Мазмунга өтүү

Күмөндөр Абылов

Википедия дан
Күмөндөр Мукулович Абылов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Күмөндөр Мукулович Абылов
Туулган жылы: 30-август 1958-жыл
Туулган жери: Учкун айылы, Нарын району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти, куудул, обончу
Наамдары:

КРнын эмгек сиңирген артисти.

КР Эл артисти

Абылов Күмөндөр Мукулович - театр жана кино артисти, куудул, обончу, акын. 1958-жылы 30-августта Нарын районунун Учкун айылында туулган.

Кыскача таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Онунчу классты бүтөөрү менен Күмөндөр Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүндө окуйт.
1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында, үйлөмө аспаптар оркестринде кызмат өтөйт.
Армиядан кийин, Тянь-Шань райондук маданият үйүндө иштейт.
1979-жылдан тартып Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрына аккордеонист болуп болуп орношот.
1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр институтунда, «Театр жана кино актёру» бөлүмүндө сырттан окуйт. Бир жыл окугандан кийин Оштогу кыргыз-өзбек тополоңуна байланыштуу окуусу токтоп калат.
Нарын театрында он жылдан ашуун иштеген соң Күмөндөр 1990-жылдардын орто ченинде Бишкек шаарына көчүп келет.
Борбордо Күмөндөр өзүнүн «Күмөндөрдүн күлкүсү» деген куудулдар жана концерттик тобун түзүп, Кыргызстанды түрө кыдырат.
2000-жылдан баштап Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгектенип келе жатат.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күмөндөрдүн атасы Мукул таланттуу комузчу болгон. Ал адегенде айылдык, райондук маданият үйлөрүндө жетекчи, жана ошол кездеги Тянь-Шань музыкалуу драма театрында, (азыркы М. Рыскулов атындагы академиялык, музыкалуу драма театры) актёр, комузчу болуп иштегендигине байланыштуу, Күмөндөрдүн балалыгы жана окуучулук жылдары Учкун айылында, андан соң Нарын шаарында өттү.
Бала кезинен атасынын жолун жолдоо ал үчүн сыймыктанчу максаты болчу. Мектептен окуган кезден тартып, баардык өздүк - көркөм чыгармачылыктарга калтырбай катышат. Атасын тартып бала кезинен эле колуна музыкалык аспап, айрыкча аккордеонду кармап чоңойгон.
Нарын музыкалуу драма театрына кызматка киргенден кийин, Күмөндөр аккордеонист эле эмес, артист да болуп эмгектене баштайт.
1982-жылы Күмөндөр Т.Абдумомуновдун "Борбаш" комедиясы боюнча коюлган "Борбаштын досу Камгакпай" спекталинде уй ферма Мамырдын ролун ойноп, театр чөйрөсүнө артист жана комик катары билинет.
Ушул ролу үчүн ал жыл сайын өтүү республикалык театр сынагынын "Жылдын мыкты актёру" (1983)деген номинциясын утуп алат.
Мамырдын ролунан тартып анын комиктик гана эмес куудулдук өнөрү да Кыргызстанга кеңири тааныла баштайт.
Ошол эле учурда Күмөндөр обончу катары да кыргызга таанылып калган учуру болчу.
Күмөндөрдү кыргыз жумурай журтуна айрыкча тааныткан албетте, анын куудулдук өнөрү. Ушул өнөрдүн аркасы менен ал Кыргызстандагы чыгаан куудул атыкты. Бир нече жолку мелдештерде, сынактарда алдына бир дагы комикти чыгарбай Баш байгелерди утуп алды.
Күмөндөр кыргыздын салтуу куудулдарынын жолун улаган, бул өнөрдүн критерийлерине толук жооп бере турган жападан жалгыз куудул. Ал башка комиктердей болуп текстти жатабастан, өнөрүн Куйручук, Бекназар, Жоошпай, Шаршендер сыяктуу жалаң импровизацияга негиздейт.
2000-жылдан тартып Күмөндөр Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрында актер катары киргенден кийинки он жылдын ичинде кыргыздын улуттук драматургиясын баш кылып, дүйнөлүк классикага чейинки коюлган спектаклдерде ондон ашуун мыкты образдарды жаратты.
Күмөндөркыргыз журтчулугуна театр артисти, куудул гана эмес, киноактер катары да кеңири таанымал. Ал аткарган “Ак илбирстин тукуму” фильминдеги Эр сайышка түшкөн жигит, “Жаралуу үчүн курман болуудагы” Бекнияздын жигити, “Кербез” фильминдеги Арзымат, “Айыл - Өкүмөтүндөгү” Айыл - Өкүмөтү, “Юридикалык консультациядагы” Айыл - Өкүмөтү, “Белгисиз маршруттагы” Милиционердин образдары көрүүчүлөрдүн көңүлүн уюткан.
Артисттик өнөр, куудулдугу менен кошо обончулугун да таштаган жок. Анын кыркка жакын обону ушул кезде да кыргыздын таланттуу ырчыларынын репертуарынан орун алган.
Булардан сырткары да К.Абылов кырктан ашуун интермедия монологдорду жазган, төрт спектаклдин музыкалык жасалгасынын автору жана өзү да режиссер катары эки оюн койгон.

Аткарган ролдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын музыкалуу-драма театрында
1. 1979-ж. Т. Ахтанов. Күч күйөө. Тюрянчик.
2. 1979-ж. Б. Өмүралиев. Жолчубектин көпүрөөсү. Орузбай.
3. 1979-ж. В. Шекспир. Виндзордук ойсекелер. Малай.
4. 1980-ж. К. Мамбетакунов. Үкөй. Жуучу.
5. 1980-ж. А. Таган. Кайнене. Аппаратчан адам.
6. 1981-ж. А. Паронян. Багдасар аке. Семиз сот - Пайлак.
7. 1981-ж. М. Тойбаев. Жашыл жалбырак. Майлыбаш.
8. 1982-ж. П. Бомарше. Фигаронун үйлөнүшү. Бридаузон сот.
9. 1982-ж. Ж. Садыков. Табалды Пудовкин. Надзиратель.
10. 1982-ж. Н. Исламов. Бактиярдын ыры. Махмуд - Улак.
11. 1982-ж. М. Гапаров. Дариянын шоокуму. Колдош.
12. 1983-ж. Б. Васильев. Тизмеге кирбей калгам. Немец жоокер.
13. 1983-ж. Т. Абдумомунов. Борбаш. Уйчу - Мамыр.
14. 1983-ж. М. Тойбаев. Талаа гүлдөрү. Самат.
15. 1983-ж. Ф. М. Достоевский. Кылмыш жана жаза. Кошуна.
16. 1984-ж. Ч. Айтматов. Эрте жаздагы турналар. Анатай.
17. 1984-ж. Э. Леман. Вестсайд окуясы. Риф.
19. 1985-ж. С. Сарыгулов. Куу дөңгөч. Апсамат.
20. 1985-ж. В. Виткович, А. Соловёв. Кожо Насреддин. Сүткор - Жафар.
21. 1986-ж. М. Жакыпов. Болот калкан. Сидоровчу.
22. 1986-ж. Ж. Садыков. Күйөө жолдош. Шаршен Термечиков.
23. 1986-ж. Ж. Садыков. Күйөө жолдош. Күйөө бала Шаамурза.
24. 1986-ж. А. Цагарели. Ханума. Тимотэ.
25. 1987-ж. В. Шекспир. Король Лир. Чабарман.
26. 1987-ж. К. Мамбетакунов. Боз бойдок. Боз бойдок.
27. 1988-ж. С. Раев. Күн кармаган бала. Базыстын улуу баласы.
28. 1989-ж. И.Бактияров. Кечир Ак жылаан. Шофёр.
29. 1989-ж. С. Алтымышев. Куу тумшук. Куу тумшук.
30. 1990-ж. В. Шукшин. Мас канадагы таржымакал. Сибиряк.
31. 1991-ж. Б. Жакиев. Жаза. Профком.
32. 1992-ж. С. Ахмад. Күйөө бала. Күйөө жолдош. Жоробай.
33. 1993-ж. К. Мырзалиев. Алдар көсө. Алдар көсө.

Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында
34. 2000-ж. В. Шекспир. Король Лир. Освальд.
35. 2000-ж. М. Байжиев. Антоний менен Клеопатра. Дарыгер.
36. 2001-ж. А. Шницлер. Сүйүү айлантмасы. Министр.
37. 2001-ж. А. Шницлер. Сүйүү айлантмасы. Акын.
38. 2001-ж. А. Шницлер. Сүйүү айлантмасы. Абышка.
39. 2002-ж. Ж. Садыков. Ормон хан. Тынаалы - тыңчы.
40. 2003-ж. Ж. Садыков. Курманжан Датка. Шады - Ынак.
41. 2004-ж. Ж. Садыков. Манастын уулу Семетей. Желдеңбай.
42. 2005-ж. Т. Абдумомунов. Алдар көсө. Алдар көсө.
43. 2006-ж. А. Паронян. Багдасар аке. Багдасар аке.
44.2007-ж. С. Ахмад. Күйөө бала. Күйөө жолдош - Жоробай.

  1. 1983-ж. Ак илбирстин тукуму. Эр сайышка түшкөн жигит
  2. 1088-ж. Жаралуу үчүн курман болуу. Бекнияздын жигити
  3. 1989-ж. Кербез. Арзымат
  4. 2004-ж. Айыл - Өкүмөтү. Айыл өкмөтү
  5. 2006-ж. Юридикалык консультация. Айыл өкмөтү
  6. 2007-ж. Белгисиз маршрут. Милиционер

Мыскыл жана тамашадагы өзү жазып аткарган сатиралары, интермедиялары, монологдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Мергенчилик(монолог).
2. Эркектерге эскертүү (монолог).
3. Аялыма отчётум (монолог).
4. Өнөрпоз ( интермедия).
5. Империализм (монолог).
6. Окшошуп атпайбы (интермедия).
7. Тараканлар(монолог).
8. Султанаалы сенсиңби?(интермедия).
9. Кошок (интермедия).
10. Чечинип кел (интермедия).
11. Биринен бири өтөт (интермедия).
12. Мен акынмын(монолог).
13. Итервью (интермедия).
14. Чабарман (интермедия).
15. Токой (интермедия).
16. Эки ит (интермедия).
17. Карыз (интермедия).
18. Тиштеткен неме (интермедия).
19. Немистер (интермедия).
20. Налоговик менен пенсионер (интермедия).
21. Жаш бөлүштүрүү (монолог).
22. Ырыскы бөлүштүрүү монолог).
23. Майыптар (интермедия).
24. Мен мактанбайм (монолог).
25. Ата бала (интермедия).
26. Эки сокур (интериедия).
27. Балыкчы менен ГАИ (интермедия).
28. Таксист (интермедия).
29. Дудук Алтымыш (интермедия).
30. Чапан соодасы (интермедия).
31. Итин угузуу (интермедия).
32. Таможенная (интермедия).
33. Качкыла электрик келатат (интермедия).
34. Согушка барган чал (интермедия).
35. Отчёт (интермедия).
36. Аялыма баш ийип калыптырмын (монолог).
37. Кантейин (монолог).
38. Дежур чал (интермедия).
39. Салиманын куйругу (интермедия).
41. Аялым опозиция (монолог).
42. Классташ аким (интермедия).
43. Нянёк менен Канёк (интермедия).
44. Алмабак (интермедия).
45. Өнөр периштеси (монолог).
Көптөгөн обондордун, сатиралык чыгармалардын автору.

1. Унуттуңбу. Сөзү: Т. Кожомбердиевдики.
2. Таарынычың качан жазылат? Сөзү: өзүнүкү.
3. Үйлөнсөк экен. Сөзү: өзүнүкү.
4. Сапарлашыма. Сөзү: өзүнүкү.
5. Энекеме. Сөзү: өзүнүкү.
6. Бакыт дайрасы. Сөзү: Т. Актановдуку.
7. Жеңе. Сөзү: өзүнүкү.
8. Алтын апакеме. Сөзү: өзүнүкү.
9. Туулган жерим. Сөзү: өзүнүкү.
10. Атакем. Сөзү: өзүнүкү.
11. Балажаным. Сөзү: өзүнүкү.
12. Суранам. Сөзү: өзүнүкү.
13. Жайлоо таңы. Сөзү: өзүнүкү.
14. Жалжалымсың. Сөзү: Ж. Садыковдуку.
15.Өзөң дей беремин. Сөзү: Ж. Садыковдуку.
16. Неге таарындың? Сөзү: Ж. Садыковдуку.
17. Тагдырга бир таарыныч. Сөзү: А. Дөөлөтказиеваныкы.
18. Тагдырдан бир сураныч. Сөзү: өзүнүкү.
19. Кыздын ыры. Сөзү: өзүнүкү.
20. Кыздын сыры. Сөзү: өзүнүкү.
21. Кечир мени. Сөзү: өзүнүкү.
22. Келчи келсең болбойбу. Сөзү: өзүнүкү.
23. Көңүлдүү кеч. Сөзү: Т. Актановдуку.
24. Күтүү. Сөзү: өзүнүкү.
25. Кайда жүрдүң мурдатан. Сөзү: өзүнүкү.
26. Ынагым. Сөзү: өзүнүкү.
27. Сүйүү вальсы. Сөзү: өзүнүкү.
28. Сары оору болдум сен үчүн. Сөзү: өзүнүкү.
29. Полчандар. Сөзү: өзүнүкү.
30. Бишкегим сүйгөн борборум. Сөзү: Б. Сарногоевдики.
31. Досторго. Сөзү: өзүнүкү.
32. Агаларым. Сөзү: өзүнүкү.
33. Өмүр. Сөзү: өзүнүкү.
34. Милициялар маршы. Сөзү: өзүнүкү.
35. Кел замандаш ырдайлы. Сөзү: өзүнүкү.
36. Айрылбас болсо сүйүүлөр. Сөзү: өзүнүкү.
37. Кемпириме кошомат. Сөзү: өзүнүкү.
38. Кудаларым асылдар. Сөзү: өзүнүкү.

Музыкасын жазган спектаклдер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. М. Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү” спектаклине.
2. Б. Сейдакматовдун “Сапарлашым менин” спектаклине.
3. Т. Актановдун “Айлымдын апендилери” спектаклине.
4. К. Мырзалиевдин “Алдар көсөө” спектаклине.

Койгон спектаклдери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. К. Мырзалиев. “Алдар көсөө” музыкалуу комедиясы.
2. К. Мамбетакунов. “Боз бойдок” музыкалуу комедиясы.

Наамдары жана сыйлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Супер куудул" наамы (1992).

КРнын эмгек сиңирген артисти (1993).

КР Эл артисти (2017).

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420-бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Жылдыздар жерде жашашат (автору Ж.Кулмамбетов), Бишкек, "Кыргызстан", 1997. -ISBN 9967-22-633-1

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1]
[2] Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
[3]
[4]