Абдыкеримова Сатин
Көрүнүш
| Бул макаланын мазмунун «Сатин Абдыкеримова» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз. Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
Абдыкеримова, Сатин (1919–1988) – акын. 1919-жылы Киров районундагы Бейшеке айылында туулган. С.Абдыкеримова кыргыз аялдарынын ичинен чыккан эң биринчи жазуучу акын.
Анын биринчи ырлар жыйнагы 1939-жылы жарык көрүп, орус тилиндеги ырлар жыйнагы 1958-жылы чыккан.
С. Абдыкеримова 1946-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Кыргыз совет адабиятына сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени, «1941 - 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
Бейшеке айылдык Советине депутаттыкка шайланган.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1949. - 46 б.
- Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1952. - 96 б.
- Өчпөс нур: Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1956. - 96 б.
- Айыл ырлары: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызстан, 1964. - 68 б.
- Алтын күз: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1969. - 114 б.
- Таң шооласы: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1977. - 50 б.
- Өмүр издери: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1979.
- Талант толкуну: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 104 б.
Орус тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Стихи. - Ф.: Кыргызмамбас, 1958. - 62 с.
- Милый край: Стихи. - Ф.: Мектеп, 1970. - 63 с.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6