Усун

Википедия дан

Усун (кытайча Ву-сун) - Ички жана Борбордук Азияны байырлаган байыркы эл.

Бул эл түрк тилдүү элдердин катарына кирет.

Б.З.Ч. 160-жылдары Ички Азиядан Теңир-Тоо аймагына, анын ичинде Ысык-Көл жана Жети-Суу аймагына хундардын кысымы астында журт которушкан.

Азыркы Кыргызстан аймагындагы Ысык-Көл өрөөнүндө Усун мамлекетинин ордо шаары - Чигу-чен (Кызыл өрөөн) шаары жайгашкан.

Усундар менен Чыгыш Теңир-Тоону жердеген байыркы кыргыздардын да тарыхый алакасы болгон.


Усундар кийинчерээк Улуу Түрк каганатынын курамындагы элдерге жуурулушуп кетишкен.



Пайдаланылган адабияттар:

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.