Абдрасул Токтомушев
Абдрасул Токтомушев | |
Токтомуш уулу Абдрасул | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Ишмердүүлүгү: |
акын, жазуучу жана котормочу |
Абдрасул Токтомушов (1912–1995) — акын, жазуучу.
Абдрасул Токтомушев Кемин районундагы Төрт-Күл айылында туулган[3].
1928 – 1931-жж. Ташкент шаарындагы Орто Азия суу чарба техникумунда окуп, 1952-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн.
Абдрасул 1932 – 1941-жж. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин Лейлек районунун «Колхоз турмушу», республикалык «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринде адабий кызматкер, жооптуу катчы, бөлүм башчы, 1953 – 1957-жж. «Ала-Тоо», «Чалкан» журналдарынын редакцияларында бөлүм башчы болгон.
Чыгармачылык жолу 1930-жылы башталып, 30-жылдары жазылган ырлары «Балбандар» деген ат менен 1936-жылы жыйнак болуп чыгып, «Какшаалдан кат» поэмасы 1958-жылы орус тилинде басылып чыккан. Акындын балдарга арналган «Хан жана Жуматай», «Тынчтык үнү», «Достук» ж.б. чыгармалары бар. Абдрасул ыр менен жазылган «Алтын Too» аттуу романынын биринчи бөлүгү 1965-жылы, экинчи бөлүгү 1968-жылы басылып, 1974-жылы бул чыгарма Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Абдрасул ливан акындарынын ырларын, В.Дальдын жомокторун, Гильендин ырларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн жамааттык жыйнактардын котормолоруна катышкан.
1989-жылы «Үркүн» аттуу автобиографиялык романы «Ала-Тоо» журналына басылып, бирок чыгарма аягына чыкпай калган[3].
1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1972-жылдан Кыргыз эл акыны. «Эмгек Кызыл Туу», «Элдердин достугу», «Ардак белгиси» ордендери, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамоталары, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Абдрасул 1995-жылы 83 жашында дүйнөдөн кайткан.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Балбандар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 65 б.
- Какшаалдан кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас. 1937. – 30 б.
- Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 58 б.
- Хан жана Жуматай: Эл жомогунан. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 16 б.
- Жомоктор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 16 б.
- Максат: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 87 б.
- Күн: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 74 б.
- Жаштын тилеги: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас. 1948. – 16 б.
- Тартуу: Ырлар жыйнагы – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 129 б.
- Какшаалдан кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас 1950. – 72 б.
- Тынчтык үнү: Ырлар жана поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 40 б.
- Эмгек жана бакыт: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952.– 115 б.
- Менин өлкөм: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 278 б.
- Жакып уулу: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 68 б.
- Жүрөктө: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 91 б.
- Өмүр жолу:Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 159 б.
- Өмүр көктөмү: Тандалмалуу чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 499 б.
- Күндөй жарык: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 172 б.
- Сүйүү жана коркунуч: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 264 б.
- Байка: Аңгеме. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 15 б.
- Булар кандай: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 14 б.
- Алтын тоо:Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 202 б.
- Арстанбап: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1965. – 16 б.
- Эркин саптар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 227 б.
- Алтын тоо: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 130 б.
- Бала Кычан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1969. – 131 б.
- Кон, кон, көпөлөк: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 12 б.
- Ак Мөөр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 263 б.
- Саяпкер: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1971. – 23 б.
- Жаш достор: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1972. – 122 б.
- Калем кайрыгы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 150 б.
- Тандалган чыгармалар: Бир томдук: Роман, ырлар жана дастандар.–Ф.:Кыргызстан,1973.–559 б.
- Ойноок жылдыздар: Тандалган ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 224 б.
- Акыйкат соңунан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1978. – 18 б.
- Алтын тоо: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 324 б.
- Эркетайым: Ырлар жана дастандар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 252 б.
- Тандалмалар: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 368 б.
- Бала Кычан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1982. – 92 б.
- Аргымак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 12 б.
- Ала-Тоо легендалары: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 56 б.
- Поэма. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б. – (текст: кырг., орус.)
- Китеп окуучуларга эстелик. – Ф., 1954. – 4 б.
- Арстанбап – Арсланбоп. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б.
- Кутманым: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1989.–120 б.
- Он дастан: Дастандар. – Б.: Адабият, 1991. – 256 б.
Котормолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ливан акындары. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 46 б.
- Николае Гильен. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 140 б.
- Даль В. И. Түлкү-чокой: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1987. – 13 б.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Известный поеты кыргызстана: Токтомушев Адурасул.
- ↑ Поэт Абдрасул Токтомушев. Open.kg (11.8.2017).
- ↑ 3.0 3.1 Абдрасул Токтомушев. Өмүр баяны, Sputnik Кыргызстан (04.05.2016).