Убактылуу өкмөт

Википедия дан

Убактылуу өкмөт

1. Орусиядагы 1917-жылдагы Февраль бурж.-демокр. революциясынан кийин түзүлгөн мамлекеттик бийликтин борбордук органы. Мамлекеттик думанын Убактылуу к-ти менен жумушчу жана солдат депутаттарынын Петроград Совети аткаруу к-тинин эсер-меныневик лидерлеринин макулдугу боюнча түзүлүп, 1917-жылдын 2(15)-мартынан 25-октябрына (7-ноябрына) чейин бийлик жүргүзгөн. Анын курамына бурж.помещик өкүлдөр кирген. Бирок Убактылуу өкмөт менен катар Жумушчу жана солдат депутаттарынын советтери да болгондуктан, өлкөдө кош бийлик орногон. У. ө. бийликти колуна алгандан кийин революция күн тартибине койгон маанилүү маселелердин бирин да чечкен эмес. Ал элге каршы импер. саясат жүргүзүп, согушту «жеңиштүү аяктаганга» чейин улантууну көздөгөн. Бүлгүнгө, ачарчылыкка каршы күрөштө, улуттук, агрардык маселелерди чечпеген. Большевиктер партиясы анын элге каршы саясатынын манызын ашкерелеп, Убактылуу өкмөткө каршы массалык чыгууларды уюштурган (к. Июль кундөру (1917), Июнь демонстрациясы (1917), Июнь кризиси (1917 )). Эсер-меныневиктердин катышуусу менен 1917-ж. 5 майда биринчи, 24-июлда экинчи, 25-сентябрда үчүнчү коалициялык Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Июль кризисинин натыйжасында кош бийлик жоюлуп, контрреволюциячыл буржуазиянын диктатурасы орногон; болыневиктерди куугунтуктоо башталган. Реакциячыл буржуазия Советтерди талкалоо максатында козголоң да чыгарган (к. Корнилов козголоңу). Бул козголоңду болыпевиктердин жетекчилиги менен жумушчулар басып таштаган соң, өкмөттүк кризис кайрадан башталган. Убактылуу өкмөт андан кутулуу максатында директория, предпарламент сыяктуу өкмөттүк органдарды түзсө да, революциянын өсүшүн токтото алган эмес. Болыыевиктер партиясы куралдуу көтөрүлүштү даярдоого багытталган (к. РСДРП(б)нин 6 съезди). 1917-ж. күзүндө өлкөдө революциячыл кризис жетилип, Ленин жетектеген большевиктер партиясы жумушчуларды революцияга баштап чыккан. 26-октябрга караган түнү Убактылуу өкмөт кышкы сарайда камакка алынган (Убактылуу өкмөттүн башчысы Керенский качып кеткен). 25-октябрда (7-ноябрда) ачылган Жумушчу жана солдат депутаттар советтеринин бүткүл россиялык 2-съезди бүткүл бийлик советтерге өткөнүн жарыялап, В. И. Ленин башында турган биринчи Совет өкмөтүн түзгөн (к. Улуу Октябрь социалисттик революциясы);

2. Кыргызстандагы 2010-ж. 7-апрелдеги элдик революциянын негизинде Кыргызстандын аткаруу бийлигинин функцияларын убактылуу аткарган борбордук орган (7. 4. 2010 - июль, 2010). 11-апрелде жарыяланган «Кыргыз стандын Убактылуу өкмөтүнүн № 1 декретине» ылайык Президент институтун (Президент аппараты, секретариаты, Өнүктурүу, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиги, Президенттик кеңеш ж. б.), 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңешти (Кыргызстандын парламентин) таратуу жана мамлекеттик органдарды, ошондой эле коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселеси боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчиси, тышкы иштер боюнча мамлекеттик министр кызматтарын жоюу маселелери каралган. Ошол эле учурда КР референдумунда (2007) кабыл алынган КР Конституциясынын юрид. күчү сакталып, анын негизинде КР Президенти, Жогорку Кеңеш, КР Өкмөтүнө берилген ыйгарым укуктар менен милдеттер КРдин Убактылуу өкмөтүнө жүктөлөрү белгиленген. 2010-ж. 12-апрелде «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотун таратуу жөнүндө» Убактылуу өкмөттүн 2-декрети жарык көргөн. 16-апрелде К. Бакиевдин КРдин Президентиин кызматынан баш тартканы тууралуу арызы жарыяланган. 2010-ж. 19-майдагы Убактылуу өкмөттүн чечими менен «Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндөгү» № 39 жана «Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу» № 40 декрети кабыл алынып, жалпы элдик колдоого ээ болгон. Анын негизинде Убактылуу өкмөттүн курамы бекитилип, ишке киришкен. 2010-ж. 27-июнда өткөн жалпы референдумдун жыйынтыгы боюнча КРдин жаңы Конституциясы жактырылып, Убактылуу өкмөттүн жана КРдин өткөөл мезгилдеги Президентинин расмий орду мыйзамдаштырылган. Убактылуу өкмөт төмөндөгүдөй курамдан турган: Убактылуу өкмөттүн башчысы/ өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын Президенти Р. Отунбаева (2011-жылдын 31-декабрына чейин), Убактылуу өкмөттүн башчысынын 1-орун басары А. Атамбаев (экономика боюнча), Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Т. Сариев (финансы боюнча), Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Ө. Текебаев (конституциялык реформа боюнча), Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары А. Бекназаров (финансы полициясы жана прокуратура органдары боюнча), ички иштер министри Б. Шерниязов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы К. Дуйшөбаев, саламаттык сактоо министри Д. Ниязалиева, Убактылуу өкмөттүн Аппарат жетекчиси Э. Каптагаев, өкмөт мүчөлөрү жана бийлик органдары.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4