Темир доору
Темир доору болжолу б.з.ч. 8-кылымдан башталат. Ал темирден жасалган эмгек жана согуш куралдарынын пайда болушу, кеңири жайылышы менен мүнөздөлөт. Темир доорунун техникалык жагынан эң негизги жетишкендиги кенден темирди нымдуу үйлөө ыкмасы менен алуу болуп саналган. Жаңыдан пайда болгон бышык металлга таш, сөөк, жыгач, ж.б. теңтайлаша алган эмес. Темир буюмдарды коло буюмдардай куюу жолу менен эмес, согуу жолу менен жасалган. Темирди металлдан жасалган дөшүнүн үстүнөн коюп, согуп керектүү формага келтиришкен. Темирди кеңири колдонуунун негизинде калктын чарбалык турмушу жаңы өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Соконун темир тиштери, ороктор, керки сымал куралдар жана башкалар түшүмдүүлүктү бир кыйла жогорулатып, азык-түлүк оокаттарын көбүрөөк даярдоого мүмкүнчүлүк түзгөн. Темир куралдарына жана жабдыктарына болгон муктаждык дыйканчылыктан бөлүнүп чыккан кол өнөрчүлүктүн (темир устачылыктын) пайда болушуна түрткү болгон. Темир доорунун башында көпчүлүк уруулар сооданы дааналай (натуралай) жүргүзүшкөн. Алгачкы жөнөкөй соода патриархалдык-уруулук бирикменин коллективдүү жашоосун бузуп, жеке менчиктин пайда болушуна, өнүгүшүнө жана жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы мүлктүк теңсиздиктин тереңдешине алып келген.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.