Кара-Коюн суусу, Ат-Башы району
Кара-Коюн суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 81 км |
| бассейндин аянты | 1 820 км² |
| Суу агымы | |
| Аягы | Ат-Башы, суусу |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Нарын облусу |
| Район | Ат-Башы району |
Кара-Коюн суусу – Ат-Башы суусунун сол куймасы. Ат-Башы районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 81 км, алабынын аянты 1820 км2. Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн Түндүк капталындагы Бел-Кара-Суу ашуусунан башталып, жазы өрөөн аркылуу түндүк-чыгышты карай агат. Суу бойлой созулуп жаткан тектирлердин бийиктиги 20–30 м. Кара-Коюн суусунун өрөөнү Ат-Башы өрөөнүнүн батыш бөлүгүн ээлейт. Алабынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 2000–3100 м. Төмөнкү агымында нугунун өрөөнү саздуу келип, салааларга бөлүнүп, Ат-Башы суусуна куят. Жылдык орточо чыгымы 1,38 м3/сек. Эң чоң чыгымы июль–августта (40,3 м3/сек), эң азы февраль–мартта байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Бурган-Суу, Чойчап, Бел-Тепши (сол); Ичке, Таш-Рабат, Шырыкты, Баш-Келтебек (оң). Боюнда Кара-Суу, Казыбек, Ак-Талаа, Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Дыйкан, Жаңы-Күч кыштагы жайгашкан. Сугатка кеңири пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9