Ат-Башы (Ат-Башы району)

Ат-Башы, Ат-Башы району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Ат-Башы
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын областы
Район Ат-Башы району
Координаттар 41°10′12″ с. ш. 75°48′00″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 10 764[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Ат-Башы (Ат-Башы району) (Кыргызстан)

Ат-БашыКыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Ат-Башы айыл аймагына кирет. Райондун жана айыл аймагынын административдик борбору.

Ат-Башы суусунун оң жээгинде (Кара-Коюн суусу куйган жерге жакын), деңиз деңгээлинен 2060 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 226 км аралыкта. 1929-ж. негизделген. Калкы 12550 (2006). Кыш заводу, наабайкана ж. б. иштейт. 3 орто мектеп, мектеп-интернат, бала бакча, № 32 кесиптик-техникалык окуу жайы, бейтапкана, оорукана, дарыкана, маданият үйү, почта, ашкана, кафе, спорт курулмалары, минералдуу сууну куюштуруучу цех, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, ошондой эле 59 мекеме-ишкана бар. Чек арачыларга эстелик тургузулган. Ат-Башыда кербен сарай (Бишкек - Кашкар соода жолунда) жайгашкан. Кошой-Коргон шаар калдыгы, Чеч-Дөбө айылдын батыш тарабында. Чыгыш тарабында Ат-Башы суусун бойлой тал, терек өскөн токой бар. Кыштак аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн, айылга жакын жерден эл аралык Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт.

Ат-Башынын борборунда орнотулган эстелик. 2021-ж.
Ат-Башынын борборунда орнотулган эстелик. 2021-ж.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]