп калышты.

Берки эки кыштактагылар бүт дээрлик кайра Ат-Башыга көчүп кетишкен. Ал эми Мантыштан дээрлик эч ким көчүп кеткен жок.

Мантыш айылы тууралуу Нарын облусунун энциклопедиясындагы маалымат[оңдоо | булагын оңдоо]

"Мантыш - Кочкор районундагы айыл. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн борбору. Бул айыл өкмөтүнө Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Орток, Ак-Талаа айылдары да карайт. Сөөк өрөөнүнүн оозунда, Сөөк суусунун түндүк-чыгыш боюнда. Кочкор айылынан 45 км батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 105 км. Калкы 1014 (1997), негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенишет. Маданият үйү, оорукана, китепкана, байланыш бөлүмү бар."

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мантыш кыштагында Советтер Биримдиги доорунда "Коммунизм" совхозунун борбору жайгашып, машина-трактордук гаражы да ошол жерде болуп, турмуш азан-казан кайнап турар эле. Бул совхоз 1958-жылы уюшулган болучу.

Учурунда Кочкор районунун продукциясынын 33 пайызын берип туруучу. Кийинчерээк бул чарбадан Комсомол совхозу бөлүнүп чыккан.

Азыр албетте андагыдай эмес, көп учурда мурдагы борбордо кулак-мурун кескендей жымжырттык өкүм сүрүп турат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыштакта 2 кабат чоң клуб бар, бирок мектеп - коңшу айылда.

Жаңы мечит курулган.

Көрүнүктүү инсандары[оңдоо | булагын оңдоо]

Мантыштык тукумдар тууралуу, ошол тукумдардан чыккан көрүнүктүү инсандар жөнүндө кеп кылалы.

Кыштактын башынан ылдый жөнөйлү. Быржыбай, андан Молдобай. Булар катаган уругунан, баяндар болушат.

Молдобайдын тукумунан көрүнүктүү адамдар көп чыкты. Молдобайдын жубайы Уулжан ошол эле жерлик Айтбайдын Кериминин кызы болгон. Молдобай менен Уулжандан Токуш, Жумабек, Калыйча, Капар, Карыбек.

Токуш Быржыбаев облустук жана райондук масштабда көрүнүктүү советтик-партиялык кызматкер болуп жүргөн. Молдобаев Жумабек өмүр бою айылда башталгыч класстардын мугалими болуп, жүздөгөн жаш муундарды тарбиялап чыгарды.
Калыйча эже Кызыл-Дөбөлүк Окишов Медеткан деген жубайы экөө татыктуу уул-кыздарды тарбиялап өстүрүштү.

Капардын таякеси Кыдыралы багып өстүрдү. Кыдыралиев Капарга көрүнүктүү агартуучу, Нарын облусунда агартуу ишин жолго койгон инсан катары өзүнчө макала жаздык. Карыбек Молдобаев философия илимдеринин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинде адегенде философиядан окутуучу, кийин партиялык уюмдун секретары болуп иштеди. Кийин Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе (Бишкек) шаардык комитетинин 1-секретары, андан кийин Компартиянын республикалык борбордук комитетинин секретары болуп көп жылдар бою эмгектенди. Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору болуп жүрүп пенсияга чыкты.
Азыр булардын ичинен Карыбек гана бар.

Жумабектин балдарынан дагы илимде жүргөндөр бар. Уулу Эмил ветеринария илимдеринин доктору. Андан ылдый, Айтбайдын Керими турган жерге келебиз. Анын Кыдыраалы, Жумалы, Сыдыгаалы жана Абылкасым деген балдары болгон. Абылкасым согушка кетип жок болду. Андан эки кыз калды, уул жок. Жумалы колхоз учурунда жылкы фермасынын башчысы болуп иштеп, мыкты ийгиликтери үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына ээ болгон. Эки кызы калды, уулу Садык студент кезинде үйлөнө элегинде каза болгон. Мантыштын чоң көчөсүнө Керимов Жумалынын ысмы берилген.

Кыдыралы атабыз Мантыш эле эмес, ошол чөлкөмдүн кадыр-барктуу адамы болгон. Жийдебүбү апа экөөнүн Дербиш, Калыгул деген уулдары болгон. Дербиштин көзү өтүп кетти, Калыгул болсо айылдагы оокаттуулардын бири. Эми Сыдыгалы акебизге келели. Бул киши Айтбаев фамилиясын алып, чоң атасына жазылып калган. Бул агабыз өз учурунда Чүйгө келип, Бишкектен билим алып калган. Узак убакыт советтик-партиялык кызматтарда жүрдү. Ак эмгеги үчүн көп орден медалдар менен сыйланган. Жеңебиз Аписин экөө уул-кыздарына татыктуу таалим-тарбия беришти. Чынар деген кызы илимге алпурушуп калган кезинде дүйнөдөн кайтып кетти. Таштемир деген уулу көп жылдар бою комсомолдо жетекчи кызматтарда иштеди. Эгемендиктин алгачкы жылдарында коопсуздук комитетин башкарып жүрдү. Кубанычбек, Тариел деген уулдары татыктуу уулдардан болушуп, райондук масштабда жетекчи кызматтарда жүруштү.

Жарык көргөн китептер[оңдоо | булагын оңдоо]

  • ISBN

Макалалар тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]


Кыштак тууралуу китептер жана макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • ISBN

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]