Бишкек чеби
Бишкек чеби, Пишпек чеби – Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү чыңдоосу. 19-кылымдын 20–30-жылдары Кокон хандыгынын күч-кубаты артып, ээлиги кыйла кеңейет. Ушул жылдарда Түндүк Кыргызстанды да каратып алышкан. Кокон хандыгы өз үстөмдүгүн бекемдөө жана кыргыздарды башкарып туруу үчүн бир катар чеп-коргондорду курган:
- Чүй өрөөнүндө – Бишкек, Токмок, Аксуу, Чалдыбар, Карабалта, Мерке чептери;
- Теңир-Тоодо – Атбашы, Куртка, Тогузторо, Кочкор, Жумгал, Суусамыр чептери;
- Ысык-Көлдө – Тоң, Жаргылчак, Тамга, Барскоон, Каракол чептери Бишкек чебинде жана Куртка чебинде Кокондун бектери турушкан.
Бишкек шаарынын азыркы Жибек Жолу проспекти менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги (мурунку «Ысык-Көл» кинотеатры) Имам Сарахси мечити турган жерде жайгашкан. Бишкек чеби 1825-жылы негизделген. Уламыш боюнча чеп курулган жерде кербендер менен жолоочулар үзүлбөгөн жолдун боюндагы дөңсөөгө солто уруусунун чыгаан жолбашчысы Жоочалыштын урпактарынын бири Бишкек баатырдын сөөгү коюлуп, төбөсү бийик заңгыраган күмбөз тургузулган. Адегенде ал Бишкектин күмбөзү, бейити делчү, кийинчерээк күмбөз жайгашкан жер Бишкек аталып кеткен. Чүй өрөөнү кийин Россиянын карамагына киргизилгенде, орус төрөлөрү өз тилине ыңгайлаштырып, Бишкекти Пишпек деп өзгөртүп алышкан. Бишкек чебинин улугу бек же датка наамын алып жүрчү. Ага Аксуу, Токмок чептери да баш ийген. Адатта чепте 150–170 сарбаз турган. Согуш маалында алардын саны 700гө жетчү. Чеп Аламүдүн суусунун сол жээгинде төрт бурчтуу кош кабат коргон түрүндө курулуп, сырткы дубалынын бир ыптасынын узундугу 150 саржанга, калыңдыгы 4 саржанга барабар болгон (1 саржан 2,13 мге барабар). Аны айланта туурасы 2 саржан терең аң казылган. Бишкек чеби Кокондун Кыргызстандын түндүгүндөгү башкы таянычы болгон. Түндүк Кыргызстанды, ошондой эле Иле чөлкөмүн ушул чепте топтолгон аскерлер көзөмөлдөгөн. Сарбаздардан тышкары Бишкек чебинде кокондук акимдер, бектер, салык-зекет жыйноочулар, ташкендик, маргалаңдык, анжияндык соодагерлер, кол өнөрчүлөр турушчу. Алар кыргыз айылдарында соода-сатык жасашып, жергиликтүү эл менен алакада болушкан. Чептин калкынын жалпы саны 1000 түтүнгө жакын болгон. Бишкек чебин орус аскерлери алгачкы ирет 1860-жылы 31-августта басып алган. Ошондо Атабек датка жана Алишер датка баш болгон 627 сарбаз орус аскерлеринин замбиректен ок атуулар менен коштолгон чабуулуна туруштук бере албай, багынууга аргасыз болушкан. Бишкек чебин 1862-ж. орус аскерлери биротоло ээлеген. Буга Байтик баатырдын көтөрүлүшү да түрткү болгон.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. ISBN ?
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|