Муса Баетов

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Муса Баетов

Муса Баетов (1902, азыркы Нарын облусу, Ак-Талаа району, Байгөнчөк кыштагы – 9. 5. 1949, Фрунзе) – ырчы, обончу, Кыргыз ССР эл артисти (1939).

Нарын шаардык радиосунда (1931– 34), Кыргыз мамлекеттик филармониясында (1936–49) солист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды («Сары-Ой», «Жароокер», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Ак Зыйнат») чебер аткарган. Муса Баетов жөнөкөй аткаруучудан профессионал опералык ырчыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон. Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын духунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» жана башкалар) анын чыгармачылыгына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», «Кыздар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. Баетов комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Баетов «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ой тобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгендеги кербезим», Атайдын «Ой булбул» жана башкалар. элдик жана автордук ырларды зор чеберчиликте аткарган. мененын аткаруусундагы элдик жана залкар обончулардын ырларын музыка изилдөөчүлөр А. Затаевич, В. Виноградов нотага түшүргөн. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов мененын «Арпанын Ала-Тоосунан» (2002) аттуу обондуу ырларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган. О. Азия жана Казакстан ырчыларынын конкурсунда Баетов биринчи байгени алган (1944). Муса Баетовдун ысмы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек шаарындагы көчөгө, Ак-Талаа районунун борборуна, туулган жериндеги мектепке берилген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Муса Бает уулу 1902-жылы Кыргызстандагы Ак-Талаа өрөөнүндө туулган.

1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кашкарга чейин барып, ал жерде Жумабай деген байдын малын багып, 1917-жылы мекенине кайтып келген.

1931–1934-жж. Нарын шаардык радиосунда, 1936-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1942-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп иштеп, «Сары-Ой», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Жароокер», «Акзыйнат» ырларын аткарган.

1946–1947-жж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеп, «Айчүрөктөгү» Сыргактын, «Манастан» Алмамбеттин ж.б. ролдорун аткарып, «Манас» операсында Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган.

Ал «Даанышман», «Ойгоном», «Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Туткун ыры» ж.б. обондорун жараткан. Ал комузда, домбурада, гармошкада жакшы ойноп, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган.

Музоокенин «Муңдуу күү», «Керме тоо», «Сары өзөн», «Коңур жаз» жана элдик «Татты ботой Зулайка», «Муңдуу ботой», «Сердимак», «Эки ногойдун айрылышы» аттуу комуз күүлөрүн черткен. Кыргыздын музыкалык фольклорун жакшы билгендиктен, музыка жыйноочулар А. В. Затаевичке, В. С. Виноградовго элдик обондор жөнүндө маалымат берген.

1944-жылы Орто Азия жана Казакстан ырчыларынын сынагына катышып, баш байгеге ээ болгон.

Ал 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө ырдап, “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.

1939-жылы Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москва шаарында өткөн декадасында «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген.

2002-жылы туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Арпанын Ала-Тоосунан» (түзгөн Б. Алагушов) аттуу обондуу ырларынын жыйнагы жарык көргөн.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Алма алам» с. М. Баетовдуку
  • «Арпанын Ала-Тоосунан» с. М. Баетовдуку
  • «Бир башыңа тең болсом» с. К. Маликовдуку
  • «Даанышман» с. элдики
  • «Кыздар ай» с. М. Токобаевдики
  • «Кызыл баатырларга» с. М. Баетовдуку
  • «Окудуң борбор шаарынан» с. М. Баетовдуку
  • «Сагынам» с. М. Баетовдуку
  • «Бакыт» с. К. Акиевдики
  • «Коммунизмге» с. С. Абдыкеримованыкы
  • «Компартия» с. А. Токтомушевдики ж.б.

Дисктери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Арпанын Ала-Тоосунан – А. Жумабаев. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035845-46 005,
  • Октябрь өлкөсүндө (С. Жусуев), Кызыл баатырларга,
  • Даанышман,
  • Кыздар ай,
  • Окудуң борбор шаарынан,
  • Сагынам,
  • Алма алам,
  • Туткун ыры (Т. Сатылганов) – М. Баетов. Кыргыз ырларынын МОНО М 3035851 52 005.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Ал 1939-жылы СССРдин борбору Москвада өткөн кыргыз адабияты менен өнөрдүн он күндүгүндө ырдап, “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.

1939-жылы Кыргыз көркөм өнөрүнүн жана адабиятынын Москва шаарында өткөн декадасында «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наамга ээ болгон.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Ак-Талаа районунун борборуна, туулган айылындагы мектепке, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө Муса Баетовдун ысмы ыйгарылган.

Китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Баетов М. Арпанын Ала-Тоосунан: Обондуу ырлар жайныга / Түзгөн Балбай Алагушов. - Бишкек, 2002.  

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]