Баш-Келтебек

Википедия дан

Ат-Башы районундагы суу. Кара-Коюндун оң куймасы.
Узундугу 19 км. Алабынын аянты 158 км².
Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4509 м.
Суу куралуу областына кирет.
Ат-Башы кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы Баш-Келтебек ашуусундагы мөңгүдөн башталып, босоголуу кууш нук аркылуу агат. Бир нече куймасы кошулгандан кийин Кара-Коюнга куят. Баш-Келтебекте 9 чакан куйма бар, ириси Кеңеш-Арык.
Жылдык орточо чыгымы 1,50 м³/сек. Эң көбү май – июнда, эң азы январь – февралда байкалат.
Алабында жалпы аянты 3,3 км² келген 14 чакан мөңгү бар.
Сугатка пайдаланылат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.