Ичке

Википедия дан
Ичке
Мүнөздөмө
Узундугу 23 км
бассейндин аянты 148 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу
Район Ат-Башы району

ИчкеАт-Башы районундагы суу, Кара-Коюн суусунун оң куймасы. Узундугу 23 км, алабынын аянты 148 км2. Ат-Башы кырка тоосунун Түндүк-батыш капталынан агып түшөт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4432 м. Куралуу облусуна кирет. Суу өрөөндүн төрүндөгү мөңгүнүн жанындагы чакан көлдөн башталып, кууш колот аркылуу түндүккө агып, бир нече куймалары кошулуп, Жаакташ өтөгүнөн ары Кара-Коюн өрөөнүнө чыгат. Төрүндөгү Жеңи-Ичке ашуусу аркылуу Чатыр-Көл, Ак-Сай өрөөндөрүнө мал ашырылат. Жылдык орточо чыгымы 1,60 м3/сек, эң көбү май, июнда, эң азы февралда байкалат. Алабында жалпы аянты 0,7 км2 келген 4 чакан мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Айрым адабият, карталарда Ичке суусу Жеңичке, Жеңишке деп туура эмес жазылып жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]