Терек

Википедия дан
Кара терек (Populus nigra).

Терек (лат. Populus, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн талдар тукумундагы дарак. Тоn гүлү – сөйкөчө. Шамал аркылуу чаңдашат, эрте жазда гүлдөйт. Мөмөсү кутуча. Көп кездешкени – мырза Терек, кара Терек (Populus nigra), бака Терек, ак Терек (Populus alba), көк Терек, бай Терек, симон Тереги жана тянь-шань Тереги, алар тез өсүп, чарбалык иште кеңири пайдаланылат. Формасы ар түрдүү, жалбырагы жазы, кезектешип жайгашат. Түндүк жарым шардын мелүүн алкагында өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 50дөй, Кыргызстанда 8 түрү кездешет. Уругу өнүмдүүлүгүн тез жоготкондуктан, негизинен калемчесинен жана сабагынан көбөйтүлөт. Терек кагаз, фанера жасоодо, курулушта ж. б. чарбалык иштерде пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]